ЕГИПЕТ ЖАЗУУСУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕГИ́ПЕТ ЖАЗУУСУ''' – дүйнөдөгү эӊ байыркы | '''ЕГИ́ПЕТ ЖАЗУУСУ''' – дүйнөдөгү эӊ байыркы жазуу системаларынын бири. Ал иероглиф, иератика жана демотика жазууларына бөлүнөт. Булардын негизгиси жана байыркысы – иерог­лиф. Адам, айбанат, өсүмдүк, имарат ж. б. сүрөт­төрүнүн негизинде түзүлгөн. Иероглифтер үнсүз тыбыштарды, ошондой эле 2–3 үнсүз тыбыштын айка­лышын билдирген (үндүүлөр белгиленген эмес) фонограммалардан жана өзүнчө сөз же түшүнүктү туюндурган идеограммалардан турат. Мындагы тексттердин байыркылары биздин заманга чейинки 3–2-кылымдарга, ки­йинкилери биздин замандын 3-кылымдарына таандык. Иероглиф жазуу­сунан көп кылымдар бою папируска түрдүү маа­нидеги тексттерди жазууда колдонулган курсив жазуусу – иератика чыккан. Биздин заманга чейинки 8–7-кылымдарда жаӊы курсив – демотика пайда болгон. Демотика иера­тикадан курсивдүү келип, лигатурасынын (бир эле тамганын бир нече тыбышты туюнтушу) көп болгондугу менен айырмаланган. Акыркы демо­тикалык тексттер биздин замандын 5-кылымына таандык. | ||
жазуу системаларынын бири. Ал иероглиф, иератика | |||
Ад.: ''Петровский Н. С''. Звуковые знаки египетского письма как система. М., 1978. [[Категория:3-том, 172-214 бб]] | Ад.: ''Петровский Н. С''. Звуковые знаки египетского письма как система. М., 1978. [[Категория:3-том, 172-214 бб]] | ||
03:13, 25 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЕГИ́ПЕТ ЖАЗУУСУ – дүйнөдөгү эӊ байыркы жазуу системаларынын бири. Ал иероглиф, иератика жана демотика жазууларына бөлүнөт. Булардын негизгиси жана байыркысы – иероглиф. Адам, айбанат, өсүмдүк, имарат ж. б. сүрөттөрүнүн негизинде түзүлгөн. Иероглифтер үнсүз тыбыштарды, ошондой эле 2–3 үнсүз тыбыштын айкалышын билдирген (үндүүлөр белгиленген эмес) фонограммалардан жана өзүнчө сөз же түшүнүктү туюндурган идеограммалардан турат. Мындагы тексттердин байыркылары биздин заманга чейинки 3–2-кылымдарга, кийинкилери биздин замандын 3-кылымдарына таандык. Иероглиф жазуусунан көп кылымдар бою папируска түрдүү маанидеги тексттерди жазууда колдонулган курсив жазуусу – иератика чыккан. Биздин заманга чейинки 8–7-кылымдарда жаӊы курсив – демотика пайда болгон. Демотика иератикадан курсивдүү келип, лигатурасынын (бир эле тамганын бир нече тыбышты туюнтушу) көп болгондугу менен айырмаланган. Акыркы демотикалык тексттер биздин замандын 5-кылымына таандык.
Ад.: Петровский Н. С. Звуковые знаки египетского письма как система. М., 1978.