ДҮЙНӨНҮН ИЛИМИЙ СЫПАТТАМАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ДҮЙНӨНҮН ИЛИМИЙ СЫПАТТАМАСЫ''' (кар­тинасы) – дүйнө ж-дөгү ил. изилдөөлөрдүн неги­зинде түзүлгөн, ырасталган туташ элеси; жара­тылыштын жалпы касиеттери ж-а алардын өнү­гүп-өсүү закон ченемдүүлүктөрү туурасында та­бият таануунун негизги ил. түшүнүктөрүн, прин­циптерин жалпылоо ж-а синтездөөдөн алынган системасынын сүрөттөмөсү же ил. мүнөздөмөсү. 16–17-к-да табият таануунун ил.-теор. бөлүгү ке­ңири кулач жайып, ары тереңдеп өнүккөн доор­дон тартып, дүнүйө сыпаттамасынын атайын ил.
'''ДҮЙНӨНҮН ИЛИМИЙ СЫПАТТАМАСЫ''' (кар­тинасы) – дүйнө жөнүндөгү илимий изилдөөлөрдүн неги­зинде түзүлгөн, ырасталган туташ элеси; жара­тылыштын жалпы касиеттери ж-а алардын өнү­гүп-өсүү закон ченемдүүлүктөрү туурасында та­бият таануунун негизги илимий түшүнүктөрүн, прин­циптерин жалпылоо ж-а синтездөөдөн алынган системасынын сүрөттөмөсү же илимий мүнөздөмөсү. 16–17-кылымдарда табият таануунун илимий-теориялык бөлүгү ке­ңири кулач жайып, ары тереңдеп өнүккөн доор­дон тартып, дүнүйө сыпаттамасынын атайын илимий түшүнүгү ж-а илимий термини калыптана баштайт. 20-кылымдын илимий табият таануусунда дүйнөнүн физикалык сыпаттамасы да мына ошондой көч башында­гы орунда турса, 21-кылымдын башында Дүйнөнүн илимий сыпаттамасынын бет ачар өңүтүн маалыматтык сыпаттама ээле­ди. Дүйнөнүн илимий сыпаттамасы илимге чейинки же илимий эмес (мисалы, динчил) сыпаттан айырмасы – ал белгилүү бир фундаменталдык илимий теорияга (же теориялар­га) негизделет. Мисалы, 17–19-кылымдардагы окумуштуу­лар дүйнөнүн физикалык сыпаттамасын классикалык механика теориясынын базасында түзүшкөн. Азыркы учурдагы Дүйнөнүн илимий сыпаттамасынын өзөгүн кванттык механика, салыштырмалуулук (атайын ж-а жалпы) теориялары түзөт.
 
[[Категория:3-том, 86-170 бб]]
 
түшүнүгү ж-а ил. термини калыптана баштайт. 20-к-дын ил. табият таануусунда дүйнөнүн физ. сыпаттамасы да мына ошондой көч башында­гы орунда турса, 21-к-дын башында Д. и. с-нын бет ачар өңүтүн маалыматтык сыпаттама ээле­ди. Д. и. с. илимге чейинки же ил. эмес (мис., динчил) сыпаттан айырмасы – ал белгилүү бир фундаменталдык ил. теорияга (же теориялар­га) негизделет. Мис., 17–19-к-дагы окумуштуу­лар дүйнөнүн физ. сыпаттамасын классикалык механика теориясынын базасында түзүшкөн. Азыркы учурдагы Д. и. с-нын өзөгүн кванттык механика, салыштырмалуулук (атайын ж-а жалпы) теориялары түзөт. [[Категория:3-том, 86-170 бб]]
 

07:43, 17 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ДҮЙНӨНҮН ИЛИМИЙ СЫПАТТАМАСЫ (кар­тинасы) – дүйнө жөнүндөгү илимий изилдөөлөрдүн неги­зинде түзүлгөн, ырасталган туташ элеси; жара­тылыштын жалпы касиеттери ж-а алардын өнү­гүп-өсүү закон ченемдүүлүктөрү туурасында та­бият таануунун негизги илимий түшүнүктөрүн, прин­циптерин жалпылоо ж-а синтездөөдөн алынган системасынын сүрөттөмөсү же илимий мүнөздөмөсү. 16–17-кылымдарда табият таануунун илимий-теориялык бөлүгү ке­ңири кулач жайып, ары тереңдеп өнүккөн доор­дон тартып, дүнүйө сыпаттамасынын атайын илимий түшүнүгү ж-а илимий термини калыптана баштайт. 20-кылымдын илимий табият таануусунда дүйнөнүн физикалык сыпаттамасы да мына ошондой көч башында­гы орунда турса, 21-кылымдын башында Дүйнөнүн илимий сыпаттамасынын бет ачар өңүтүн маалыматтык сыпаттама ээле­ди. Дүйнөнүн илимий сыпаттамасы илимге чейинки же илимий эмес (мисалы, динчил) сыпаттан айырмасы – ал белгилүү бир фундаменталдык илимий теорияга (же теориялар­га) негизделет. Мисалы, 17–19-кылымдардагы окумуштуу­лар дүйнөнүн физикалык сыпаттамасын классикалык механика теориясынын базасында түзүшкөн. Азыркы учурдагы Дүйнөнүн илимий сыпаттамасынын өзөгүн кванттык механика, салыштырмалуулук (атайын ж-а жалпы) теориялары түзөт.