ДЕӉИЗ ТАШ БАКАЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ДЕӉИЗ ТАШ БАКАЛАРЫ''' (Cheloniidae) – таш
'''ДЕӉИЗ ТАШ БАКАЛАРЫ''' (Cheloniidae) – таш бакалардын түркүмү. Жумурткалоо үчүн гана деӊиз жээгине чыгып, калган мезгилде бүт суу­да жашоочу ири жаныбар. Калканы анча би­йик эмес келип, сүзүүгө ылайыкталган. Кыска мойнундагы башы чопкуттун алдына толук жа­шырылбайт. Буттары калак сымал, алдыӊкы­лары арткысынан узун. Алардын белгилүү 4 уруусунун бирден түрү бар. Ж а ш ы л  т а ш б а к а – эӊ чоӊ, калканынын узундугу 1,4 ''м'', салмагы 400 ''кг''га жетет. Эти даамдуу, жумурткасы та­мак катары пайдаланылат. Деңиз таш бакалары суу тереӊди­гинде жакшы сүзөт, чумкуйт, азык ж-а көбөйүү үчүн ыӊгайлуу жай издеп, 2000 ''км''ге чейин сүзүп барат. Алар 200гө чейин жумуртка тууйт. Деӊиз балырлары, моллюскалар, балыктар, рак сыяктуулар ж. б. м-н азыктанат. Саны азаюу­да. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган. [[Category: 3-том, 5-85 бб]]
бакалардын түркүмү. Жумурткалоо үчүн гана деӊиз жээгине чыгып, калган мезгилде бүт суу­да жашоочу ири жаныбар. Калканы анча би­йик эмес келип, сүзүүгө ылайыкталган. Кыска мойнундагы башы чопкуттун алдына толук жа­шырылбайт. Буттары калак сымал, алдыӊкы­лары арткысынан узун. Алардын белгилүү 4 уруусунун бирден түрү бар. Ж а ш ы л  т а ш б а к а – эӊ чоӊ, калканынын узундугу 1,4 ''м'', салмагы 400 ''кг''га жетет. Эти даамдуу, жумурткасы та­мак катары пайдаланылат. Деңиз таш бакалары суу тереӊди­гинде жакшы сүзөт, чумкуйт, азык ж-а көбөйүү үчүн ыӊгайлуу жай издеп, 2000 ''км''ге чейин сүзүп барат. Алар 200гө чейин жумуртка тууйт. Деӊиз балырлары, моллюскалар, балыктар, рак сыяктуулар ж. б. м-н азыктанат. Саны азаюу­да. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган. [[Category: 3-том, 5-85 бб]]

03:26, 9 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ДЕӉИЗ ТАШ БАКАЛАРЫ (Cheloniidae) – таш бакалардын түркүмү. Жумурткалоо үчүн гана деӊиз жээгине чыгып, калган мезгилде бүт суу­да жашоочу ири жаныбар. Калканы анча би­йик эмес келип, сүзүүгө ылайыкталган. Кыска мойнундагы башы чопкуттун алдына толук жа­шырылбайт. Буттары калак сымал, алдыӊкы­лары арткысынан узун. Алардын белгилүү 4 уруусунун бирден түрү бар. Ж а ш ы л т а ш б а к а – эӊ чоӊ, калканынын узундугу 1,4 м, салмагы 400 кгга жетет. Эти даамдуу, жумурткасы та­мак катары пайдаланылат. Деңиз таш бакалары суу тереӊди­гинде жакшы сүзөт, чумкуйт, азык ж-а көбөйүү үчүн ыӊгайлуу жай издеп, 2000 кмге чейин сүзүп барат. Алар 200гө чейин жумуртка тууйт. Деӊиз балырлары, моллюскалар, балыктар, рак сыяктуулар ж. б. м-н азыктанат. Саны азаюу­да. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.