ДҮЙНӨГӨ КӨЗ КАРАШ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДҮЙНӨГӨ КӨЗ КАРАШ''' – курчап турган дүй­нөнүн маани-маңызы, адам баласынын андагы орду, ага карым-катышы туурасындагы ой-ту­тумдардын, түшүнүмдөрдүн, аң-туюмдардын, ишенимдердин жыйындысы | '''ДҮЙНӨГӨ КӨЗ КАРАШ''' – курчап турган дүй­нөнүн маани-маңызы, адам баласынын андагы орду, ага карым-катышы туурасындагы ой-ту­тумдардын, түшүнүмдөрдүн, аң-туюмдардын, ишенимдердин жыйындысы, ошондой эле адамдардын жашаган чөйрөсүнө ж-а өздөрүнө карата мами­лелерди аныктоочу тыянакталган принциптер­дин, идеялардын системасы. Дүйнөгө көз караштын теориялык негизин философия түзөт. Мазмуну ж-а түрлөрү боюнча көп кырдуу, негизинен ''коомдук аң-сезим­дин формалары'' м-н тыгыз байланыштуу. Ай­рыкча Дүйнөгө көз караштардын өзөгүн философиялык, илимий, сая­сий, ыймандык, эстетикалык, диний окуулар­дын жоболору түзөт. Жалпысынан Дүйнөгө көз караштар демейки (күнүмдүк) диний ж-а философиялык болуп бө­лүнөт. Күндөлүк тирилик м-н байланышкан, коомдук ж-а жекече аң-сезимдин тажрыйбалык өзөгүн түзүп, дүйнө, адам жөнүндөгү адаттагы сал­ттуу түшүнүмдөрдү чагылткан дүйнө тааным – д е м е й к и көз караш; дүйнөнүн жаралышы, жашап турушу табияттан тышкаркы күчтөн деп эсептеген дүйнө тааным – д и н и й көз караш; ал эми дүйнөнү рухий ж-а практикалык өздөш­түрүүнүн түпкү негиз, тамырларын теориялык деңгээл­де тыянактаган дүйнө тааным ф и л о с о ф и я­ л ы к көз караш болуп саналат. Өзүнүн мазмуну, багыты боюнча ар түрдүү же карама-каршы (илимий же илимий эмес, материалисттик же идеалисттик, атеистик же диний) болот. Дүйнөлүк глобалдашуу заманында жер жүзүндөгү элдердин Дүйнөгө көз караштары ургаалдуу түрдө ''массалык маданияттын'' үстөмөндүгү астын­да калып баратышы дүйнөлүк коомчулукту сес­тендирбей койбойт, анткени булардын адамзаттын рухий экологиясына, айрыкча адеп-ыйманына тийгизген терс таасири барган сайын арбууда. | ||
өзөгүн түзүп, дүйнө, адам | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
ал эми дүйнөнү рухий ж-а практикалык өздөш­түрүүнүн түпкү негиз, тамырларын | |||
05:48, 17 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДҮЙНӨГӨ КӨЗ КАРАШ – курчап турган дүйнөнүн маани-маңызы, адам баласынын андагы орду, ага карым-катышы туурасындагы ой-тутумдардын, түшүнүмдөрдүн, аң-туюмдардын, ишенимдердин жыйындысы, ошондой эле адамдардын жашаган чөйрөсүнө ж-а өздөрүнө карата мамилелерди аныктоочу тыянакталган принциптердин, идеялардын системасы. Дүйнөгө көз караштын теориялык негизин философия түзөт. Мазмуну ж-а түрлөрү боюнча көп кырдуу, негизинен коомдук аң-сезимдин формалары м-н тыгыз байланыштуу. Айрыкча Дүйнөгө көз караштардын өзөгүн философиялык, илимий, саясий, ыймандык, эстетикалык, диний окуулардын жоболору түзөт. Жалпысынан Дүйнөгө көз караштар демейки (күнүмдүк) диний ж-а философиялык болуп бөлүнөт. Күндөлүк тирилик м-н байланышкан, коомдук ж-а жекече аң-сезимдин тажрыйбалык өзөгүн түзүп, дүйнө, адам жөнүндөгү адаттагы салттуу түшүнүмдөрдү чагылткан дүйнө тааным – д е м е й к и көз караш; дүйнөнүн жаралышы, жашап турушу табияттан тышкаркы күчтөн деп эсептеген дүйнө тааным – д и н и й көз караш; ал эми дүйнөнү рухий ж-а практикалык өздөштүрүүнүн түпкү негиз, тамырларын теориялык деңгээлде тыянактаган дүйнө тааным ф и л о с о ф и я л ы к көз караш болуп саналат. Өзүнүн мазмуну, багыты боюнча ар түрдүү же карама-каршы (илимий же илимий эмес, материалисттик же идеалисттик, атеистик же диний) болот. Дүйнөлүк глобалдашуу заманында жер жүзүндөгү элдердин Дүйнөгө көз караштары ургаалдуу түрдө массалык маданияттын үстөмөндүгү астында калып баратышы дүйнөлүк коомчулукту сестендирбей койбойт, анткени булардын адамзаттын рухий экологиясына, айрыкча адеп-ыйманына тийгизген терс таасири барган сайын арбууда.