ДИКТОФОН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДИКТОФО́Н (лат. dicto – сүйлөп берем, phōne – үн, сөз) – сүйлөгөн сөздү магнит тасмасына түшүрүп алып, аны кагазга жазуу үчүн кайра угузуучу атайын аппарат; магнитофондун бир түрү. Д. лекцияны, аңгемелешүүнү, чогулуш ж-а кеңешмелерде сүйлөнгөн сөздөрдү, телефон м-н жана диспетчердик сүйлөшүүлөрдү жазып алууда колдонулат. Тынымсыз түрдө жазып алуу мүмкүнчүлүгү бир нече минуттан бир нече саат­ка чейин болот. Д. көтөрүп жүрмө (порта­тивдик) ж-а орнотулма болуп айырмаланат. Магнитофонго караганда Д-дун жыштык өткө­рүү тилкеси кууш (300–4500 гц) болгондуктан, үн жай жазылат. Жаңы жазуу жазылганда, мурдагысы өзү эле өчөт. Д-до тасманы эки ба­гытта жылдырып, кайра түрүү ылдамдыгы тез­детилген.