ДӨҢГӨЛӨК: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДӨҢГӨЛӨК''' – окто айлануучу тегерек диск же | '''ДӨҢГӨЛӨК''' – окто айлануучу тегерек диск же | ||
чабактуу алкак. | чабактуу алкак. Дөңгөлөк окту тегеренип эркин же ага бекитилип, ок м-н кошо айланат да, айлануу кыймылын берет же айлануу кыймылын баш­ка кыймылга өзгөртөт, ал эми транспорт кара­жатында болсо кыймылдын каршылыгын азай­тат. Алгачкы Дөңгөлөк жаргылчакта (кол тегирменде) дан майдалоо үчүн колдонулуп, эки тегерек те­гирмен ташынан турган. Алгачкы Дөңгөлөк жыгач ке­синдилеринен же үч пластинадан жасалган. Чабактуу Дөңгөлөк алгач б. з. ч. 2-миң жылдыкта бири­биринен алыс аралыкта жайгашкан Скандина­вия, Кытай ж-а Месопотамия аймактарында жа­салган. Байыркы арабаларда Дөңгөлөк окто айланган же окко бекем бекитилип, аны м-н чогуу айлан­ган. Орто кылымда Европада Дөңгөлөк күпчөктөн ж-а дубдан жасалган чабактардан турган. Анын бышыктыгын жогорулатып, жешилишин азай­туу үчүн темир алкак кийгизилген, ал кийин транспорт машиналарында шина м-н алмашыл­ган. Алгачкы чабактуу жеңил Дөңгөлөк 1808-жылы жа­салып, чабактар алкак м-н күпчөктүн ортосуна радиус б-ча жайгашкан, бирок кийинчерээк кай­чылаш жайгаштырылган тангенциалдык чабак­тар сунуш кылынган. Бул анын бышыктыгын жогорулаткан. Буу локомотивдеринде шире­тилген темир Дөңгөлөк колдонулган. Автомобилде азыркы учурда штампталган болот же куюлган алюминий дисктүү Дөңгөлөк пайдаланылат. Туташ ре­зинадан жасалган шина 1890-жылы пневматика­лык м-н алмаштырылган. Азыр Дөңгөлөк көпчүлүк ма­шинада айлануу тездигин ж-а кыймыл багы­тын өзгөртүү, горизонталь октон тик окко (же тескерисинче) кыймыл берүү (тасмалуу ж. б. кыймыл бергичте) үчүн колдонулат. | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
09:32, 18 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДӨҢГӨЛӨК – окто айлануучу тегерек диск же чабактуу алкак. Дөңгөлөк окту тегеренип эркин же ага бекитилип, ок м-н кошо айланат да, айлануу кыймылын берет же айлануу кыймылын башка кыймылга өзгөртөт, ал эми транспорт каражатында болсо кыймылдын каршылыгын азайтат. Алгачкы Дөңгөлөк жаргылчакта (кол тегирменде) дан майдалоо үчүн колдонулуп, эки тегерек тегирмен ташынан турган. Алгачкы Дөңгөлөк жыгач кесиндилеринен же үч пластинадан жасалган. Чабактуу Дөңгөлөк алгач б. з. ч. 2-миң жылдыкта бирибиринен алыс аралыкта жайгашкан Скандинавия, Кытай ж-а Месопотамия аймактарында жасалган. Байыркы арабаларда Дөңгөлөк окто айланган же окко бекем бекитилип, аны м-н чогуу айланган. Орто кылымда Европада Дөңгөлөк күпчөктөн ж-а дубдан жасалган чабактардан турган. Анын бышыктыгын жогорулатып, жешилишин азайтуу үчүн темир алкак кийгизилген, ал кийин транспорт машиналарында шина м-н алмашылган. Алгачкы чабактуу жеңил Дөңгөлөк 1808-жылы жасалып, чабактар алкак м-н күпчөктүн ортосуна радиус б-ча жайгашкан, бирок кийинчерээк кайчылаш жайгаштырылган тангенциалдык чабактар сунуш кылынган. Бул анын бышыктыгын жогорулаткан. Буу локомотивдеринде ширетилген темир Дөңгөлөк колдонулган. Автомобилде азыркы учурда штампталган болот же куюлган алюминий дисктүү Дөңгөлөк пайдаланылат. Туташ резинадан жасалган шина 1890-жылы пневматикалык м-н алмаштырылган. Азыр Дөңгөлөк көпчүлүк машинада айлануу тездигин ж-а кыймыл багытын өзгөртүү, горизонталь октон тик окко (же тескерисинче) кыймыл берүү (тасмалуу ж. б. кыймыл бергичте) үчүн колдонулат.