ДӨРӨ-СУУ МРАМОР ОНИКСИ КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДӨРӨ-СУУ МРА́МОР ОНИКСИ КЕНИ''' Ысык-Көл | '''ДӨРӨ-СУУ МРА́МОР ОНИКСИ КЕНИ''' Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда, Чырпыкты кыш­тагынан 15 ''км'' түндүк-батышта, Күнгөй Ала-Тоонун түштүк капталындагы Дөрө-Суунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2000 ''м'' бийиктикте жайгашкан. 1966-жылы табылган. Кен аймагын палеогендин конгломе­раты м-н ордовиктин аягында пайда болгон гра­нит интрузиясы түзөт. Мрамор оникси көптөгөн майда тарамдар түрүндө, конгломерат м-н гра­ниттин кошулган жериндеги тектоникалык жаракада топтолгон. Алар топтолгон жердин жалпы аян­ты 50 ''м''<sup>2</sup>. Тарамчалардын калыңдыгы 1 ''см''ден 30–50 ''см''ге чейин. Майда темгилдүү оникс сар­гыч арагонит м-н кезектешип жайгашуусу боюнча айырмаланат. Арагониттүү мрамор оникси кооз, жездей сары түстө. Жакшы сайкалданат. Блоктуулугу 10Ч10Ч15 ''см''. Запасы 70 ''м''<sup>3</sup>. Белек­тик кооз буюмдарды, арагониттүү оникстен зергерчиликке керектүү асыл таштарды алууга болот. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
07:43, 18 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДӨРӨ-СУУ МРА́МОР ОНИКСИ КЕНИ Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда, Чырпыкты кыштагынан 15 км түндүк-батышта, Күнгөй Ала-Тоонун түштүк капталындагы Дөрө-Суунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2000 м бийиктикте жайгашкан. 1966-жылы табылган. Кен аймагын палеогендин конгломераты м-н ордовиктин аягында пайда болгон гранит интрузиясы түзөт. Мрамор оникси көптөгөн майда тарамдар түрүндө, конгломерат м-н граниттин кошулган жериндеги тектоникалык жаракада топтолгон. Алар топтолгон жердин жалпы аянты 50 м2. Тарамчалардын калыңдыгы 1 смден 30–50 смге чейин. Майда темгилдүү оникс саргыч арагонит м-н кезектешип жайгашуусу боюнча айырмаланат. Арагониттүү мрамор оникси кооз, жездей сары түстө. Жакшы сайкалданат. Блоктуулугу 10Ч10Ч15 см. Запасы 70 м3. Белектик кооз буюмдарды, арагониттүү оникстен зергерчиликке керектүү асыл таштарды алууга болот.