ДИАПАУЗА: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИАПА́УЗА''' (гр. diāpasis – тыныгуу) – көпчүлүк жаныбарлардын өөрчүүсүндөгү зат алмашуунун кескин төмөндөшү ж-а форма түзүүчү процесстер­дин токтолушу м-н мүнөздөлгөн | '''ДИАПА́УЗА''' (гр. diāpasis – тыныгуу) – көпчүлүк жаныбарлардын өөрчүүсүндөгү зат алмашуунун кескин төмөндөшү ж-а форма түзүүчү процесстер­дин токтолушу м-н мүнөздөлгөн физиологиялык тереӊ тыным мезгили. Диапаузанын башталышы метамор­фозаны ж-а өөрчүүнү иретке салуучу нейроэндок­рин системасынын өзгөрүүлөрү же өөрчүүгө тос­коол болуучу атайын гормондордун бөлүнүп чы­гышы м-н шартталат. Организмдеги диапауза м-н өөр­чүүнүн муун алмашуусун мезгилдик цикл жа­ратат. Курт-кумурскаларда диапаузанын башталышын шарттоочу маанилүү экологиялык факторлорго күндүн узактыгы ж-а температура кирет. Диапаузанын токтолушу ж-а өөрчөөнүн калыбына келиши организмге төмөнкү температуранын же күн жарыгынын узак­ка таасир этүүсүнөн келип чыгат. Ар кайсы түр­дөгү курт-кумурскалардын диапаузасы алардын тири­чилигиндеги белгилүү гана баскычтарга туш ке­лет. Алсак, курт-кумурскалардагы диапауза эмбрион­дук ж-а имаголук болуп бөлүнөт. Диапауза учурунда организмдин сырткы ыӊгайсыз шарттарга бол­гон байымдуулугу артат. | ||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
10:55, 9 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИАПА́УЗА (гр. diāpasis – тыныгуу) – көпчүлүк жаныбарлардын өөрчүүсүндөгү зат алмашуунун кескин төмөндөшү ж-а форма түзүүчү процесстердин токтолушу м-н мүнөздөлгөн физиологиялык тереӊ тыным мезгили. Диапаузанын башталышы метаморфозаны ж-а өөрчүүнү иретке салуучу нейроэндокрин системасынын өзгөрүүлөрү же өөрчүүгө тоскоол болуучу атайын гормондордун бөлүнүп чыгышы м-н шартталат. Организмдеги диапауза м-н өөрчүүнүн муун алмашуусун мезгилдик цикл жаратат. Курт-кумурскаларда диапаузанын башталышын шарттоочу маанилүү экологиялык факторлорго күндүн узактыгы ж-а температура кирет. Диапаузанын токтолушу ж-а өөрчөөнүн калыбына келиши организмге төмөнкү температуранын же күн жарыгынын узакка таасир этүүсүнөн келип чыгат. Ар кайсы түрдөгү курт-кумурскалардын диапаузасы алардын тиричилигиндеги белгилүү гана баскычтарга туш келет. Алсак, курт-кумурскалардагы диапауза эмбриондук ж-а имаголук болуп бөлүнөт. Диапауза учурунда организмдин сырткы ыӊгайсыз шарттарга болгон байымдуулугу артат.