ДИНИЙ СЕКТАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДИНИЙ СЕКТАЛАР (лат. seсta – окуу, багыт, мектеп) – өзүнчө диний көз караштарды жетек­чиликке алып, жалпы динден бөлүнүп чыккан динчилер тобу. Бардык эле диндерде секталык агымдар, топтор, уюмдар бар. Өзүлөрү туткан көз караш, ой-пикирлерди, принциптерди ж-а доктриналарды өзгөчө деп эсептеп, башкалар­дан жогору коюшат, аларга фанатизм мүнөздүү. 20-к-дын соңунда адамзаттын рухий дүйнөсүнө олуттуу таасири бар социализм өз идеологиясы м-н урагандан кийин Д. с. пайда болгон. Д. с. ортосунда боло бере турган идеялык көз караш­тардагы, конфессиялык ич ара мамилелердеги пикир келишпегендиктерди, айрым олуттуу карама-каршылыктарды саясий экстремисттер улут аралык, өлкөлөр ичиндеги гана эмес, эл аралык жаңжалдарга айлантып жиберүү кор­кунучтарын түзүүдө. Ошол эле убакта айрым Д. с-лардын башка түргө өтүшү же социалдык шарттарга ылайыкташып, өзүнөн-өзү жоюлуп кеткен учурлары да кездешет.