БОБСЛЕЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОБСЛЕ́Й ''' (англ. bobsleigh) – бобслей же боб деп аталган башкарылма чанада атайын жасалма тоодогу тик муз жол менен тез түшүү. Чананын формасы сүйрү, бүтүндөй темирден жасалган чанагы (кузов) эки жуп сыйгаланма конькиге бекиген – кыймылдуу алдыӊкысына руль бекийт жана арткысы кыймылсыз, токтоткуч (тормоз) орнотулган. Чана 2 орундуу (узундугу 2,7 ''м,'' салмагы 165 ''кг'') жана 4 орундуу (3,8 ''м'', 230 ''кг'') болот. Бобслей алгач 19-кылымдын аягында Швейцарияда пайда болгон, көп өтпөй анын эрежелери иштелип чыгып, Санкт-Морицеде (1902) алгачкы трасса курулган. Биринчи мелдешке аялдар жана эркектер катышкан, 1900-жылдан эркектер гана катышат. Бобслейдин жана тобоггандын Эл аралык федерациясы (1923-жылы уюшулган) 40тан ашык улуттук федерацияны камтыйт (2005). Ал Швейцария, АКШ, Италия, Швеция, Германия, Польша жана Россияда өнүккөн.<br/> | |||
[[File:БОБСЛЕЙ38.png | thumb | none]] | |||
[[Category: 2-том]] |
18:06, 3 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
БОБСЛЕ́Й (англ. bobsleigh) – бобслей же боб деп аталган башкарылма чанада атайын жасалма тоодогу тик муз жол менен тез түшүү. Чананын формасы сүйрү, бүтүндөй темирден жасалган чанагы (кузов) эки жуп сыйгаланма конькиге бекиген – кыймылдуу алдыӊкысына руль бекийт жана арткысы кыймылсыз, токтоткуч (тормоз) орнотулган. Чана 2 орундуу (узундугу 2,7 м, салмагы 165 кг) жана 4 орундуу (3,8 м, 230 кг) болот. Бобслей алгач 19-кылымдын аягында Швейцарияда пайда болгон, көп өтпөй анын эрежелери иштелип чыгып, Санкт-Морицеде (1902) алгачкы трасса курулган. Биринчи мелдешке аялдар жана эркектер катышкан, 1900-жылдан эркектер гана катышат. Бобслейдин жана тобоггандын Эл аралык федерациясы (1923-жылы уюшулган) 40тан ашык улуттук федерацияны камтыйт (2005). Ал Швейцария, АКШ, Италия, Швеция, Германия, Польша жана Россияда өнүккөн.
