БИШКЕК ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕКТР БОРБОРУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
5 сап: 5 сап:




[[Category: 2-том, бүтө элек]]
[[Category: 2-том ]]

04:24, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

БИШКЕК ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕКТР БОРБОРУ (БЖЭБ) – «Электр станциялары» ААКдын филиалы; Кыргызстандын негизги жылуулук электр станциясы; Бишкек шаары үчүн электр, ысык суу ж-а буу өндүрүүчү башкы ишкана. Анын курулушу 1958-жылы башталган. Биринчи агрегаты 1961-жылы 14-сентябрда ишке киргизилген. Негизги отуну – таш көмүр. 2004-жылы борбордун аныкталган электрдик кубаттуулугу 678 миӊ кВт, жылуулук кубаттуулугу – 2022,4 Гкал/с болгон. Ага 11 агрегат, 24 буу казаны орнотулган (2006). Буу казандарынын жалпы өндүрүмдүүлүгү саатына 4250 т, буу казандарындагы басым 100 атмосфера, температурасы 540°С. Отун катары жаратылыш газы, көмүр, мазут колдонулат.


Бишкек жылуулук электр борбору.