ДУНГАН, КАЛМАК ЖАНА УЙГУР ЖЕР КОТОРУУЛАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДУНГАН, КАЛМАК ЖАНА УЙГУР ЖЕР КОТОРУУЛАРЫ''' – 19- | '''ДУНГАН, КАЛМАК ЖАНА УЙГУР ЖЕР КОТОРУУЛАРЫ''' – 19-кылымдын 60-жылдарында Чы­гыш Түркстан ж-а Кытайдын түндүк-батыш айма­гындагы дунгандардын көтөрүлүшүнүн басылы­шына байланышкан элдик кыймыл. Кытай бий­лигинин аёосуз жазалоосуна дуушар болуудан улам көтөрүлүшкө катышкандар Кыргызстан м-н Ка­закстанга жер которууга мажбур болушкан. Аде­генде 1866-жылы Жети-Сууга ''сарт калмак'' уругунан зоргандар көчүп келип, 1869-жылы Россия мамле­кетинин букаралыгына кабыл алынышкан. Алты сумундар эки айыл болуп, бири Текес өрөөнүндө (1317 түтүн), экинчиси Верный уез­динде (732 түтүн) эки болуштукту түзүшкөн. Россия күч м-н ээлеп алган жерлер 1882-жылы кайра Кытайга кайтарылганда (к. ''Петербург келиши­ми, 1881''), 240 түтүн калмак өз каалоосу м-н Рос­сиянын ээлигине өтөрү тууралуу бүтүмгө келип, Кытай м-н Россиянын ортосундагы Капкак (Те­кес өрөөнү) аркылуу өткөн жаңы чек ара тактал­гандан кийин алар көл кылаасына келип, Ка­ракол, Ырдык өзөндөрүнүн аралыгынан конуш алып, Бөрү-Баш, Челпек, Бурма-Суу кыштактары пай­да болгон ж-а 1913-жылы 366 түтүнгө (2262 киши), 1916-жылы 483 түтүнгө (2,9 миң киши) жеткен.<br>Дунган калкынын Жети-Сууга келиши эки этапка бөлүнөт. 1-этабында (1877) орус-кытай чек арасынан үч багыт м-н өтүп, Да-Сы-Фу жол­ башчылык кылган 1166 ганьсулук дунгандар­дын алгачкы тобу 1877-жылы ноябрдын башы ченде Беделди ашып, Караколго келишкен. 1878-жылы жазга маал келгиндерге Караколго жакын Ырдыктан жер бөлүнүп берилген. Кытай аскерлери куугунтуктаган синьцзяндык ж-а ганьсулук дунгандардын экинчи тобуна (2 миң­дей киши) Ма-Да-Жэнь жетекчилик кылып, алар Марал-Башы, Эркеч-Там аркылуу Түштүк Кыргызстанга өткөн. Шэньсилик дунгандардын Бы­янху (Бай Янху) баш болгон топ Торугарт, Кы­зыл-Бел ашууларын ашып, 1877-жылы Нарынга ке­лишип, андан декабрдын аягында 3314 дунган Токмокко жеткен. Жол бою бардык кыргыз айылдары жолоочуларга мал, дан, баш калка­лаганга боз үй, алачык ж. б. жагынан жардам берип турушкан. Дунгандардын Жети-Сууга ке­лишинин 2-этабы орус өкмөтүнүн Цин бийли­гине Иле чөлкөмүн кайтарып беришине байла­ныштуу болуп, 1881-ж. Петербургда түзүлгөн орус-кытай келишиминде макулдашылган. Ага ылайык, дунгандар м-н уйгурларга Ата журтун­да (Синьцзянда) калуу же Россия ээлигине кетүү эркиндиги берилгенде, кыйла бөлүгү Кытайда калуудан баш тартып, 1884-жылдын аягына карата 4682 адам ооп келип, баш-аягы 10 миң­ден ашуун дунган, 45 миңдей уйгур Жети-Суу облусунан орун алышкан. Уйгурлар негизинен Вер­ный (Алматы), Жаркен (Панфилов), дунгандар Бишкек, Ысык-Көл уезддерине жайгашкан. Түштүк Кыргызстанга келген дунган, уйгурлар адеген­де Ошко жакын жерде (Кара-Суу району) туруп кал­ган. Падышачылыктын оторчул саясаты жер-­суу маселесинде даана байкалган же мыкты жерлер келгин орус дыйкандарына, казак-орус­тарга бөлүштүрүлүп, кыргыз, казактар тоо-таш­ка, чөл-талаага сүрүлгөн. Токмокко келген дун­гандарга Чүй суусунун оң жээгинен 10306 теше жер берилгенде (1878), алар үй, короо-жай са­лып алышкан (азыркы Масанчын айылы). Со­кулукка келген дунгандардын 33 үй-бүлөсүнө 1883-жылы дыйканчылыкка ыңгайлуу 2064 теше жер бөлүнүп, кийин ал жер Александровка деп аталган. Бишкек м-н Токмокто дунган слобод­калары (шаар четиндеги кыштак) 1882-жылы пай­да болгон. Жети-Сууга отурукташкандан кийин бул аймакта Мариинск (Ырдык), Кара-Коңуз (кийин Николаевск), Александровка (Сокулук), Жаркен (Казакстан), Жалпак-Дөбө (Тараздан 5– 6 ''км'' аралыкта) болуштуктары уюшулуп, болуш­тар атайын шайлоочулардын жыйынында үч жылдык мөөнөткө шайланышкан. | ||
өрөөнүндө (1317 түтүн), экинчиси Верный уез­динде (732 түтүн) эки болуштукту түзүшкөн. Россия күч м-н ээлеп алган жерлер 1882- | |||
<br>Дунган калкынын Жети-Сууга келиши эки этапка бөлүнөт. 1-этабында (1877) орус-кытай | |||
чек арасынан үч багыт м-н өтүп, Да-Сы-Фу жол­башчылык кылган 1166 ганьсулук дунгандар­дын алгачкы тобу 1877- | |||
ченде Беделди ашып, Караколго келишкен. 1878- | |||
Ад.: ''Сушанло М.'' Дунганское восстание во второй половине XIХ века и роль в нём Бай Янь-ху. Ф., 1959; Очерки истории советских дунган. Ф., 1967. | |||
''Т. Өмүрбеков.'' [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ''Т. Өмүрбеков.'' [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
07:31, 16 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДУНГАН, КАЛМАК ЖАНА УЙГУР ЖЕР КОТОРУУЛАРЫ – 19-кылымдын 60-жылдарында Чыгыш Түркстан ж-а Кытайдын түндүк-батыш аймагындагы дунгандардын көтөрүлүшүнүн басылышына байланышкан элдик кыймыл. Кытай бийлигинин аёосуз жазалоосуна дуушар болуудан улам көтөрүлүшкө катышкандар Кыргызстан м-н Казакстанга жер которууга мажбур болушкан. Адегенде 1866-жылы Жети-Сууга сарт калмак уругунан зоргандар көчүп келип, 1869-жылы Россия мамлекетинин букаралыгына кабыл алынышкан. Алты сумундар эки айыл болуп, бири Текес өрөөнүндө (1317 түтүн), экинчиси Верный уездинде (732 түтүн) эки болуштукту түзүшкөн. Россия күч м-н ээлеп алган жерлер 1882-жылы кайра Кытайга кайтарылганда (к. Петербург келишими, 1881), 240 түтүн калмак өз каалоосу м-н Россиянын ээлигине өтөрү тууралуу бүтүмгө келип, Кытай м-н Россиянын ортосундагы Капкак (Текес өрөөнү) аркылуу өткөн жаңы чек ара такталгандан кийин алар көл кылаасына келип, Каракол, Ырдык өзөндөрүнүн аралыгынан конуш алып, Бөрү-Баш, Челпек, Бурма-Суу кыштактары пайда болгон ж-а 1913-жылы 366 түтүнгө (2262 киши), 1916-жылы 483 түтүнгө (2,9 миң киши) жеткен.
Дунган калкынын Жети-Сууга келиши эки этапка бөлүнөт. 1-этабында (1877) орус-кытай чек арасынан үч багыт м-н өтүп, Да-Сы-Фу жол башчылык кылган 1166 ганьсулук дунгандардын алгачкы тобу 1877-жылы ноябрдын башы ченде Беделди ашып, Караколго келишкен. 1878-жылы жазга маал келгиндерге Караколго жакын Ырдыктан жер бөлүнүп берилген. Кытай аскерлери куугунтуктаган синьцзяндык ж-а ганьсулук дунгандардын экинчи тобуна (2 миңдей киши) Ма-Да-Жэнь жетекчилик кылып, алар Марал-Башы, Эркеч-Там аркылуу Түштүк Кыргызстанга өткөн. Шэньсилик дунгандардын Быянху (Бай Янху) баш болгон топ Торугарт, Кызыл-Бел ашууларын ашып, 1877-жылы Нарынга келишип, андан декабрдын аягында 3314 дунган Токмокко жеткен. Жол бою бардык кыргыз айылдары жолоочуларга мал, дан, баш калкалаганга боз үй, алачык ж. б. жагынан жардам берип турушкан. Дунгандардын Жети-Сууга келишинин 2-этабы орус өкмөтүнүн Цин бийлигине Иле чөлкөмүн кайтарып беришине байланыштуу болуп, 1881-ж. Петербургда түзүлгөн орус-кытай келишиминде макулдашылган. Ага ылайык, дунгандар м-н уйгурларга Ата журтунда (Синьцзянда) калуу же Россия ээлигине кетүү эркиндиги берилгенде, кыйла бөлүгү Кытайда калуудан баш тартып, 1884-жылдын аягына карата 4682 адам ооп келип, баш-аягы 10 миңден ашуун дунган, 45 миңдей уйгур Жети-Суу облусунан орун алышкан. Уйгурлар негизинен Верный (Алматы), Жаркен (Панфилов), дунгандар Бишкек, Ысык-Көл уезддерине жайгашкан. Түштүк Кыргызстанга келген дунган, уйгурлар адегенде Ошко жакын жерде (Кара-Суу району) туруп калган. Падышачылыктын оторчул саясаты жер-суу маселесинде даана байкалган же мыкты жерлер келгин орус дыйкандарына, казак-орустарга бөлүштүрүлүп, кыргыз, казактар тоо-ташка, чөл-талаага сүрүлгөн. Токмокко келген дунгандарга Чүй суусунун оң жээгинен 10306 теше жер берилгенде (1878), алар үй, короо-жай салып алышкан (азыркы Масанчын айылы). Сокулукка келген дунгандардын 33 үй-бүлөсүнө 1883-жылы дыйканчылыкка ыңгайлуу 2064 теше жер бөлүнүп, кийин ал жер Александровка деп аталган. Бишкек м-н Токмокто дунган слободкалары (шаар четиндеги кыштак) 1882-жылы пайда болгон. Жети-Сууга отурукташкандан кийин бул аймакта Мариинск (Ырдык), Кара-Коңуз (кийин Николаевск), Александровка (Сокулук), Жаркен (Казакстан), Жалпак-Дөбө (Тараздан 5– 6 км аралыкта) болуштуктары уюшулуп, болуштар атайын шайлоочулардын жыйынында үч жылдык мөөнөткө шайланышкан.
Ад.: Сушанло М. Дунганское восстание во второй половине XIХ века и роль в нём Бай Янь-ху. Ф., 1959; Очерки истории советских дунган. Ф., 1967.
Т. Өмүрбеков.