ЕДИГЕЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ЕДИГЕ́Й , '''И д и г у (1352, кээ бир даректерде
'''ЕДИГЕ́Й , '''И д и г у (1352, кээ бир даректерде
1360–1419/23) – маӊгыт уруусунан чыккан Ак Ордо эмирлеринин бири. «Мунтахаб ат-тауари­хи Муиниди» деген эмгекте Токтомуш хандын колунан каза болгон Балтычак Е-дин атасы экени айтылат. 1396-жылдан Едил (Волга), Жа­йык (Урал) суулары аралыгында өз алдынча бий­лик жүргүзүүгө жетишкен. Е. негиз салган Но­гой Ордосу анын уулу Нураддиндин (1426–40-ж. башкарган) тушунда толук калыптанган. Кут­лук-Темир м-н бирге ''Токтомуш ханга'' кар­шы согуш жүргүзүп, ал өлгөндөн кийин (1399) иш жүзүндө Алтын Ордодогу бийликти өз ко­луна алып, мурдагы Жучу улусуна караган ай­макты акыркы жолу бириктирген Е. болгон. 1406-ж. Батыш Сибирде Токтомушту өлтүрүп, 1407-ж. Булгар хандыгына жүрүш уюштурган. Алтын Ордого кайрадан салык төлөтүү үчүн орустарга аттанып барып (1408), Серпухов, Дмитров, Ростов ж. б. ш-ларды талкалап, Моск­ваны курчоого алган, бирок багындыра албай кайткан. Алтын Ордодо башталган так талашуу­лардын натыйжасында 1410–12-ж. Хорезмге ка­чууга аргасыз болгон. Бирок ал жактагы Герат
1360–1419/23) – маӊгыт уруусунан чыккан Ак Ордо эмирлеринин бири. «Мунтахаб ат-тауари­хи Муиниди» деген эмгекте Токтомуш хандын колунан каза болгон Балтычак Едигейдин атасы экени айтылат. 1396-жылдан Едил (Волга), Жа­йык (Урал) суулары аралыгында өз алдынча бий­лик жүргүзүүгө жетишкен. Едигей негиз салган Но­гой Ордосу анын уулу Нураддиндин (1426–40-жылдары башкарган) тушунда толук калыптанган. Кут­лук-Темир м-н бирге ''Токтомуш ханга'' кар­шы согуш жүргүзүп, ал өлгөндөн кийин (1399) иш жүзүндө Алтын Ордодогу бийликти өз ко­луна алып, мурдагы Жучу улусуна караган ай­макты акыркы жолу бириктирген Едигей болгон. 1406-жылы  Батыш Сибирде Токтомушту өлтүрүп, 1407-жылы Булгар хандыгына жүрүш уюштурган. Алтын Ордого кайрадан салык төлөтүү үчүн орустарга аттанып барып (1408), Серпухов, Дмитров, Ростов ж. б. шаарларды талкалап, Моск­ваны курчоого алган, бирок багындыра албай кайткан. Алтын Ордодо башталган так талашуу­лардын натыйжасында 1410–12-жылы Хорезмге ка­чууга аргасыз болгон. Бирок ал жактагы Герат ханы Шахрук тарабынан куулуп чыгып (1414), Сарайчук шаарына жакын жерде Токтомуштун уул­дары колдуу өлгөн. Түрк тилинде сүйлөгөн элдер (ногой, башкыр, татар, кара калпак) айткан «''Едигей''» эпосунун башкы каарманы. Кыргыз фольклорунда да көп кезигет.  
ханы Шахрук тарабынан куулуп чыгып (1414), Сарайчук ш-на жакын жерде Токтомуштун уул­дары колдуу өлгөн. Түрк тилинде сүйлөгөн элдер (ногой, башкыр, татар, кара калпак) айткан
«''Едигей''» эпосунун башкы каарманы. Кыргыз фольклорунда да көп кезигет.  


Ад.: ''Жирмунский В. М.'' Тюркский георический эпос. Избр. труды. Л., 1974; ''Трепавлов В. В.'' История Но­гайской Орды. М., 2001; ''Селезнев Ю. В.'' Политик и полководец Золотой Орды Эмир Идигу (Едигей). Во­ронеж, 2001. [[Категория:3-том, 172-214 бб]]
Ад.: ''Жирмунский В. М.'' Тюркский георический эпос. Избр. труды. Л., 1974; ''Трепавлов В. В.'' История Но­гайской Орды. М., 2001; ''Селезнев Ю. В.'' Политик и полководец Золотой Орды Эмир Идигу (Едигей). Во­ронеж, 2001. [[Категория:3-том, 172-214 бб]]

03:45, 25 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЕДИГЕ́Й , И д и г у (1352, кээ бир даректерде 1360–1419/23) – маӊгыт уруусунан чыккан Ак Ордо эмирлеринин бири. «Мунтахаб ат-тауари­хи Муиниди» деген эмгекте Токтомуш хандын колунан каза болгон Балтычак Едигейдин атасы экени айтылат. 1396-жылдан Едил (Волга), Жа­йык (Урал) суулары аралыгында өз алдынча бий­лик жүргүзүүгө жетишкен. Едигей негиз салган Но­гой Ордосу анын уулу Нураддиндин (1426–40-жылдары башкарган) тушунда толук калыптанган. Кут­лук-Темир м-н бирге Токтомуш ханга кар­шы согуш жүргүзүп, ал өлгөндөн кийин (1399) иш жүзүндө Алтын Ордодогу бийликти өз ко­луна алып, мурдагы Жучу улусуна караган ай­макты акыркы жолу бириктирген Едигей болгон. 1406-жылы Батыш Сибирде Токтомушту өлтүрүп, 1407-жылы Булгар хандыгына жүрүш уюштурган. Алтын Ордого кайрадан салык төлөтүү үчүн орустарга аттанып барып (1408), Серпухов, Дмитров, Ростов ж. б. шаарларды талкалап, Моск­ваны курчоого алган, бирок багындыра албай кайткан. Алтын Ордодо башталган так талашуу­лардын натыйжасында 1410–12-жылы Хорезмге ка­чууга аргасыз болгон. Бирок ал жактагы Герат ханы Шахрук тарабынан куулуп чыгып (1414), Сарайчук шаарына жакын жерде Токтомуштун уул­дары колдуу өлгөн. Түрк тилинде сүйлөгөн элдер (ногой, башкыр, татар, кара калпак) айткан «Едигей» эпосунун башкы каарманы. Кыргыз фольклорунда да көп кезигет.

Ад.: Жирмунский В. М. Тюркский георический эпос. Избр. труды. Л., 1974; Трепавлов В. В. История Но­гайской Орды. М., 2001; Селезнев Ю. В. Политик и полководец Золотой Орды Эмир Идигу (Едигей). Во­ронеж, 2001.