ДИНА: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ДИ́НА''' Нурпейисова (1861, Казакстан, Жаңы­кала р-ну – 31. 1. 1955, Алматы) – домбрачы, күүчү, композитор, казак мад-тынын көрүнүктүү ишмери, Казак эл арт. (1944). Д. 8–9 жашында домбра чертүүнү үйрөнгөн. Курмангазы м-н жо­лугушуусу (1870) чыг-лык жолунда чечүүчү роль ойногон. Курмангазы Д-нын талантына көңүлү толуп, ага чоң үмүт артат, өзүнө шакирт кы­лып алат. Д. устатынан күүчүлүк-аткаруучулук | ||
өнөрүнүн өзгөчөлүктөрүн, стилин, чеберчилигин | |||
өздөштүрүп, мектебинен өтүү Д-нын домб­рачылык өнөрүн өргө көтөрөт. Ал өзү да күү чы­гара баштайт. Д-нын алгачкы «Булбул», «Бай­жума», «Көгөнтүп» аттуу күүлөрүндө элдин | |||
[[File:ДИНА5.png | thumb | none]] | |||
[[File:ДИНА100.png | thumb | none]]күүчүлүк салты ачык-айкын сезилет. Д-нын чыг-лыгы­нын такшалышы, күүчүлүк­аткаруучулук өнөрүнүн өр­күндөшү совет дооруна туш келди. 1937-ж. Элдик өнөр­поздордун респ. кароосунда 1-байгеге ээ болгон, 1939-ж. Москвада өткөн элдик му­зыка аспаптарында атка­руучулардын бүткүл союздук | |||
кароосунда 1-орунду ээлеп, «Домбранын Жамбы­лы» аталган. Анын салтанаттуу, өзгөчө бир шаттыкка толгон «Той баштары», көркөм ыр­гактуу «Булбулу» м-н «Асемкоңуру» – жагым­дуу үн, терең мазмун м-н жаңы багыттагы казак күүлөрүнө негиз салган чоң табылга. Күүчү мез­гил чындыгын чыгармаларында бийик чабыт, толкундатуучу сезим м-н күүгө салды («Жеңиш», | |||
«Эне аманаты», «Сегизинчи март», «Саанчы», | |||
«Эмгек баатыры» ж. б.). Курмангазынын, Дав­леткерейдин, Түркештин салтын өнүктүрүп, өз мезгилиндеги казак күүчүлүк өнөрүн жаңы би­йиктикке көтөрдү. Анын чыг-лыгы, чеберчили­ги тууралуу А. Жубанов, Г. Бисенова, Ж. Рсал­дин ж. б. изилдөөчүлөр жазды. С. Бакбергенов­дун «Кайран энем» (1963) романы, башка көптө­гөн эмгектер жаралды. Д-нын аты муз. мектеп­терге, шаар көчөлөрүнө коюлган. 1996-жылдан жыл сайын домбрачы жаш өспүрүм кыздар ара­сында Д. атн. «Булбул домбра» аттуу респ. ка­роо өткөрүлөт. Д. эки Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. | |||
Ад.: Казактардын музыкалык маданияты. А.-А., 1957; ''Жубанов А.'' Гасырлар пернеси (Кылымдар кы­лы). А.-А., 1975; ''Ахметова М., Ерзакович Б., Жуба­нов А.'' Советтик Казакстандын музыкасы. А.-А., 1975. | |||
''Ч. Жумагулов.'' [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | |||
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДИ́НА Нурпейисова (1861, Казакстан, Жаңыкала р-ну – 31. 1. 1955, Алматы) – домбрачы, күүчү, композитор, казак мад-тынын көрүнүктүү ишмери, Казак эл арт. (1944). Д. 8–9 жашында домбра чертүүнү үйрөнгөн. Курмангазы м-н жолугушуусу (1870) чыг-лык жолунда чечүүчү роль ойногон. Курмангазы Д-нын талантына көңүлү толуп, ага чоң үмүт артат, өзүнө шакирт кылып алат. Д. устатынан күүчүлүк-аткаруучулук өнөрүнүн өзгөчөлүктөрүн, стилин, чеберчилигин өздөштүрүп, мектебинен өтүү Д-нын домбрачылык өнөрүн өргө көтөрөт. Ал өзү да күү чыгара баштайт. Д-нын алгачкы «Булбул», «Байжума», «Көгөнтүп» аттуу күүлөрүндө элдин


күүчүлүк салты ачык-айкын сезилет. Д-нын чыг-лыгынын такшалышы, күүчүлүкаткаруучулук өнөрүнүн өркүндөшү совет дооруна туш келди. 1937-ж. Элдик өнөрпоздордун респ. кароосунда 1-байгеге ээ болгон, 1939-ж. Москвада өткөн элдик музыка аспаптарында аткаруучулардын бүткүл союздук
кароосунда 1-орунду ээлеп, «Домбранын Жамбылы» аталган. Анын салтанаттуу, өзгөчө бир шаттыкка толгон «Той баштары», көркөм ыргактуу «Булбулу» м-н «Асемкоңуру» – жагымдуу үн, терең мазмун м-н жаңы багыттагы казак күүлөрүнө негиз салган чоң табылга. Күүчү мезгил чындыгын чыгармаларында бийик чабыт, толкундатуучу сезим м-н күүгө салды («Жеңиш», «Эне аманаты», «Сегизинчи март», «Саанчы», «Эмгек баатыры» ж. б.). Курмангазынын, Давлеткерейдин, Түркештин салтын өнүктүрүп, өз мезгилиндеги казак күүчүлүк өнөрүн жаңы бийиктикке көтөрдү. Анын чыг-лыгы, чеберчилиги тууралуу А. Жубанов, Г. Бисенова, Ж. Рсалдин ж. б. изилдөөчүлөр жазды. С. Бакбергеновдун «Кайран энем» (1963) романы, башка көптөгөн эмгектер жаралды. Д-нын аты муз. мектептерге, шаар көчөлөрүнө коюлган. 1996-жылдан жыл сайын домбрачы жаш өспүрүм кыздар арасында Д. атн. «Булбул домбра» аттуу респ. кароо өткөрүлөт. Д. эки Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Казактардын музыкалык маданияты. А.-А., 1957; Жубанов А. Гасырлар пернеси (Кылымдар кылы). А.-А., 1975; Ахметова М., Ерзакович Б., Жубанов А. Советтик Казакстандын музыкасы. А.-А., 1975. Ч. Жумагулов.