ЕГИПЕТ ТААНУУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ЕГИ́ПЕТ ТААНУУ , '''е г и п т о л о г и я – Ба­йыркы Египеттин археол. эстеликтерин, арх­расын, мад-тын, жазуусун ж-а тилин изилдөөчү комплекстүү илим; чыгыш таануунун бир тар­магы. Е. т-га фр. илимпоз Ф. Шампольон негиз салган. Ал египет иероглиф жазууларын чеч­мелөө б-ча изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы туура­луу Париж академиясында билдирүү жасаган 1822-ж. 27-сентябрь Е. т. илими жаралган күн деп эсептелет. Ф. Шампольон Розетта ташы ж. б. эстеликтердеги жазууларды иликтеп, еги­пет жазуусун окуунун ачкычын тапкан, кийин египет тилинин 1-сөздүгүн ж-а грамматикасын түзгөн. 1828–30-ж. Шампольон Египет экспеди­циясына башчылык кылган, көптөгөн эстелик­терди жыйнап, аларды ил. жактан сыпаттап жазган. Шампольондун ишин улантышкан И. Розеллини (Италия), К. Р. Лепсиус, Г. Бругш, Г. Эберс (Германия), Э. Де Руже, Ф. Шабанын (Франция) Байыркы Египеттин тили, жазуусу ж-а тарыхы б-ча изилдөөлөрү бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жогото элек. 1851-жылдан Еги­петте археол. эстеликтерди изилдөө иштери сис­темалуу жүргүзүлүп келет. 19-к-дын 90-жылда­рында А. Эрман Е. т-нун берлин мектебин негиз­деген. 19-к-да Россияда Е. т. б-ча алгачкы изил­дөөлөр пайда болгон. Декабрист Г. С. Батеньков 1824-ж. Шампольондун «Иероглиф системасы­нын очерки» эмгегин кыскача баяндап чыккан. 1827-ж. 10-январда Шампольон Императордук ИАнын ардактуу мүчөсү болуп шайланган.
'''ЕГИ́ПЕТ ТААНУУ , '''е г и п т о л о г и я – Ба­йыркы Египеттин археологиялык эстеликтерин, арх­итектурасын, маданиятын, жазуусун ж-а тилин изилдөөчү комплекстүү илим; чыгыш таануунун бир тар­магы. Египет таанууга франциялык илимпоз Ф. Шампольон негиз салган. Ал египет иероглиф жазууларын чеч­мелөө боюнча изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы туура­луу Париж академиясында билдирүү жасаган 1822-жыл 27-сентябрь Египет таануу илими жаралган күн деп эсептелет. Ф. Шампольон Розетта ташы ж. б. эстеликтердеги жазууларды иликтеп, еги­пет жазуусун окуунун ачкычын тапкан, кийин египет тилинин 1-сөздүгүн ж-а грамматикасын түзгөн. 1828–30-жылдарда Шампольон Египет экспеди­циясына башчылык кылган, көптөгөн эстелик­терди жыйнап, аларды илимий жактан сыпаттап жазган. Шампольондун ишин улантышкан И. Розеллини (Италия), К. Р. Лепсиус, Г. Бругш, Г. Эберс (Германия), Э. Де Руже, Ф. Шабанын (Франция) Байыркы Египеттин тили, жазуусу ж-а тарыхы боюнча изилдөөлөрү бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жогото элек. 1851-жылдан Еги­петте археологиялык эстеликтерди изилдөө иштери сис­темалуу жүргүзүлүп келет. 19-кылымдын 90-жылда­рында А. Эрман Египет таануунун Берлин мектебин негиз­деген. 19-кылымда Россияда Египет таануу боюнча алгачкы изил­дөөлөр пайда болгон. Декабрист Г. С. Батеньков 1824-жылы Шампольондун «Иероглиф системасы­нын очерки» эмгегин кыскача баяндап чыккан. 1827-жылы 10-январда Шампольон Императордук ИАнын ардактуу мүчөсү болуп шайланган.


1826-ж. Императордук ИА Миландан байыркы Египетке тиешелүү көп коллекция алган, ал 1862-ж. Эрмитажга өткөрүлүп берилген. 19-к­дын акырында орус египет таануучусу В. С. Голе­нищев Египетке бир нече жолу экспедицияга барып, байыркы эстеликтерди жыйнаган, жа­зууларды көчүрүп алган. Ошонун натыйжасын­да Москвадагы А. С. Пушкин атн. сүрөт музейи жаӊы коллекциялар м-н толукталган. 1887-ж. орус египет таануучусу О. Э. Лемм Петербург ун-тинде Е. т. илими б-ча курс ачкан. Ал кур­сту 1896-жылдан Байыркы Египеттин тарыхы ж-а ад-ты б-ча эмгектердин автору Б. А. Тураев алып барган. 20-к-дын 20-ж-нда Г. Грапов, Г. Кеес, Э. Отто, В. Хельк (Германия), А. Гардинер, Б. Ганн, Э. Пит (Улуу Британия), П. Лако, Г. Лефевр, Э. Дриотон (Франция), Г. Юнкер (Авс­трия), С. Донадони (Италия), Д. Уилсон, Р. Пар­кер, Р. Каминос (АКШ), Ж. Вергот, Ж. Капар (Бельгия) ж. б. окумуштуулар тарабынан Е. т. илими улантылган. Асуан плотинасын куруу учурунда анын аймагында жайгашкан тары­хый эстеликтерди сактап калуу максатында ЮНЕСКОго караштуу атайын эл аралык к-т тү­зүлүп, Египетке ж-а Суданга бир катар өл­көлөрдөн археол. экспедициялар уюштурулган. Сов. египет таануучулар Батыш Европанын жак­шы салттарын өрчүткөн. Байыркы Египеттин социалдык-экон. мамилелерин сов. окумуштуу­лар, асыресе В. В. Струве кеӊ-кесири изилдеген. Дүйнөдөгү Е. т-нун ири борборлору болуп – Бер­лин, Бонн, Париж, Лондон, Москва, Санкт-Пе­тербург, Оксфорд, Чикаго, Бостон, Милан, Же­нева, Вена, Прага, Каир ш-лары саналат. Каир­деги Египет музейи – дүйнөдөгү байыркы еги­петтин эстеликтери сакталган эӊ ири музей. Египетте өкмөттүн уруксаты м-н бир катар
1826-жылы Императордук ИА Миландан байыркы Египетке тиешелүү көп коллекция алган, ал 1862-жылы Эрмитажга өткөрүлүп берилген. 19-кылым­дын акырында орус египет таануучусу В. С. Голе­нищев Египетке бир нече жолу экспедицияга барып, байыркы эстеликтерди жыйнаган, жа­зууларды көчүрүп алган. Ошонун натыйжасын­да Москвадагы А. С. Пушкин атындагы сүрөт музейи жаӊы коллекциялар м-н толукталган. 1887-жылы орус египет таануучусу О. Э. Лемм Петербург университетинде Египет таануу илими боюнча курс ачкан. Ал кур­сту 1896-жылдан Байыркы Египеттин тарыхы ж-а адабияты боюнча эмгектердин автору Б. А. Тураев алып барган. 20-кылымдын 20-жылдарында Г. Грапов, Г. Кеес, Э. Отто, В. Хельк (Германия), А. Гардинер, Б. Ганн, Э. Пит (Улуу Британия), П. Лако, Г. Лефевр, Э. Дриотон (Франция), Г. Юнкер (Авс­трия), С. Донадони (Италия), Д. Уилсон, Р. Пар­кер, Р. Каминос (АКШ), Ж. Вергот, Ж. Капар (Бельгия) ж. б. окумуштуулар тарабынан Египет таануу илими улантылган. Асуан плотинасын куруу учурунда анын аймагында жайгашкан тары­хый эстеликтерди сактап калуу максатында ЮНЕСКОго караштуу атайын эл аралык комитет тү­зүлүп, Египетке ж-а Суданга бир катар өл­көлөрдөн археологиялык экспедициялар уюштурулган. Советтик египет таануучулар Батыш Европанын жак­шы салттарын өрчүткөн. Байыркы Египеттин социалдык-экономикалык мамилелерин советтик окумуштуу­лар, асыресе В. В. Струве кеӊ-кесири изилдеген. Дүйнөдөгү Египет таануунун ири борборлору болуп – Бер­лин, Бонн, Париж, Лондон, Москва, Санкт-Пе­тербург, Оксфорд, Чикаго, Бостон, Милан, Же­нева, Вена, Прага, Каир шаарлары саналат. Каир­деги Египет музейи – дүйнөдөгү байыркы еги­петтин эстеликтери сакталган эӊ ири музей. Египетте өкмөттүн уруксаты м-н бир катар өлкөлөрдүн (АКШ, Улуу Британия, Бельгия, Италия, Германия, Нидерланд, Польша, Фран­ция) туруктуу ИИИлери, мекемелери иш жүр­гүзүп келет.  
өлкөлөрдүн (АКШ, Улуу Британия, Бельгия, Италия, Германия, Нидерланд, Польша, Фран­ция) туруктуу ИИИлери, мекемелери иш жүр­гүзүп келет.  


Ад.: История отечественного востоковедения до середины XIX в. М., 1990. [[Категория:3-том, 172-214 бб]]
Ад.: История отечественного востоковедения до середины XIX в. М., 1990. [[Категория:3-том, 172-214 бб]]

03:25, 25 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЕГИ́ПЕТ ТААНУУ , е г и п т о л о г и я – Ба­йыркы Египеттин археологиялык эстеликтерин, арх­итектурасын, маданиятын, жазуусун ж-а тилин изилдөөчү комплекстүү илим; чыгыш таануунун бир тар­магы. Египет таанууга франциялык илимпоз Ф. Шампольон негиз салган. Ал египет иероглиф жазууларын чеч­мелөө боюнча изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы туура­луу Париж академиясында билдирүү жасаган 1822-жыл 27-сентябрь Египет таануу илими жаралган күн деп эсептелет. Ф. Шампольон Розетта ташы ж. б. эстеликтердеги жазууларды иликтеп, еги­пет жазуусун окуунун ачкычын тапкан, кийин египет тилинин 1-сөздүгүн ж-а грамматикасын түзгөн. 1828–30-жылдарда Шампольон Египет экспеди­циясына башчылык кылган, көптөгөн эстелик­терди жыйнап, аларды илимий жактан сыпаттап жазган. Шампольондун ишин улантышкан И. Розеллини (Италия), К. Р. Лепсиус, Г. Бругш, Г. Эберс (Германия), Э. Де Руже, Ф. Шабанын (Франция) Байыркы Египеттин тили, жазуусу ж-а тарыхы боюнча изилдөөлөрү бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жогото элек. 1851-жылдан Еги­петте археологиялык эстеликтерди изилдөө иштери сис­темалуу жүргүзүлүп келет. 19-кылымдын 90-жылда­рында А. Эрман Египет таануунун Берлин мектебин негиз­деген. 19-кылымда Россияда Египет таануу боюнча алгачкы изил­дөөлөр пайда болгон. Декабрист Г. С. Батеньков 1824-жылы Шампольондун «Иероглиф системасы­нын очерки» эмгегин кыскача баяндап чыккан. 1827-жылы 10-январда Шампольон Императордук ИАнын ардактуу мүчөсү болуп шайланган.

1826-жылы Императордук ИА Миландан байыркы Египетке тиешелүү көп коллекция алган, ал 1862-жылы Эрмитажга өткөрүлүп берилген. 19-кылым­дын акырында орус египет таануучусу В. С. Голе­нищев Египетке бир нече жолу экспедицияга барып, байыркы эстеликтерди жыйнаган, жа­зууларды көчүрүп алган. Ошонун натыйжасын­да Москвадагы А. С. Пушкин атындагы сүрөт музейи жаӊы коллекциялар м-н толукталган. 1887-жылы орус египет таануучусу О. Э. Лемм Петербург университетинде Египет таануу илими боюнча курс ачкан. Ал кур­сту 1896-жылдан Байыркы Египеттин тарыхы ж-а адабияты боюнча эмгектердин автору Б. А. Тураев алып барган. 20-кылымдын 20-жылдарында Г. Грапов, Г. Кеес, Э. Отто, В. Хельк (Германия), А. Гардинер, Б. Ганн, Э. Пит (Улуу Британия), П. Лако, Г. Лефевр, Э. Дриотон (Франция), Г. Юнкер (Авс­трия), С. Донадони (Италия), Д. Уилсон, Р. Пар­кер, Р. Каминос (АКШ), Ж. Вергот, Ж. Капар (Бельгия) ж. б. окумуштуулар тарабынан Египет таануу илими улантылган. Асуан плотинасын куруу учурунда анын аймагында жайгашкан тары­хый эстеликтерди сактап калуу максатында ЮНЕСКОго караштуу атайын эл аралык комитет тү­зүлүп, Египетке ж-а Суданга бир катар өл­көлөрдөн археологиялык экспедициялар уюштурулган. Советтик египет таануучулар Батыш Европанын жак­шы салттарын өрчүткөн. Байыркы Египеттин социалдык-экономикалык мамилелерин советтик окумуштуу­лар, асыресе В. В. Струве кеӊ-кесири изилдеген. Дүйнөдөгү Египет таануунун ири борборлору болуп – Бер­лин, Бонн, Париж, Лондон, Москва, Санкт-Пе­тербург, Оксфорд, Чикаго, Бостон, Милан, Же­нева, Вена, Прага, Каир шаарлары саналат. Каир­деги Египет музейи – дүйнөдөгү байыркы еги­петтин эстеликтери сакталган эӊ ири музей. Египетте өкмөттүн уруксаты м-н бир катар өлкөлөрдүн (АКШ, Улуу Британия, Бельгия, Италия, Германия, Нидерланд, Польша, Фран­ция) туруктуу ИИИлери, мекемелери иш жүр­гүзүп келет.

Ад.: История отечественного востоковедения до середины XIX в. М., 1990.