ДҮКӨНӨК МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ДҮКӨНӨК МӨҢГҮСҮ – Түркстан кырка тоосу­нун түн. капталындагы татаал өрөөн тибинде­ги мөңгү. Уз. 5,0 км, аянты 5,3 км2. Каравшин суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4930 м, этеги 3480 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3888 м. Абляция облусу­нун аянты 1,6 км2. Фирн облусу кырка тоонун дого сымал ийилген кыры м-н чектелген жазы төрдү ээлейт. Мөңгүдөн Орто-Чачма суусунун (Ка­равшиндин сол куймасы) башаты – Дүкөнөк суусу башталат.