ДОЛОН (ашуу): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Temirkan moved page ДОЛОН to ДОЛОН (ашуу))
 
(Айырма жок)

05:01, 11 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ДОЛОН – Ички Теңир-Тоодогу ашуу; Байдулу ж-а Соң-Көл тоолорунун кесилишинде. Сары- Булак ж-а Кичи Кара-Кужур сууларынын ала­бын бөлүп турат. Бийиктиги 3030 м. Ашуу антро­погендеги тектоникалык кыймылдын тездешинен жо­гору көтөрүлгөн. Айланасындагы чокулар ашу­удан 200 – 300 м көтөрүңкү. Ашуудан өткөн жол­дун рельефи анча татаал эмес. Сары-Булактын өрөөнү жак капталы жантайыңкы, Кичи Кара- Кужур капчыгайына тик түшөт. Тоолор неги­зинен ортоңку ж-а үстүнкү девондун кызыл түстүү кум, шагыл, сланец, акиташ теги ж-а үстүнкү карбондун трахит, базальт, дацит-ли­париттүү порфирит, туф тектеринен турат. Ай­ланасынын табияты кооз. Ашуу аркылуу Биш-

Долон ашуусунун түштүк капталы.

кек – Торугарт автомобиль жолу өтөт. Географиялык термино­логияда «Долон» кыр, жал, кырка, тилке дегенди билдирип, топонимдердин аталыштарында кол­донулат.