Part2 172-бет: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

Part2 172-бет

тыгыз байланышта кала берген (алардын кат жазышып тургандыктары ж-дө маалыматтар бар). Байыркы перипатетиктердин ичинен Е. – устатынын ишенимдүү ж-а эӊ кыйбас шакирти болгон. Е-дин Аристотелдин трактаттарын изил­деген текстологиялык (герменевтикалык) эмгек­тери аны антикалык аристотель таануучулар­дын ж-а чечмелөөчүлүк салттардын баштоочусу катары таанылткан. Байыркы мезгилдеги өтө баалуу ж-а көп цитаталанган тарыхый ил. ж-а дин таануу б-ча эмгектер – Аристотель тарабы­нан белгиленген «кабылданган ой-пикирлердин» энциклопедиялык жыйындысынын програм­масын диалектикалык жактан иштеп чыгууну жүзөгө ашыруу Е-дин эмгектеринин орчундуу бир салаасын түзөт. Буларга геометрия м-н арифметиканын, астрономия м-н теологиянын тарыхы кирет ж-а андагы келтирилген цитата­лар баа жеткис булактар бойдон калууда.