ЕФРЕМОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЕФРЕ́МОВ Филипп Сергеевич (1750–1811) – орус армиясынын унтер-офицери; кыргыздар ж-дө орустарга алгач маалымдаган жер кезгич. Е. Пугачёвдун көтөрүлүшүн басууга жөнөтүлгөн. 1774-ж. анын кошууну пугачёвчулар тарабынан талкаланганда, Е. колго түшүп, Бухаранын башкаруучусу Данияр бекке сатылат. Туткунда жүргөндө түрк, фарси тилдерин үйрөнүп, бухара аскеринин курамында Самарканд, Мерв, Чаржоу, Хиванын алдында салгылашкан. Данияр бекке таандык туткундардын ар бир бешинчиси орус болгондуктан, Е-дун аскердик билимин ж-а шыгын баалап, гвардиясына жүз башы кылган. Бирок Е. өз жерине кайтуу оюнан эч качан жанбаган. Хивалыктар м-н согушта жеӊишти кабарлоо үчүн аны Бухарага жөнөткөндө, катчыга акча берип, Коконго өтүүгө мүмкүндүк берүүчү элчиликтин грамотасын алып, жол тоскондорго өзүн соодагер деп көрсөтүп, туулган жерине карай узак сапарга аттанган. Россияга түз качуудан кооптонуп, адегенде Алай тоолорун ашып Кашкарга, ал жерден Мекеге ажылыкка баратам деп, Тибет ж-а Гималайды басып, Индияга жеткен. Ошентип, ал ошол учурдагы казак талааларын, Кара-Кум, Кызыл-Кум чөлдөрүн, Иранды, Бухараны, Кырг-нды, Кашкарды, Тибетти басып өткөн бирин-экин европалыктардын бирөө болуп калган. 1774–82-ж. аралыгындагы жер кезүүсүндө Е. жерг. тилдерди үйрөнүп, адат-салттарды өздөштүргөн. Индиядан кеме м-н Англияга келип (1782), орус элчисинин жардамы аркылуу 1782-ж. 26-августта Санкт- Петербургга жеткен. Кийин ал фарси ж. б. азия тилдери б-ча тышкы иштер коллегиясына жумушка кирген. Е-дун жазган отчёту 1786-ж.«Тогуз жылга созулган сапар (1774–82)» деген ат м-н китеп болуп чыгып, россиялыктарга мурда белгисиз эл – кыргыздар ж-дө кабар жеткен. Кыргыздар м-н казактардын аталышында фонет. жактан айырма барын белгилеп, Россияда киргискайсактар деп аталган элди – казактар деп, ал эми кыргыздар өзүнчө эл экенин так көрсөтүп ж-а «кыргыздар Бухариянын өзүндө эмес, ага жанаша жайгашкан Ош ш. м-н Кашкардын ортосунда жашап», алардын эч кимге көз каранды эместигин, жери Кокон м-н чектешип, ал жакка сатуу үчүн кой, мал, төөлөрдү айдап, бат-бат каттап турушарын белгилеген. Е. китебинин башында «Мен көргөн кордук, кыйынчылыктарым аркылуу өзүмдү даӊазалагым келбейт. Көргөн, билгендеримди жазууга европалыктар билбеген жерлер, элдер бар экендиги түрткү болду. Байыркы, жаӊы тарыхты окуп жатып, Кытай, Индия, Персия, Бухара, Хиванын аралыгында жашаган элдер ж-дө эч нерсе билбейбиз», – деп жазган. Бул эмгек Е. тирүү кезинде эле 3 жолу басылган.
Ад.: Девятилетнее странствие, 5-е изд. / Под. ред. Э. Мурзаева. М., 1952. В. Плоских.