ДИСПЛЕЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДИСПЛЕ́Й (англ. display – чагылдыруу түзүлүшү, көрсөтүү), м о н и т о р – жеке компьютердин текст ж-а чийме маалыматты экранда көрсөтүүчү негизги түзүлүшү. Д. үчүн электрондук-нур түтүкчөсү, плазмалык матрицалар, суюк крис­таллдык көрсөткүчтөр ж. б. приборлор колдо­нулат. Экрандын д и а г о н а л ы н ы н

өлчөмү ж-а экран­дын маска када­м ы, ч агыл ды­руунун эң чоң ре­генерация жыш­тыгы, коргонуу классы Д-дин не­гизги керектүү па­раметрлери болуп эсептелет. Д. монохромдуу (бир түстүү) ж-а түстүү болуп, кинескопторунун демейдеги диагоналы 14төн 21 дюймга чейин жетет. Д-де бир учурда көрсөтүлө турган түстөрдүн саны тактада орно­тулган видео адаптердин эсинин көлөмүнө жа­раша болот. Түстүү монитордун 16 млндон ашык түстү көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар.