ДУТАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДУТАР''' (фарсча д о т а р, до – эки, тар – кыл) – байыркы кылдуу | '''ДУТАР''' (фарсча д о т а р, до – эки, тар – кыл) – байыркы кылдуу музыкалык аспап. Тажиктерде дутор, түркмөн, өзбек, уйгурларда дутар деген аталыш­та тараган. Тулкусу алмурут түспөлүндө келип, тыт жыгачынан чабылат. Моюну узун, 13–14 беренеге бөлүнгөн. Эки кылдуу; жибек же ичеги кыл тагы­лат. Добушу назик. Дутардын жөнөкөй түрү Тажикстандын тоолуу райондо­рунда жашаган элдердин арасында кеңири тараган. Дутар негизинен кварта­га, кээде квинтага күүлөнөт. Узунду­гу Памирде 750 мм, өзбекте, тажикте жана кытайда 1200–1300 ''мм''. | ||
узун, 13–14 беренеге бөлүнгөн. Эки кылдуу; жибек же ичеги кыл тагы­лат. Добушу назик. | [[File:ДУТАР86.png | thumb | none|402x402px]] Дутар жеке жана коштоочу аспап катары пайдала­нылат. Дутардын прима, альт, бас, кон­трабас түрлөрү өркүндөтүлгөн. Дутардын беренеси 20га жетип, доошу бийикте­лет. Өзбек эл аспаптар оркестринде, ансамблдерде ойнолот, ырларды, ас­паптык чыгармаларды коштойт. | ||
[[File:ДУТАР86.png | thumb | none]] | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
08:19, 16 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДУТАР (фарсча д о т а р, до – эки, тар – кыл) – байыркы кылдуу музыкалык аспап. Тажиктерде дутор, түркмөн, өзбек, уйгурларда дутар деген аталышта тараган. Тулкусу алмурут түспөлүндө келип, тыт жыгачынан чабылат. Моюну узун, 13–14 беренеге бөлүнгөн. Эки кылдуу; жибек же ичеги кыл тагылат. Добушу назик. Дутардын жөнөкөй түрү Тажикстандын тоолуу райондорунда жашаган элдердин арасында кеңири тараган. Дутар негизинен квартага, кээде квинтага күүлөнөт. Узундугу Памирде 750 мм, өзбекте, тажикте жана кытайда 1200–1300 мм.

Дутар жеке жана коштоочу аспап катары пайдаланылат. Дутардын прима, альт, бас, контрабас түрлөрү өркүндөтүлгөн. Дутардын беренеси 20га жетип, доошу бийиктелет. Өзбек эл аспаптар оркестринде, ансамблдерде ойнолот, ырларды, аспаптык чыгармаларды коштойт.