ДИСЛОКАЦИЯ (физикада): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИСЛОКА́ЦИЯ | '''ДИСЛОКА́ЦИЯ''' (фр. dislocatio – жылышуу, оошуу) – 1) ф и з и к а д а – кристалл торчодогу атомдук тегиздиктердин ирети м-н туура жай­гашуусу бузулган сызыктуу кемтик (дефект). Дислокация кристаллдын өсүү процессинде, өскөн крис­таллды механикалык деформациялоодо жаралат. Ал кристаллдын механикалык касиеттерине (бышыктыгы ж-а пластикалуулугу) ж. б. физикалык касиетине таа­сирин тийгизет. Дислокациянын эки түрү болот: сызык­туу же чектик ж-а буралма. Чектик дислокация – атом­дук тегиздиктин кристаллдын ичиндеги үзүлгөн четин бойлогон сызык. Атомдук тегиздиктер узатасынан тегерете буралып жылышкан сы­зыкты буралма дислокация дейт. Буралма дислокацияда атомдук тегиздиктин үзүлүшү болбойт. Мында бир атом­дук тегиздик экинчисине буралма сызык боюнча өтөт. Атомдун атомго өтүшү буралма сызык боюнча жүрөт. Анда дислокация сызыгы эч убакта кристалл­дын ичинде үзгүлтүккө учурабайт, ал же крис­таллдын бетине чыгат, же илмек түрүндө туюк­талат, же болбосо бир нече дислокацияга тармактанып кетет. Кристаллдын дислокацияланган жери серпилгичтүү чыңалышкан абалда болот. Чыңалыш аралык­ка тескери пропорциялаш өзгөрөт. Кристаллдын дислокацияланган жерлеринин химиялык туруктуулугу начар болот. Тунук кристаллдагы дислокация полярлашуу мик­роскобу м-н, тунук эмес кристаллдын дислокациясы суюк ойдургуч заттын аракети боюнча оптикалык мик­роскоп аркылуу байкалат. Ойдургуч заттар зат­тын дислокация болгон жерлерин эритип, оюп түш­көндүктөн, чуңкурчаны пайда кылат. Мындан тышкары, дислокация байкоо үчүн декордоштуруу ык­масы колдонулат. 2) Т е к т о н и к а д а тоо­тек катмарларынын алгачкы жаткан абалынан козголуп өзгөрүшү. Ал жер кыртышындагы тек­тоникалык кыймылдардан, магманын аракетинен, ме­таморфизм ж-а экзогендик процесстердин (мөң­гүлөрдүн жылышы, жер көчкү, карст, агын суу эрозиясы ж. б.) таасиринен жүрөт. Дислокация жалпы­сынан бүктөлүү (пликативдүү) дислокация ж-а сынып ажыраган дислокация деп бөлүнөт. Бүктөлүү дислокация эки кап­талдан кысылган тоо тек катмарларынын ар кандай түрдө ж-а көлөмдө ийилип бүктөлүшү­нөн, сынып ажыраган Дислокация тик ылдый же өйдө багыттагы күчтүн натыйжасында тоо тек кат­марларынын сынып ажырашынан пайда болот. Багыты боюнча радиустук (Жердин радиусуна жа­рыш тик багытталган күчтөн ылдый жылышуу) ж-а горизонттук же тангенстик (горизонт багы­ты боюнча болгон күчтөн туура же өйдө жылы­шуу) дислокация деп ажыратылат, ошондой эле к. ''Тектони­калык жылышуулар.'' [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
четин бойлогон сызык. Атомдук тегиздиктер узатасынан тегерете буралып жылышкан сы­зыкты буралма | |||
өтөт. Атомдун атомго өтүшү буралма сызык | |||
чыңалышкан абалда болот. Чыңалыш аралык­ка тескери пропорциялаш өзгөрөт. Кристаллдын | |||
05:02, 15 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИСЛОКА́ЦИЯ (фр. dislocatio – жылышуу, оошуу) – 1) ф и з и к а д а – кристалл торчодогу атомдук тегиздиктердин ирети м-н туура жайгашуусу бузулган сызыктуу кемтик (дефект). Дислокация кристаллдын өсүү процессинде, өскөн кристаллды механикалык деформациялоодо жаралат. Ал кристаллдын механикалык касиеттерине (бышыктыгы ж-а пластикалуулугу) ж. б. физикалык касиетине таасирин тийгизет. Дислокациянын эки түрү болот: сызыктуу же чектик ж-а буралма. Чектик дислокация – атомдук тегиздиктин кристаллдын ичиндеги үзүлгөн четин бойлогон сызык. Атомдук тегиздиктер узатасынан тегерете буралып жылышкан сызыкты буралма дислокация дейт. Буралма дислокацияда атомдук тегиздиктин үзүлүшү болбойт. Мында бир атомдук тегиздик экинчисине буралма сызык боюнча өтөт. Атомдун атомго өтүшү буралма сызык боюнча жүрөт. Анда дислокация сызыгы эч убакта кристаллдын ичинде үзгүлтүккө учурабайт, ал же кристаллдын бетине чыгат, же илмек түрүндө туюкталат, же болбосо бир нече дислокацияга тармактанып кетет. Кристаллдын дислокацияланган жери серпилгичтүү чыңалышкан абалда болот. Чыңалыш аралыкка тескери пропорциялаш өзгөрөт. Кристаллдын дислокацияланган жерлеринин химиялык туруктуулугу начар болот. Тунук кристаллдагы дислокация полярлашуу микроскобу м-н, тунук эмес кристаллдын дислокациясы суюк ойдургуч заттын аракети боюнча оптикалык микроскоп аркылуу байкалат. Ойдургуч заттар заттын дислокация болгон жерлерин эритип, оюп түшкөндүктөн, чуңкурчаны пайда кылат. Мындан тышкары, дислокация байкоо үчүн декордоштуруу ыкмасы колдонулат. 2) Т е к т о н и к а д а тоотек катмарларынын алгачкы жаткан абалынан козголуп өзгөрүшү. Ал жер кыртышындагы тектоникалык кыймылдардан, магманын аракетинен, метаморфизм ж-а экзогендик процесстердин (мөңгүлөрдүн жылышы, жер көчкү, карст, агын суу эрозиясы ж. б.) таасиринен жүрөт. Дислокация жалпысынан бүктөлүү (пликативдүү) дислокация ж-а сынып ажыраган дислокация деп бөлүнөт. Бүктөлүү дислокация эки капталдан кысылган тоо тек катмарларынын ар кандай түрдө ж-а көлөмдө ийилип бүктөлүшүнөн, сынып ажыраган Дислокация тик ылдый же өйдө багыттагы күчтүн натыйжасында тоо тек катмарларынын сынып ажырашынан пайда болот. Багыты боюнча радиустук (Жердин радиусуна жарыш тик багытталган күчтөн ылдый жылышуу) ж-а горизонттук же тангенстик (горизонт багыты боюнча болгон күчтөн туура же өйдө жылышуу) дислокация деп ажыратылат, ошондой эле к. Тектоникалык жылышуулар.