ЕГИПЕТ ТААНУУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕГИ́ПЕТ ТААНУУ , '''е г и п т о л о г и я – Ба­йыркы Египеттин | '''ЕГИ́ПЕТ ТААНУУ , '''е г и п т о л о г и я – Ба­йыркы Египеттин археологиялык эстеликтерин, арх­итектурасын, маданиятын, жазуусун ж-а тилин изилдөөчү комплекстүү илим; чыгыш таануунун бир тар­магы. Египет таанууга франциялык илимпоз Ф. Шампольон негиз салган. Ал египет иероглиф жазууларын чеч­мелөө боюнча изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы туура­луу Париж академиясында билдирүү жасаган 1822-жыл 27-сентябрь Египет таануу илими жаралган күн деп эсептелет. Ф. Шампольон Розетта ташы ж. б. эстеликтердеги жазууларды иликтеп, еги­пет жазуусун окуунун ачкычын тапкан, кийин египет тилинин 1-сөздүгүн ж-а грамматикасын түзгөн. 1828–30-жылдарда Шампольон Египет экспеди­циясына башчылык кылган, көптөгөн эстелик­терди жыйнап, аларды илимий жактан сыпаттап жазган. Шампольондун ишин улантышкан И. Розеллини (Италия), К. Р. Лепсиус, Г. Бругш, Г. Эберс (Германия), Э. Де Руже, Ф. Шабанын (Франция) Байыркы Египеттин тили, жазуусу ж-а тарыхы боюнча изилдөөлөрү бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жогото элек. 1851-жылдан Еги­петте археологиялык эстеликтерди изилдөө иштери сис­темалуу жүргүзүлүп келет. 19-кылымдын 90-жылда­рында А. Эрман Египет таануунун Берлин мектебин негиз­деген. 19-кылымда Россияда Египет таануу боюнча алгачкы изил­дөөлөр пайда болгон. Декабрист Г. С. Батеньков 1824-жылы Шампольондун «Иероглиф системасы­нын очерки» эмгегин кыскача баяндап чыккан. 1827-жылы 10-январда Шампольон Императордук ИАнын ардактуу мүчөсү болуп шайланган. | ||
1826- | 1826-жылы Императордук ИА Миландан байыркы Египетке тиешелүү көп коллекция алган, ал 1862-жылы Эрмитажга өткөрүлүп берилген. 19-кылым­дын акырында орус египет таануучусу В. С. Голе­нищев Египетке бир нече жолу экспедицияга барып, байыркы эстеликтерди жыйнаган, жа­зууларды көчүрүп алган. Ошонун натыйжасын­да Москвадагы А. С. Пушкин атындагы сүрөт музейи жаӊы коллекциялар м-н толукталган. 1887-жылы орус египет таануучусу О. Э. Лемм Петербург университетинде Египет таануу илими боюнча курс ачкан. Ал кур­сту 1896-жылдан Байыркы Египеттин тарыхы ж-а адабияты боюнча эмгектердин автору Б. А. Тураев алып барган. 20-кылымдын 20-жылдарында Г. Грапов, Г. Кеес, Э. Отто, В. Хельк (Германия), А. Гардинер, Б. Ганн, Э. Пит (Улуу Британия), П. Лако, Г. Лефевр, Э. Дриотон (Франция), Г. Юнкер (Авс­трия), С. Донадони (Италия), Д. Уилсон, Р. Пар­кер, Р. Каминос (АКШ), Ж. Вергот, Ж. Капар (Бельгия) ж. б. окумуштуулар тарабынан Египет таануу илими улантылган. Асуан плотинасын куруу учурунда анын аймагында жайгашкан тары­хый эстеликтерди сактап калуу максатында ЮНЕСКОго караштуу атайын эл аралык комитет тү­зүлүп, Египетке ж-а Суданга бир катар өл­көлөрдөн археологиялык экспедициялар уюштурулган. Советтик египет таануучулар Батыш Европанын жак­шы салттарын өрчүткөн. Байыркы Египеттин социалдык-экономикалык мамилелерин советтик окумуштуу­лар, асыресе В. В. Струве кеӊ-кесири изилдеген. Дүйнөдөгү Египет таануунун ири борборлору болуп – Бер­лин, Бонн, Париж, Лондон, Москва, Санкт-Пе­тербург, Оксфорд, Чикаго, Бостон, Милан, Же­нева, Вена, Прага, Каир шаарлары саналат. Каир­деги Египет музейи – дүйнөдөгү байыркы еги­петтин эстеликтери сакталган эӊ ири музей. Египетте өкмөттүн уруксаты м-н бир катар өлкөлөрдүн (АКШ, Улуу Британия, Бельгия, Италия, Германия, Нидерланд, Польша, Фран­ция) туруктуу ИИИлери, мекемелери иш жүр­гүзүп келет. | ||
өлкөлөрдүн (АКШ, Улуу Британия, Бельгия, Италия, Германия, Нидерланд, Польша, Фран­ция) туруктуу ИИИлери, мекемелери иш жүр­гүзүп келет. | |||
Ад.: История отечественного востоковедения до середины XIX в. М., 1990. [[Категория:3-том, 172-214 бб]] | Ад.: История отечественного востоковедения до середины XIX в. М., 1990. [[Категория:3-том, 172-214 бб]] | ||
03:25, 25 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЕГИ́ПЕТ ТААНУУ , е г и п т о л о г и я – Байыркы Египеттин археологиялык эстеликтерин, архитектурасын, маданиятын, жазуусун ж-а тилин изилдөөчү комплекстүү илим; чыгыш таануунун бир тармагы. Египет таанууга франциялык илимпоз Ф. Шампольон негиз салган. Ал египет иероглиф жазууларын чечмелөө боюнча изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы тууралуу Париж академиясында билдирүү жасаган 1822-жыл 27-сентябрь Египет таануу илими жаралган күн деп эсептелет. Ф. Шампольон Розетта ташы ж. б. эстеликтердеги жазууларды иликтеп, египет жазуусун окуунун ачкычын тапкан, кийин египет тилинин 1-сөздүгүн ж-а грамматикасын түзгөн. 1828–30-жылдарда Шампольон Египет экспедициясына башчылык кылган, көптөгөн эстеликтерди жыйнап, аларды илимий жактан сыпаттап жазган. Шампольондун ишин улантышкан И. Розеллини (Италия), К. Р. Лепсиус, Г. Бругш, Г. Эберс (Германия), Э. Де Руже, Ф. Шабанын (Франция) Байыркы Египеттин тили, жазуусу ж-а тарыхы боюнча изилдөөлөрү бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жогото элек. 1851-жылдан Египетте археологиялык эстеликтерди изилдөө иштери системалуу жүргүзүлүп келет. 19-кылымдын 90-жылдарында А. Эрман Египет таануунун Берлин мектебин негиздеген. 19-кылымда Россияда Египет таануу боюнча алгачкы изилдөөлөр пайда болгон. Декабрист Г. С. Батеньков 1824-жылы Шампольондун «Иероглиф системасынын очерки» эмгегин кыскача баяндап чыккан. 1827-жылы 10-январда Шампольон Императордук ИАнын ардактуу мүчөсү болуп шайланган.
1826-жылы Императордук ИА Миландан байыркы Египетке тиешелүү көп коллекция алган, ал 1862-жылы Эрмитажга өткөрүлүп берилген. 19-кылымдын акырында орус египет таануучусу В. С. Голенищев Египетке бир нече жолу экспедицияга барып, байыркы эстеликтерди жыйнаган, жазууларды көчүрүп алган. Ошонун натыйжасында Москвадагы А. С. Пушкин атындагы сүрөт музейи жаӊы коллекциялар м-н толукталган. 1887-жылы орус египет таануучусу О. Э. Лемм Петербург университетинде Египет таануу илими боюнча курс ачкан. Ал курсту 1896-жылдан Байыркы Египеттин тарыхы ж-а адабияты боюнча эмгектердин автору Б. А. Тураев алып барган. 20-кылымдын 20-жылдарында Г. Грапов, Г. Кеес, Э. Отто, В. Хельк (Германия), А. Гардинер, Б. Ганн, Э. Пит (Улуу Британия), П. Лако, Г. Лефевр, Э. Дриотон (Франция), Г. Юнкер (Австрия), С. Донадони (Италия), Д. Уилсон, Р. Паркер, Р. Каминос (АКШ), Ж. Вергот, Ж. Капар (Бельгия) ж. б. окумуштуулар тарабынан Египет таануу илими улантылган. Асуан плотинасын куруу учурунда анын аймагында жайгашкан тарыхый эстеликтерди сактап калуу максатында ЮНЕСКОго караштуу атайын эл аралык комитет түзүлүп, Египетке ж-а Суданга бир катар өлкөлөрдөн археологиялык экспедициялар уюштурулган. Советтик египет таануучулар Батыш Европанын жакшы салттарын өрчүткөн. Байыркы Египеттин социалдык-экономикалык мамилелерин советтик окумуштуулар, асыресе В. В. Струве кеӊ-кесири изилдеген. Дүйнөдөгү Египет таануунун ири борборлору болуп – Берлин, Бонн, Париж, Лондон, Москва, Санкт-Петербург, Оксфорд, Чикаго, Бостон, Милан, Женева, Вена, Прага, Каир шаарлары саналат. Каирдеги Египет музейи – дүйнөдөгү байыркы египеттин эстеликтери сакталган эӊ ири музей. Египетте өкмөттүн уруксаты м-н бир катар өлкөлөрдүн (АКШ, Улуу Британия, Бельгия, Италия, Германия, Нидерланд, Польша, Франция) туруктуу ИИИлери, мекемелери иш жүргүзүп келет.
Ад.: История отечественного востоковедения до середины XIX в. М., 1990.