ДУДУК-ДҮЛӨЙЛҮК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ДУДУК-ДҮЛӨЙЛҮК''' – тубаса же бала чакта пайда болгон дүлөйлүктөн келип чыккан сүй­лөөгө жөндөмсүздүк. Угуу органдарынын өөр­чүшүндөгү бардык кемтиктер ж-а угуу жөндө­мүнүн өтө ж-а туруктуу өзгөрүүлөрүнө чалдык­тыруучу оорулар дудуктукка алып келет. Мээ­деги угуу-сүйлөө борборунун жабыркашы да ага себеп болот. Анын тубаса ж-а кийин пайда бол­гон түрү бар. Тубаса түрү кийин пайда болгонго караганда аз кездешет. Тубаса түрүнүн өнүгүшүнө ген. факторлор себеп болот. Дудук-дүлөй ата­энеден тубаса дудук-дүлөй бала, жакын тууган­дар үйлөнгөндө, тубаса дүлөй бала көп төрөлөрү байкалган. Тубаса дүлөйлүккө кош бойлуунун жугуштуу оору м-н оорушу, эне м-н баланын резус-факторунун айкалышпай калышы, о. эле түйүлдүк өөрчүп жатканда эне организмине кээ бир уу заттардын (алкоголь, стрептомицин ж. б.) таасиринен да болушу мүмкүн. Кийин пайда болгон Д.-д-кө балдардын жугуштуу оору­лары (менингит, мээ кабыкчаларынын сез­генүүсү, пневмония, кызылча, дизентерия, скар­латина, көк жөтөл ж. б.) себеп болушу мүмкүн. Кээ бир учурда аденоиддер да угууну начар­латат. Бул учурда хирург. жол м-н дарыласа болот. Эгерде дүлөйлүк айыкпай турган болсо, баланын сүйлөөсүн өөрчүтүүгө аракет жасоо ке­рек. Баланы 7 жашынан атайын дудук-дүлөй­лөр мектебинде окутуу зарыл. Окуу м-н бирге адистикке да үйрөнөт, мектепти бүткөндөн ки­йин ЖОЖдо да окууга болот, о. эле к. ''Дү­лөйлүк.'' [[Категория:3-том, 86-170 бб]]
'''ДУДУК-ДҮЛӨЙЛҮК''' – тубаса же бала чакта пайда болгон дүлөйлүктөн келип чыккан сүй­лөөгө жөндөмсүздүк. Угуу органдарынын өөр­чүшүндөгү бардык кемтиктер ж-а угуу жөндө­мүнүн өтө ж-а туруктуу өзгөрүүлөрүнө чалдык­тыруучу оорулар дудуктукка алып келет. Мээ­деги угуу-сүйлөө борборунун жабыркашы да ага себеп болот. Анын тубаса ж-а кийин пайда бол­гон түрү бар. Тубаса түрү кийин пайда болгонго караганда аз кездешет. Тубаса түрүнүн өнүгүшүнө генетикалык факторлор себеп болот. Дудук-дүлөй ата­-энеден тубаса дудук-дүлөй бала, жакын тууган­дар үйлөнгөндө, тубаса дүлөй бала көп төрөлөрү байкалган. Тубаса дүлөйлүккө кош бойлуунун жугуштуу оору м-н оорушу, эне м-н баланын резус-факторунун айкалышпай калышы, ошондой эле түйүлдүк өөрчүп жатканда эне организмине кээ бир уу заттардын (алкоголь, стрептомицин ж. б.) таасиринен да болушу мүмкүн. Кийин пайда болгон Дудук-дүлөйлүккө балдардын жугуштуу оору­лары (менингит, мээ кабыкчаларынын сез­генүүсү, пневмония, кызылча, дизентерия, скар­латина, көк жөтөл ж. б.) себеп болушу мүмкүн. Кээ бир учурда аденоиддер да угууну начар­латат. Бул учурда хирургиялык жол м-н дарыласа болот. Эгерде дүлөйлүк айыкпай турган болсо, баланын сүйлөөсүн өөрчүтүүгө аракет жасоо ке­рек. Баланы 7 жашынан атайын дудук-дүлөй­лөр мектебинде окутуу зарыл. Окуу м-н бирге адистикке да үйрөнөт, мектепти бүткөндөн ки­йин ЖОЖдо да окууга болот, ошондой эле к. ''Дү­лөйлүк.'' [[Категория:3-том, 86-170 бб]]
 

03:58, 16 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ДУДУК-ДҮЛӨЙЛҮК – тубаса же бала чакта пайда болгон дүлөйлүктөн келип чыккан сүй­лөөгө жөндөмсүздүк. Угуу органдарынын өөр­чүшүндөгү бардык кемтиктер ж-а угуу жөндө­мүнүн өтө ж-а туруктуу өзгөрүүлөрүнө чалдык­тыруучу оорулар дудуктукка алып келет. Мээ­деги угуу-сүйлөө борборунун жабыркашы да ага себеп болот. Анын тубаса ж-а кийин пайда бол­гон түрү бар. Тубаса түрү кийин пайда болгонго караганда аз кездешет. Тубаса түрүнүн өнүгүшүнө генетикалык факторлор себеп болот. Дудук-дүлөй ата­-энеден тубаса дудук-дүлөй бала, жакын тууган­дар үйлөнгөндө, тубаса дүлөй бала көп төрөлөрү байкалган. Тубаса дүлөйлүккө кош бойлуунун жугуштуу оору м-н оорушу, эне м-н баланын резус-факторунун айкалышпай калышы, ошондой эле түйүлдүк өөрчүп жатканда эне организмине кээ бир уу заттардын (алкоголь, стрептомицин ж. б.) таасиринен да болушу мүмкүн. Кийин пайда болгон Дудук-дүлөйлүккө балдардын жугуштуу оору­лары (менингит, мээ кабыкчаларынын сез­генүүсү, пневмония, кызылча, дизентерия, скар­латина, көк жөтөл ж. б.) себеп болушу мүмкүн. Кээ бир учурда аденоиддер да угууну начар­латат. Бул учурда хирургиялык жол м-н дарыласа болот. Эгерде дүлөйлүк айыкпай турган болсо, баланын сүйлөөсүн өөрчүтүүгө аракет жасоо ке­рек. Баланы 7 жашынан атайын дудук-дүлөй­лөр мектебинде окутуу зарыл. Окуу м-н бирге адистикке да үйрөнөт, мектепти бүткөндөн ки­йин ЖОЖдо да окууга болот, ошондой эле к. Дү­лөйлүк.