ДИССОЦИАЦИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИССОЦИА́ЦИЯ (лат. dussociatio – ажыроо) – молекулалар, радикалдар же иондордун мол. массалары кичине болгон бир нече бөлүкчөлөргө ажырашы. Д-нын 3 түрү бар: электролиттик диссоциацияда электролиттер эригенде алардын молекулалары иондорго ажырайт (КОН→К++ОН- ; фотодиссоциация жарыктын
таасиринен, термиялык Д. темп-раны жогорулатканда жүрөт. Д-ны сан жагынан мүнөздөө
үчүн Д. даражасы колдонулат. Аны Д-га учураган (ажыраган) молекулалардын санын алардын жалпы санына болгон катышы аркылуу табат.