ЕВКЛИДДИК ЭМЕС ГЕОМЕТРИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕВКЛИДДИК ЭМЕС ГЕОМЕ́ТРИЯ''' – ''евклид гео­метриясынан'' түздөн-түз айырмаланган бардык | '''ЕВКЛИДДИК ЭМЕС ГЕОМЕ́ТРИЯ''' – ''евклид гео­метриясынан'' түздөн-түз айырмаланган бардык геометриялык системалар. Евклиддик эмес геометриянын ичинен өзгөчө орун­ду ''лобачевский геометриясы'' ж-а ''риман геомет­риясы'' ээлейт. Лобачевский геометриясы – евк­лид геометриясынан айырмаланган биринчи геометриялык система. Бул айырма евклид геометрия­сынын бешинчи постулатында көрсөтүлгөндөй, берилген түз сызыкка ал түз сызыкта жатпаган чекит аркылуу бир гана жарыш түз сызык жүр­гүзүүгө болот. Ал эми лобачевский геометрия­сынын бешинчи постулатында берилген түз сы­зыкка ал түз сызыкта жатпаган чекит аркылуу чексиз көп жарыш түз сызыктарды жүргүзүүгө болот. Риман геометриясы лобачевский геомет­риясына караганда кийинчерээк ачылган. Би­ринчи көз карашта алар бири-бирине карама каршыдай көрүнгөн. Кийинки изилдөөлөр алар­дын тыгыз байланышта экенин көрсөткөн ж-а жалпы геометриялык изилдөөлөрдүн өнүгүшүнө түрткү болгон. Лобачевский геометриясында түз сызык­тагы чекиттердин ирети сызыктуу, башкача айтканда анык сандар иретине, ал эми риман геометриясында түз сызыкта жаткан чекиттердин ирети айла­нада жаткан чекиттердин иретине түспөл. Ан­дан сырткары евклид ж-а лобачевский геомет­рияларында берилген тегиздиктеги ар бир түз сызык ал тегиздикти эки бөлүккө бөлөт, ал эми риман геометриясында берилген түз сызык бе­рилген тегиздикти эки бөлүккө бөлбөйт, башкача айтканда бул тегиздикте жаткан берилген түз сызыкка тиешелүү болбогон каалагандай эки чекитти ал түз сызыкты кесип өтпөгөн үзгүлтүксүз жаа м-н туташтырса болот. | ||
чекит аркылуу бир гана жарыш түз сызык жүр­гүзүүгө болот. Ал эми лобачевский геометрия­сынын бешинчи постулатында берилген түз сы­зыкка ал түз сызыкта жатпаган чекит аркылуу | |||
чексиз көп жарыш түз сызыктарды жүргүзүүгө | |||
болот. Риман геометриясы лобачевский геомет­риясына караганда кийинчерээк ачылган. Би­ринчи көз карашта алар бири-бирине карама | |||
Ад.: ''Александров П. С''. Что такое неевклидова геометрия. М.; Л., 1936; ''Клейн Ф''. Неевклидова геометрия. М.; Л., 1936. | Ад.: ''Александров П. С''. Что такое неевклидова геометрия. М.; Л., 1936; ''Клейн Ф''. Неевклидова геометрия. М.; Л., 1936. | ||
А''. А. Бөрүбаев, А. А. Чекеев''. [[Категория:3-том, 172-214 бб]] | А''. А. Бөрүбаев, А. А. Чекеев''. [[Категория:3-том, 172-214 бб]] | ||
03:46, 21 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЕВКЛИДДИК ЭМЕС ГЕОМЕ́ТРИЯ – евклид геометриясынан түздөн-түз айырмаланган бардык геометриялык системалар. Евклиддик эмес геометриянын ичинен өзгөчө орунду лобачевский геометриясы ж-а риман геометриясы ээлейт. Лобачевский геометриясы – евклид геометриясынан айырмаланган биринчи геометриялык система. Бул айырма евклид геометриясынын бешинчи постулатында көрсөтүлгөндөй, берилген түз сызыкка ал түз сызыкта жатпаган чекит аркылуу бир гана жарыш түз сызык жүргүзүүгө болот. Ал эми лобачевский геометриясынын бешинчи постулатында берилген түз сызыкка ал түз сызыкта жатпаган чекит аркылуу чексиз көп жарыш түз сызыктарды жүргүзүүгө болот. Риман геометриясы лобачевский геометриясына караганда кийинчерээк ачылган. Биринчи көз карашта алар бири-бирине карама каршыдай көрүнгөн. Кийинки изилдөөлөр алардын тыгыз байланышта экенин көрсөткөн ж-а жалпы геометриялык изилдөөлөрдүн өнүгүшүнө түрткү болгон. Лобачевский геометриясында түз сызыктагы чекиттердин ирети сызыктуу, башкача айтканда анык сандар иретине, ал эми риман геометриясында түз сызыкта жаткан чекиттердин ирети айланада жаткан чекиттердин иретине түспөл. Андан сырткары евклид ж-а лобачевский геометрияларында берилген тегиздиктеги ар бир түз сызык ал тегиздикти эки бөлүккө бөлөт, ал эми риман геометриясында берилген түз сызык берилген тегиздикти эки бөлүккө бөлбөйт, башкача айтканда бул тегиздикте жаткан берилген түз сызыкка тиешелүү болбогон каалагандай эки чекитти ал түз сызыкты кесип өтпөгөн үзгүлтүксүз жаа м-н туташтырса болот.
Ад.: Александров П. С. Что такое неевклидова геометрия. М.; Л., 1936; Клейн Ф. Неевклидова геометрия. М.; Л., 1936.
А. А. Бөрүбаев, А. А. Чекеев.