ДУНГАНДАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДУНГАНДАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ''' – 1862–77- | '''ДУНГАНДАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ''' – 1862–77-жылдарда ''Цин империясынын'' курамына кирген дунган калкынын азаттык үчүн күрөшү. 19-кылымдын 1-жа­рымында ислам динин тааныган дунгандарды Цин бийлиги катуу эзген. Алар кытай тилинде сүйлөп, кытай кийимдерин кийинип жүрүшкөнү м-н, өздөрүн чыныгы мусулман деп (ичимдик ичпей, тамеки, апийим чекпей) эсептешип, өзү­лөрүн «турген» деп аташса, кытайлар аларды «хой-хой» (мусулмандар) деп чакырып, күчкө салып эркектеринин чачтарын өрдүртүп, аялда­рынын буттарын таңып басууга ж-а кыздарын жалаң кытайларга берүүгө мажбурлашкан. Ошондуктан, бул көтөрүлүш мүнөзү жагынан феодалдык эзүүгө каршы чыкканы м-н, башта­лардан мурун эле «мусулмандар» ж-а «каапыр­лар» болуп бөлүнгөндүктөн, улут ж-а дин ажы­рымы өзгөчө роль ойногон. Дунгандар 1862-жылы Шань­си провинциясындагы Синган шаарында башталып, анын башталышына дунгандардын бир көпөсүн манжурлардын өлтүрүп коюшу шылтоо болгон. Дунгандарды уйгурлар, ал эми мусулман эмес манжурларды калмактар (дөрбөт, тыргоот, сибо, солондор) колдоп, ислам дининдеги кожо­лор м-н имамдар жашына карабай бардык эр­кектерди «каапырларга» каршы «газават» жа­рыялоого чакырышкан. Балдарын ж-а аялда­рын душманынын колуна кетпесин деген дун­гандар шаарды калтырарда аларды өз колдору м-н өлтүрүп кетишкен. 1864-жылы жай айында Үрүмчүнүн аскер гарнизону талкаланып, август айында Иле өрөөнүндө жайгашкан Синьцзян­дын борбору Кулжа шаарындагы дунгандар көтө­рүлүшкөн. Цин бийлиги Россия империясынан жардам сурап бир нече жолу кайрылган, бирок орус бийлиги бул көтөрүлүштүн Орто Азияга ооп кетүүсүнөн кооптонуп, оң жооп берген эмес. Үрүмчүлүк дунгандарды Сахан-жан, Кожо-тиду, Мапалар, Иле дунгандарын Ажы-акун башкар­ган. 1866-жылы Борбордук Тянь-Шандын түштүк-чыгы­шында Кара-Шаарга чейинки Баяндай, Манас, Гучан ж. б. шаарларды камтып, башында Лотай де­ген дунган турган кыска мезгилдеги дунган мам­лекети түзүлгөн. Көп өтпөй кашкарлык кожо­лордун көтөрүлүшү башталып, адегенде Бузурук кожо, анан ''Йакуб бек'' бийликке келип, Каш­кар шаары борбор болгон, башында Алты-Шаар, кий­ин ''Жети-Шаар мамлекети'' түзүлөт. Натыйжа­да булардын ортосундагы мамилелер курчуган. 1870-жылы Йакуб бек Үрүмчүгө чабуул жасаган. 1871-жылы Россия империясы өз коопсуздугун шыл­тоо кылып, аскерин Илеге киргизет. 1873-жылы Цин аскери Ганьсу провинциясындагы көтөрүлүштү басып,1876-ж.жай-күз айларында Гучан,Фу­кан, Үрүмчү, Манас шаарларын алышы м-н Дунгандардын көтөрүлүшү же­ңилүүгө учурайт. Бул көтөрүлүштү Цин импе­риясынын аймагында жашашкан кыргыздар м-н казактар да активдүү колдошкон. | ||
''Цин империясынын'' курамына кирген дунган калкынын азаттык үчүн күрөшү. 19- | |||
«хой-хой» (мусулмандар) деп чакырып, күчкө | |||
салып эркектеринин чачтарын өрдүртүп, аялда­рынын буттарын таңып басууга ж-а кыздарын жалаң кытайларга берүүгө мажбурлашкан. Ошондуктан, бул көтөрүлүш мүнөзү жагынан феодалдык эзүүгө каршы чыкканы м-н, башта­лардан мурун эле «мусулмандар» ж-а «каапыр­лар» болуп бөлүнгөндүктөн, улут ж-а дин ажы­рымы өзгөчө роль ойногон. | |||
Үрүмчүнүн аскер гарнизону талкаланып, август айында Иле өрөөнүндө жайгашкан Синьцзян­дын борбору Кулжа | |||
кетүүсүнөн кооптонуп, оң жооп берген эмес. | |||
Ад.: ''Гейнс А. К.'' О восстании мусульманского насе­ления или дунганей в Западном Китае // Известия ИРГО. Т. 2. Вып. 3; ''Сушанло М.'' Дунганское восстание во второй половине XIХ века и роль в нём Бай Янь­ху. Ф., 1959. | Ад.: ''Гейнс А. К.'' О восстании мусульманского насе­ления или дунганей в Западном Китае // Известия ИРГО. Т. 2. Вып. 3; ''Сушанло М.'' Дунганское восстание во второй половине XIХ века и роль в нём Бай Янь­ху. Ф., 1959. | ||
''Э. Турганбаев.'' | |||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
07:52, 16 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДУНГАНДАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ – 1862–77-жылдарда Цин империясынын курамына кирген дунган калкынын азаттык үчүн күрөшү. 19-кылымдын 1-жарымында ислам динин тааныган дунгандарды Цин бийлиги катуу эзген. Алар кытай тилинде сүйлөп, кытай кийимдерин кийинип жүрүшкөнү м-н, өздөрүн чыныгы мусулман деп (ичимдик ичпей, тамеки, апийим чекпей) эсептешип, өзүлөрүн «турген» деп аташса, кытайлар аларды «хой-хой» (мусулмандар) деп чакырып, күчкө салып эркектеринин чачтарын өрдүртүп, аялдарынын буттарын таңып басууга ж-а кыздарын жалаң кытайларга берүүгө мажбурлашкан. Ошондуктан, бул көтөрүлүш мүнөзү жагынан феодалдык эзүүгө каршы чыкканы м-н, башталардан мурун эле «мусулмандар» ж-а «каапырлар» болуп бөлүнгөндүктөн, улут ж-а дин ажырымы өзгөчө роль ойногон. Дунгандар 1862-жылы Шаньси провинциясындагы Синган шаарында башталып, анын башталышына дунгандардын бир көпөсүн манжурлардын өлтүрүп коюшу шылтоо болгон. Дунгандарды уйгурлар, ал эми мусулман эмес манжурларды калмактар (дөрбөт, тыргоот, сибо, солондор) колдоп, ислам дининдеги кожолор м-н имамдар жашына карабай бардык эркектерди «каапырларга» каршы «газават» жарыялоого чакырышкан. Балдарын ж-а аялдарын душманынын колуна кетпесин деген дунгандар шаарды калтырарда аларды өз колдору м-н өлтүрүп кетишкен. 1864-жылы жай айында Үрүмчүнүн аскер гарнизону талкаланып, август айында Иле өрөөнүндө жайгашкан Синьцзяндын борбору Кулжа шаарындагы дунгандар көтөрүлүшкөн. Цин бийлиги Россия империясынан жардам сурап бир нече жолу кайрылган, бирок орус бийлиги бул көтөрүлүштүн Орто Азияга ооп кетүүсүнөн кооптонуп, оң жооп берген эмес. Үрүмчүлүк дунгандарды Сахан-жан, Кожо-тиду, Мапалар, Иле дунгандарын Ажы-акун башкарган. 1866-жылы Борбордук Тянь-Шандын түштүк-чыгышында Кара-Шаарга чейинки Баяндай, Манас, Гучан ж. б. шаарларды камтып, башында Лотай деген дунган турган кыска мезгилдеги дунган мамлекети түзүлгөн. Көп өтпөй кашкарлык кожолордун көтөрүлүшү башталып, адегенде Бузурук кожо, анан Йакуб бек бийликке келип, Кашкар шаары борбор болгон, башында Алты-Шаар, кийин Жети-Шаар мамлекети түзүлөт. Натыйжада булардын ортосундагы мамилелер курчуган. 1870-жылы Йакуб бек Үрүмчүгө чабуул жасаган. 1871-жылы Россия империясы өз коопсуздугун шылтоо кылып, аскерин Илеге киргизет. 1873-жылы Цин аскери Ганьсу провинциясындагы көтөрүлүштү басып,1876-ж.жай-күз айларында Гучан,Фукан, Үрүмчү, Манас шаарларын алышы м-н Дунгандардын көтөрүлүшү жеңилүүгө учурайт. Бул көтөрүлүштү Цин империясынын аймагында жашашкан кыргыздар м-н казактар да активдүү колдошкон.
Ад.: Гейнс А. К. О восстании мусульманского населения или дунганей в Западном Китае // Известия ИРГО. Т. 2. Вып. 3; Сушанло М. Дунганское восстание во второй половине XIХ века и роль в нём Бай Яньху. Ф., 1959.
Э. Турганбаев.