ДАВАН АРГЫМАКТАРЫ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДАВАН АРГЫМАКТАРЫ''' – б. з. ч. | '''ДАВАН АРГЫМАКТАРЫ''' – биздин заманга чейинки 1-миӊ жылдыктын акыры – биздин замандын 1-миӊ жылдыгынын биринчи жарымында [[Фергана өрөөнү]]ндө жайгашкан Даван (азыркы окулушу Даюань, пиньинь: Dàyuān) мамлекетинин атынан калган асыл тукум [[аргымак]] жылкынын аталышы. Даван аргымактары тууралуу маалымат алгач [[Сыма Цян]]дын б. з. ч. 203–01-жылдары жазылган «[[Тарыхый жазмалар]]» («Ши цзи») деген эмгегинде эскерилет. Анда б. з. ч. 138-жылы [[Хань]] (б. з. ч. 206–б. з. 205) императору У-ди (б.з.ч.141 – 87) талаа [[гунндар]]ына каршы [[юэчжи]]лер менен алака түзүү үчүн [[Чжан Цян]]ды (болжол менен б.з.ч. 164–113) тыңчы катары [[Орто Азия]]га жиберген. Ал жакта баш-аягы 12 жылдай жүрүп, б. з. ч. 126-жылы кайтып келгенден кийин ал жердеги өлкөлөр, ар кайсы уруулар ([[усун]], дася, юечжи ж.б.), алардын жашоосу ж.б. тууралуу толук маалымат берген. Мындан тышкары Чжан Цянь императорго жазган билдирүүсүндө [[Даван мамлекети]] гунндардын батышында, 10 миң ли алыс жерде жайгашканын, аргымак аттар (шань-ма – мыкты ат) көп экенин, алар чуркаганда кызгылт түстөгү тер чыгарын (ханьсюэ-ма) жана алардын тукуму «асман аттарынан» тараганын көрсөткөн. Кошумча билдирүүсүндө Давандагы бийик тоолордо жапайы жылкы көп экенин, аларды колго үйрөтүү мүмкүн болбой, жергиликтүү калк ала түстөгү бээлерин таңдап, тоо этегине коё берип, жапайы жылкы менен аргындаштыра турганын, натыйжада асыл тукум кулундар туулуп, алар чуркаганда кызгылт тер чыгарын түшүндүргөн. Мындан кийин император ал аргымактарды алдырып келип, Кытайда асман жылкыларын өстүрүүнү чечкен. Император У-Ди Даван мамлекетине бир нече жолу элчилерин жиберген, бирок андан майнап чыккан эмес. Чжан Цянь өлгөндөн кийин усундардын элчилери (б.з.ч. 112–111), императорго аргымактарын тартуу кылып келишкен. Ал аргымактар императорго жаккандыктан «асман аттары» деп атыктырган. Б.з.ч. 105-жылы [[Ю шаары]]на (азыркы Өзгөн ш. жаны) келген элчи Че Лин ал аргымактар үчүн көптөгөн алтын-күмүш, анын ичинде уютулган алтындан жасалган аттын [[статуя]]сын сунуш кылган, бирок Даван өлкөсүнүн башчысы Угуа андан карманча баш тартканда ачууга алдырган элчи алтын атты талкалап салган. Давандыктар да жини келип, элчилердин башын алып, оокат-мүлкүн бөлүп кетишкен. Натыйжада император күч колдонуудан башка арга таппай, Ли Гуанлиге «Эрши генералы» (цзянцзюнь) деген ысым ыйгарып, 6000 атчан жана бир нече он миңдеген жөө аскер менен Даванга жөнөткөн. Жолдо көптөгөн кыйынчылыктардан (азык-түлүк, жем-чөптөрдүн жетишсиздиги, гунндардын кол салышы ж.б.) кийин Ю шаарына бир нече миң гана жоокер жеткен. Шаарды алган, бирок Эршиге (болжол менен азыркы [[Өзбек Республикасы]]нын Анжиян облусундагы Мархамат шаарына жакын байыркы Миң-Дөбө шаар калдыгы) каршы жүрүш кылуу мүмкүн эместигин көрүп, артка кайткан. Эки жылдан соң чек арадагы Дуньхуан чебине (азыркы Ганьсу провинциясында) он кишиден экөө гана аман келген. Б.з.ч. 102-жылы Даванга каршы император жардамчы-коштоочулардан тышкары 60 миң аскерин аттандырган. Эрши шаарына 30 миң жоокер жетип, шаарды алгандан кийин Угуа өлүм жазасына тартылган. 101-жылы бир нече ондогон аргымак жана 3 миң жөнөкөй жылкы менен кайтып кетишкен. Алар келгенде император батыштан келген асман аттары тууралуу атайын ырын чыгарган. Даван аргымактарынын аска-таштарга чегилген сүрөттөрү [[Ош шаары]]нын түндүк-батышындагы Айырмач-Тоо (Сүрөт-Таш) жана Араван районунан табылган (кара: [[Аргымак]]). Алардын башы кичирээк, ичи тартылган, шыйрагы ичке түрүндө чегилип, асыл тукум жылкы экени ачык байкалат. | ||
Ад.: Бичурин Н.Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. II. М.; Л., 1950. | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
10:32, 3 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДАВАН АРГЫМАКТАРЫ – биздин заманга чейинки 1-миӊ жылдыктын акыры – биздин замандын 1-миӊ жылдыгынын биринчи жарымында Фергана өрөөнүндө жайгашкан Даван (азыркы окулушу Даюань, пиньинь: Dàyuān) мамлекетинин атынан калган асыл тукум аргымак жылкынын аталышы. Даван аргымактары тууралуу маалымат алгач Сыма Цяндын б. з. ч. 203–01-жылдары жазылган «Тарыхый жазмалар» («Ши цзи») деген эмгегинде эскерилет. Анда б. з. ч. 138-жылы Хань (б. з. ч. 206–б. з. 205) императору У-ди (б.з.ч.141 – 87) талаа гунндарына каршы юэчжилер менен алака түзүү үчүн Чжан Цянды (болжол менен б.з.ч. 164–113) тыңчы катары Орто Азияга жиберген. Ал жакта баш-аягы 12 жылдай жүрүп, б. з. ч. 126-жылы кайтып келгенден кийин ал жердеги өлкөлөр, ар кайсы уруулар (усун, дася, юечжи ж.б.), алардын жашоосу ж.б. тууралуу толук маалымат берген. Мындан тышкары Чжан Цянь императорго жазган билдирүүсүндө Даван мамлекети гунндардын батышында, 10 миң ли алыс жерде жайгашканын, аргымак аттар (шань-ма – мыкты ат) көп экенин, алар чуркаганда кызгылт түстөгү тер чыгарын (ханьсюэ-ма) жана алардын тукуму «асман аттарынан» тараганын көрсөткөн. Кошумча билдирүүсүндө Давандагы бийик тоолордо жапайы жылкы көп экенин, аларды колго үйрөтүү мүмкүн болбой, жергиликтүү калк ала түстөгү бээлерин таңдап, тоо этегине коё берип, жапайы жылкы менен аргындаштыра турганын, натыйжада асыл тукум кулундар туулуп, алар чуркаганда кызгылт тер чыгарын түшүндүргөн. Мындан кийин император ал аргымактарды алдырып келип, Кытайда асман жылкыларын өстүрүүнү чечкен. Император У-Ди Даван мамлекетине бир нече жолу элчилерин жиберген, бирок андан майнап чыккан эмес. Чжан Цянь өлгөндөн кийин усундардын элчилери (б.з.ч. 112–111), императорго аргымактарын тартуу кылып келишкен. Ал аргымактар императорго жаккандыктан «асман аттары» деп атыктырган. Б.з.ч. 105-жылы Ю шаарына (азыркы Өзгөн ш. жаны) келген элчи Че Лин ал аргымактар үчүн көптөгөн алтын-күмүш, анын ичинде уютулган алтындан жасалган аттын статуясын сунуш кылган, бирок Даван өлкөсүнүн башчысы Угуа андан карманча баш тартканда ачууга алдырган элчи алтын атты талкалап салган. Давандыктар да жини келип, элчилердин башын алып, оокат-мүлкүн бөлүп кетишкен. Натыйжада император күч колдонуудан башка арга таппай, Ли Гуанлиге «Эрши генералы» (цзянцзюнь) деген ысым ыйгарып, 6000 атчан жана бир нече он миңдеген жөө аскер менен Даванга жөнөткөн. Жолдо көптөгөн кыйынчылыктардан (азык-түлүк, жем-чөптөрдүн жетишсиздиги, гунндардын кол салышы ж.б.) кийин Ю шаарына бир нече миң гана жоокер жеткен. Шаарды алган, бирок Эршиге (болжол менен азыркы Өзбек Республикасынын Анжиян облусундагы Мархамат шаарына жакын байыркы Миң-Дөбө шаар калдыгы) каршы жүрүш кылуу мүмкүн эместигин көрүп, артка кайткан. Эки жылдан соң чек арадагы Дуньхуан чебине (азыркы Ганьсу провинциясында) он кишиден экөө гана аман келген. Б.з.ч. 102-жылы Даванга каршы император жардамчы-коштоочулардан тышкары 60 миң аскерин аттандырган. Эрши шаарына 30 миң жоокер жетип, шаарды алгандан кийин Угуа өлүм жазасына тартылган. 101-жылы бир нече ондогон аргымак жана 3 миң жөнөкөй жылкы менен кайтып кетишкен. Алар келгенде император батыштан келген асман аттары тууралуу атайын ырын чыгарган. Даван аргымактарынын аска-таштарга чегилген сүрөттөрү Ош шаарынын түндүк-батышындагы Айырмач-Тоо (Сүрөт-Таш) жана Араван районунан табылган (кара: Аргымак). Алардын башы кичирээк, ичи тартылган, шыйрагы ичке түрүндө чегилип, асыл тукум жылкы экени ачык байкалат.
Ад.: Бичурин Н.Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. II. М.; Л., 1950.