ДИДАКТИКАЛЫК АДАБИЯТ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
[[Категория:3-том, | '''ДИДАКТИКАЛЫК АДАБИЯТ''' – акыл-насаат м-н тарбиялоо максатын көздөгөн ар кыл жанр­дагы чыгармалар (икая, поэма, повесттер). Анын башаты – фольклор. Дидактикалык адабият философиялык, ди­ний, адеп-ахлактык идеяларды ж-а илим-би­лимдерди көркөм сөз түрүндө баяндайт. Илим м-н искусство бири-биринен ажырай электе, мисалы, алгачкы жамааттык коомдо, Дидактикалык адабият дүйнөнү аң­дап билүүнүн баёо түрү болгон. Бирок илимий ж-а философиялык түшүндүрүүнүн атайын түрлөрү пайда бо­луп, алар өз алдынча бөлүнүп чыкканда, ай­рыкча жаңы доордо Дидактикалык адабият үчүн көркөм түрү «олут­туу жана кургак акыл-насаатка ажарлуу мүнөз берчү сырткы боёкко» (Гегель) айланып калган. Анык Дидактикалык адабияттын үлгүлөрүндө ''синкретизмдин'' белгилери ачык көрүнөт. Алар: антикалык ад­абиятта Гесиоддун моралдык-дыйканчылык темасы­на арналган «Эмгек жана күндөр», Лукреций­дин «Заттардын табияты жөнүндө» деген фи­лософиялык поэмалары, Горацийдин «Поэзия илими» аттуу каты, Иранда Зороастрдын трактаттары, Руста «Владимир Мономахтын акыл-насааты». Байыртадан ж-а орто кылымда нукура Дидактикалык адабият м-н катар диний, философиялык, этикалык мүнөздөгү ди­дактикалык чыгармалар да, ал турсун атайын жанрлар да түзүлгөн. Жаңы доордо да айрым акындар ж-а илимпоздор Дидактикалык адабиятка кайрылыш­кан (Н. Буало, «Поэтика өнөрү»; А. Поп, «Адам жөнүндө тажрыйба»; И. В. Гёте, «Өсүмдүктөрдүн метаморфозасы»; М. В. Ломоносов, «Айнектин пайдасы жөнүндө кат»). 19-кылымдан тартып «ди­дактикалык» деген түшүнүк искусствого карата терс (карандай акылдан пайда болгон, бир жактуу үгүт-насыят) мааниге өттү. Кыргыз адабиятынын та­рыхында Дидактикалык адабият айрыкча акындар поэзиясында адеп-ахлак, жүрүм-турум, өмүр, жашоо, үй-бүлө, сүйүү, жек көрүү, адилеттик, арамзалык, жаман­жакшы, ак-кара жөнүндө түздөн-түз айтылган акыл-­насаат ырлары катары кеңири өнүккөн. Көбүнчө санат-термелерде, лирикаларда кездешет. | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
09:47, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИДАКТИКАЛЫК АДАБИЯТ – акыл-насаат м-н тарбиялоо максатын көздөгөн ар кыл жанрдагы чыгармалар (икая, поэма, повесттер). Анын башаты – фольклор. Дидактикалык адабият философиялык, диний, адеп-ахлактык идеяларды ж-а илим-билимдерди көркөм сөз түрүндө баяндайт. Илим м-н искусство бири-биринен ажырай электе, мисалы, алгачкы жамааттык коомдо, Дидактикалык адабият дүйнөнү аңдап билүүнүн баёо түрү болгон. Бирок илимий ж-а философиялык түшүндүрүүнүн атайын түрлөрү пайда болуп, алар өз алдынча бөлүнүп чыкканда, айрыкча жаңы доордо Дидактикалык адабият үчүн көркөм түрү «олуттуу жана кургак акыл-насаатка ажарлуу мүнөз берчү сырткы боёкко» (Гегель) айланып калган. Анык Дидактикалык адабияттын үлгүлөрүндө синкретизмдин белгилери ачык көрүнөт. Алар: антикалык адабиятта Гесиоддун моралдык-дыйканчылык темасына арналган «Эмгек жана күндөр», Лукрецийдин «Заттардын табияты жөнүндө» деген философиялык поэмалары, Горацийдин «Поэзия илими» аттуу каты, Иранда Зороастрдын трактаттары, Руста «Владимир Мономахтын акыл-насааты». Байыртадан ж-а орто кылымда нукура Дидактикалык адабият м-н катар диний, философиялык, этикалык мүнөздөгү дидактикалык чыгармалар да, ал турсун атайын жанрлар да түзүлгөн. Жаңы доордо да айрым акындар ж-а илимпоздор Дидактикалык адабиятка кайрылышкан (Н. Буало, «Поэтика өнөрү»; А. Поп, «Адам жөнүндө тажрыйба»; И. В. Гёте, «Өсүмдүктөрдүн метаморфозасы»; М. В. Ломоносов, «Айнектин пайдасы жөнүндө кат»). 19-кылымдан тартып «дидактикалык» деген түшүнүк искусствого карата терс (карандай акылдан пайда болгон, бир жактуу үгүт-насыят) мааниге өттү. Кыргыз адабиятынын тарыхында Дидактикалык адабият айрыкча акындар поэзиясында адеп-ахлак, жүрүм-турум, өмүр, жашоо, үй-бүлө, сүйүү, жек көрүү, адилеттик, арамзалык, жаманжакшы, ак-кара жөнүндө түздөн-түз айтылган акыл-насаат ырлары катары кеңири өнүккөн. Көбүнчө санат-термелерде, лирикаларда кездешет.