ДИКРОЦЕЛИОЗ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИКРОЦЕЛИО́З''' (Dicrocoeliosis) – малдын боо­рун ж-а өт жолдорун жабыркатуучу ылаң. Тре­ | '''ДИКРОЦЕЛИО́З''' (Dicrocoeliosis) – малдын боо­рун ж-а өт жолдорун жабыркатуучу ылаң. Тре­матоддор классындагы мите курттар козгойт. Кой­до көп кездешип, бир кыйла экономикалык зыянга учу­ратат. Узундугу 5–15 ''мм'', туурасы 1–2,5 ''мм''. Жыныс­тык жактан өсүп жетилген мите боордун өт жолуна миңдеген жумуртка таштайт. Алар өт жолдору аркылуу ичегиге өтүп, заңы м-н сырт­ка бөлүнөт. Сыртта үлүл м-н кумурска денесин­де ылаң козгоого жөндөмдүү метацеркарий ста­диясына чейин жетилет. Булганган жем-чөп ар­кылуу малдын ичегисине түшүп, ал аркылуу өт жолдоруна жетип, 40–76 күндө жыныстык жактан жетилет. Ылаң уларып өтөт, мал тез арыктап, кунардуулугун жоготот, акыры өлүмгө дуушар болот. Денесинде мите көп болсо, та­мак сиңирүүсү бузулат, чычкактайт. Ылаңдуу малды митеден арылтуу үчүн гексахлорпарак­силол, гетол, гетолин, политрем, фенбендазол (панакур), тиабендазол, фасковерм (клозантел), фазинекс, камбендазол дарылары колдонулат. Алдын алууда малды гельминтсиздөө (ноябрь, декабрда) керек. | ||
өт жолдоруна жетип, 40–76 күндө жыныстык жактан жетилет. Ылаң уларып өтөт, мал тез арыктап, кунардуулугун жоготот, акыры өлүмгө дуушар болот. Денесинде мите көп болсо, та­мак сиңирүүсү бузулат, чычкактайт. Ылаңдуу малды митеден арылтуу үчүн гексахлорпарак­силол, гетол, гетолин, политрем, фенбендазол (панакур), тиабендазол, фасковерм (клозантел), фазинекс, камбендазол дарылары колдонулат. Алдын алууда малды гельминтсиздөө (ноябрь, декабрда) керек. | |||
''Д. Раимбеков.'' | |||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
02:44, 14 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИКРОЦЕЛИО́З (Dicrocoeliosis) – малдын боорун ж-а өт жолдорун жабыркатуучу ылаң. Трематоддор классындагы мите курттар козгойт. Койдо көп кездешип, бир кыйла экономикалык зыянга учуратат. Узундугу 5–15 мм, туурасы 1–2,5 мм. Жыныстык жактан өсүп жетилген мите боордун өт жолуна миңдеген жумуртка таштайт. Алар өт жолдору аркылуу ичегиге өтүп, заңы м-н сыртка бөлүнөт. Сыртта үлүл м-н кумурска денесинде ылаң козгоого жөндөмдүү метацеркарий стадиясына чейин жетилет. Булганган жем-чөп аркылуу малдын ичегисине түшүп, ал аркылуу өт жолдоруна жетип, 40–76 күндө жыныстык жактан жетилет. Ылаң уларып өтөт, мал тез арыктап, кунардуулугун жоготот, акыры өлүмгө дуушар болот. Денесинде мите көп болсо, тамак сиңирүүсү бузулат, чычкактайт. Ылаңдуу малды митеден арылтуу үчүн гексахлорпараксилол, гетол, гетолин, политрем, фенбендазол (панакур), тиабендазол, фасковерм (клозантел), фазинекс, камбендазол дарылары колдонулат. Алдын алууда малды гельминтсиздөө (ноябрь, декабрда) керек.
Д. Раимбеков.