БОЁО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary Белги: Manual revert |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' БОЁО''' – 1) | '''БОЁО ''' – 1) кол өнөрчүлүктө жүн, кийиз, тери жана жыгачка түрдүү түс берүү. Боёлуучу буюм менен боёктун сапатына, касиетине жараша Боёонун түрдүү ыкмалары колдонулат. Чеберлер кийиз оюмдарын, сайма, килем, таар, чий көчөттөрүн, түймө чачыктарын, тери буюмдарын жана башкаларды жасоодо буюмду кызыл, жашыл, көк, кара түстөгү боёкторго боёп, кооздуктарды жаратышат. Ар кандай буюмду боёнун ыгын билген боёкчу табигый боёкторду (ышкын түп, чие, тоо талы, шилби, бөрү карагат, алманын күзгү жалбырагы, чөөл чүкүрү, анардын кабыгы, жошо жана башкаларды) пайдаланат. Мисалы, ышкын түп менен боёо үчүн кеч күздө тоодон казып, кабыгын кырып, кертип кургатып, жыгач сокуга жанчат. Теринин бетин жибитип, ага чыланган ышкын түптү текшилеп жаап, ороп коёт. Боёк бир топ күндө сиӊет. Кийиз жана жүн буюмдары чиенин тамырынан жасалган боёктон кызыл түскө, бөрү карагаттын кургатылган тамырынан сары түскө боёлсо, жошо боз үйдүн жыгачтарын боёгонго колдонулат; 2) химиялык жол менен текстиль материалдары, кагаз, тери жана пластмассаларга түс берүү.<br/>''Ө. Осмонов.'' | ||
''Ө. Осмонов.'' [[Category: 2-том | [[Файл:Изображение 2024-06-20 143143945.png|alt=Шырдактын боёгу|left|thumb|Шырдактын боёгу]] | ||
[[Файл:Изображение 2024-06-20 142939084.png|alt=Жип боёо|thumb|Жип боёо]] | |||
[[Category: 2-том]] |
18:11, 3 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
БОЁО – 1) кол өнөрчүлүктө жүн, кийиз, тери жана жыгачка түрдүү түс берүү. Боёлуучу буюм менен боёктун сапатына, касиетине жараша Боёонун түрдүү ыкмалары колдонулат. Чеберлер кийиз оюмдарын, сайма, килем, таар, чий көчөттөрүн, түймө чачыктарын, тери буюмдарын жана башкаларды жасоодо буюмду кызыл, жашыл, көк, кара түстөгү боёкторго боёп, кооздуктарды жаратышат. Ар кандай буюмду боёнун ыгын билген боёкчу табигый боёкторду (ышкын түп, чие, тоо талы, шилби, бөрү карагат, алманын күзгү жалбырагы, чөөл чүкүрү, анардын кабыгы, жошо жана башкаларды) пайдаланат. Мисалы, ышкын түп менен боёо үчүн кеч күздө тоодон казып, кабыгын кырып, кертип кургатып, жыгач сокуга жанчат. Теринин бетин жибитип, ага чыланган ышкын түптү текшилеп жаап, ороп коёт. Боёк бир топ күндө сиӊет. Кийиз жана жүн буюмдары чиенин тамырынан жасалган боёктон кызыл түскө, бөрү карагаттын кургатылган тамырынан сары түскө боёлсо, жошо боз үйдүн жыгачтарын боёгонго колдонулат; 2) химиялык жол менен текстиль материалдары, кагаз, тери жана пластмассаларга түс берүү.
Ө. Осмонов.

