ДӨДӨМӨЛ-АК-ШЫЙРАК КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДӨДӨМӨЛ-АК-ШЫЙРАК КАПЧЫГАЙЫ''' Ички | '''ДӨДӨМӨЛ-АК-ШЫЙРАК КАПЧЫГАЙЫ''' Ички Теңир-Тоодогу Дөдөмөл ж-а Ак-Шыйрак тооло­рун Нарын дарыясы кесип өткөн жерде. Тогуз-Торо ж-а Ак-Талаа райондорунун аймагында. Узундугу Алабу­ганын чатынан (Нарындын сол куймасы) Кара- Кайыңдын чатына (оң куймасы) чейин 50 ''км''. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1800–2200 ''м'', капчыгайды чектеген тоолордун абсолюттук бийиктиги 3600–4000 ''м''. Ак-Шыйрак кырка тоосунун түндүк капталынан Кызыл-Жар тоосун көздөй созулган тектоникалык жа­рака тоонун түзүлүшүн экиге бөлөт. Жарака­нын түндүк бөлүгү капчыгайдын сол капталын түзөт. Ала-Букадан төмөн 20 ''км'' аралыкта туу­расы 1 ''км''ден 20–25 ''м''ге чейин кууш тартат. Төртүнчүлүк мезгилдеги тектирлердин калдык­тары суунун нугунан 300–400 ''м'' көтөрүңкү жа­тат. Кайыңды суусу кошулгандан кийин кап­чыгайдын туурасы кескин кууштайт (5–10 ''м''). Дарыянын нугу салыштырмалуу 1600 ''м''ден 1300 ''м''ге төмөндөп, суунун кескин жемириши­нен 1 ''км'' аралыкта 7 ''м''ге тик капталдуу, кууш жалама капчыгай түзүлүүдө. Дөдөмөл тоосу суу­нун нугунан 1400 ''м'' өйдө жатат. Негизинен аки­таш теги, доломит, кум, шагыл, сланец текте­ринен түзүлгөн. Капчыгайдын кооз рельефи ко­рукка айландырылган. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
Теңир-Тоодогу Дөдөмөл ж-а Ак-Шыйрак тооло­рун Нарын | |||
чектеген тоолордун | |||
05:51, 18 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДӨДӨМӨЛ-АК-ШЫЙРАК КАПЧЫГАЙЫ Ички Теңир-Тоодогу Дөдөмөл ж-а Ак-Шыйрак тоолорун Нарын дарыясы кесип өткөн жерде. Тогуз-Торо ж-а Ак-Талаа райондорунун аймагында. Узундугу Алабуганын чатынан (Нарындын сол куймасы) Кара- Кайыңдын чатына (оң куймасы) чейин 50 км. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1800–2200 м, капчыгайды чектеген тоолордун абсолюттук бийиктиги 3600–4000 м. Ак-Шыйрак кырка тоосунун түндүк капталынан Кызыл-Жар тоосун көздөй созулган тектоникалык жарака тоонун түзүлүшүн экиге бөлөт. Жараканын түндүк бөлүгү капчыгайдын сол капталын түзөт. Ала-Букадан төмөн 20 км аралыкта туурасы 1 кмден 20–25 мге чейин кууш тартат. Төртүнчүлүк мезгилдеги тектирлердин калдыктары суунун нугунан 300–400 м көтөрүңкү жатат. Кайыңды суусу кошулгандан кийин капчыгайдын туурасы кескин кууштайт (5–10 м). Дарыянын нугу салыштырмалуу 1600 мден 1300 мге төмөндөп, суунун кескин жемиришинен 1 км аралыкта 7 мге тик капталдуу, кууш жалама капчыгай түзүлүүдө. Дөдөмөл тоосу суунун нугунан 1400 м өйдө жатат. Негизинен акиташ теги, доломит, кум, шагыл, сланец тектеринен түзүлгөн. Капчыгайдын кооз рельефи корукка айландырылган.