ЕКАТЕРИНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ЕКАТЕРИ́НА II '''Алексеевна [21.4 (2.5).1729,
'''ЕКАТЕРИ&#769;НА II Алексеевна''' [21.4 (2.5).1729, Штеттин шаары – 6 (17).11.1796, Царское Село (азыркы Пушкин шаары)] – Россия императору (1762–96). Немис принцессасы, өз аты Софья Фре&shy;дерика Августа Анхальт-Цербстская. 1744-жылы Россияга келип, Екатерина Алексеевна аталган. 1745-жылы император Пётр IIIгө турмушка чыккан. 1762-жылы 28-июнда бир тууган Орловдордун же&shy;текчилигинде гвардияга таянуу м-н сарай төӊкө&shy;рүшүн уюштуруп, күйөөсүнүн ордуна бийликке келген. Өз заманынын алдыӊкы ойчулдары – Дидро ж-а Вольтер м-н кат алышып турган ж-а алардын философиясына ылайык башкарууну каалаган. 1775-жылы губерниялык башкаруу боюнча реформа жүргүзүп, жер-жердеги бюрократиялык аппараттарды бекемдеген. 1785-жылы  жарыялан&shy;ган «Дворяндардын сый грамотасы» сыяктуу ча&shy;ралары дворяндар өкмөтүнүн бийлигин чыӊда&shy;ган. Крепостнойлук укуктун андан ары бекем&shy;делишинен келип чыккан Е. И. Пугачёв баш&shy;таган дыйкандар согушун (1773–75) аёосуз бас&shy;кан. Екатерина IIнин тушундагы Түркия м-н болгон со&shy;гуштардын жыйынтыгында Россия флоту Кара деӊизге чыгууга мүмкүнчүлүк алган, Түндүк Кара деӊиз бою, Крым, Кубань каратылган. 1783-жылы<br>Чыгыш Грузияда Россия протектораты орногон. Екатерина II Речь Посполитаны (Польшаны) үч жолу (1772, 1793, 1795) бөлүүгө катышып, Батыш Ук&shy;раина ж-а Беларуссиянын көп жери, Литва Россияга өткөн. 1786-жылы 15-мартта Петербург шаарында Екатерина II ''Абдырахман'' Кучак уулу жетектеген кыргыз элчилигин кабыл алган. Алар импера&shy;торго Атаке бийдин атынан жазылган катты ж-а баалуу белектерди тапшырышкан. Катта кыргыз бийи орус император айымды урматтай
Штеттин ш. – 6 (17).11.1796, Царское Село (азыркы Пушкин ш.)] – Россия императору (1762–96). Немис принцессасы, өз аты Софья Фре&shy;дерика Августа Анхальт-Цербстская. 1744-ж. Россияга келип, Екатерина Алексеевна аталган. 1745-ж. император Пётр IIIгө турмушка чыккан. 1762-ж. 28-июнда бир тууган Орловдордун же&shy;текчилигинде гвардияга таянуу м-н сарай төӊкө&shy;рүшүн уюштуруп, күйөөсүнүн ордуна бийликке келген. Өз заманынын алдыӊкы ойчулдары – Дидро ж-а Вольтер м-н кат алышып турган ж-а алардын философиясына ылайык башкарууну каалаган. 1775-ж. губерниялык башкаруу б-ча реформа жүргүзүп, жер-жердеги бюрократиялык аппараттарды бекемдеген. 1785-ж. жарыялан&shy;ган «Дворяндардын сый грамотасы» сыяктуу ча&shy;ралары дворяндар өкмөтүнүн бийлигин чыӊда&shy;ган. Крепостнойлук укуктун андан ары бекем&shy;делишинен келип чыккан Е. И. Пугачёв баш&shy;таган дыйкандар согушун (1773–75) аёосуз бас&shy;кан. Е. IIнин тушундагы Түркия м-н болгон со&shy;гуштардын жыйынтыгында Россия флоту Кара деӊизге чыгууга мүмкүнчүлүк алган, Түн. Кара деӊиз бою, Крым, Кубань каратылган. 1783-ж.
<br>Чыгыш Грузияда Россия протектораты орногон. Е. II Речь Посполитаны (Польшаны) үч жолу (1772, 1793, 1795) бөлүүгө катышып, Батыш Ук&shy;раина ж-а Беларуссиянын көп жери, Литва Россияга өткөн. 1786-ж. 15-мартта Петербург ш-нда Е. II ''Абдырахман'' Кучак уулу жетектеген кыргыз элчилигин кабыл алган. Алар импера&shy;торго Атаке бийдин атынан жазылган катты ж-а баалуу белектерди тапшырышкан. Катта кыргыз бийи орус император айымды урматтай


[[File:ЕКАТЕРИНА36.png | thumb | none]]
[[File:ЕКАТЕРИНА36.png | thumb | none]]
7 сап: 5 сап:




турганы, кыргыз жери аркылуу орус кербенде&shy;ринин эркин өтүшүнө, алардын коопсуздугун коргоого кепил болору айтылган. Е. II жооп ка&shy;тары Атакеге 800 рубль күмүш акча белек бе&shy;рип жиберген.


Ад.: ''Тарле Е. В''. Екатерина Вторая и её дипломатия.
турганы, кыргыз жери аркылуу орус кербенде&shy;ринин эркин өтүшүнө, алардын коопсуздугун коргоого кепил болору айтылган. Екатерина II жооп ка&shy;тары Атакеге 800 рубль күмүш акча белек бе&shy;рип жиберген.  
Ч. 1–2. М., 1945; ''Мадарнага И.'' Екатерина Великая и её эпоха. М., 2006. [[Категория:3-том, 172-214 бб]]


Ад.: ''Тарле Е. В''. Екатерина Вторая и её дипломатия. Ч. 1–2. М., 1945; ''Мадарнага И.'' Екатерина Великая и её эпоха. М., 2006. [[Категория:3-том, 172-214 бб]]

03:54, 25 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЕКАТЕРИ́НА II Алексеевна [21.4 (2.5).1729, Штеттин шаары – 6 (17).11.1796, Царское Село (азыркы Пушкин шаары)] – Россия императору (1762–96). Немис принцессасы, өз аты Софья Фре­дерика Августа Анхальт-Цербстская. 1744-жылы Россияга келип, Екатерина Алексеевна аталган. 1745-жылы император Пётр IIIгө турмушка чыккан. 1762-жылы 28-июнда бир тууган Орловдордун же­текчилигинде гвардияга таянуу м-н сарай төӊкө­рүшүн уюштуруп, күйөөсүнүн ордуна бийликке келген. Өз заманынын алдыӊкы ойчулдары – Дидро ж-а Вольтер м-н кат алышып турган ж-а алардын философиясына ылайык башкарууну каалаган. 1775-жылы губерниялык башкаруу боюнча реформа жүргүзүп, жер-жердеги бюрократиялык аппараттарды бекемдеген. 1785-жылы жарыялан­ган «Дворяндардын сый грамотасы» сыяктуу ча­ралары дворяндар өкмөтүнүн бийлигин чыӊда­ган. Крепостнойлук укуктун андан ары бекем­делишинен келип чыккан Е. И. Пугачёв баш­таган дыйкандар согушун (1773–75) аёосуз бас­кан. Екатерина IIнин тушундагы Түркия м-н болгон со­гуштардын жыйынтыгында Россия флоту Кара деӊизге чыгууга мүмкүнчүлүк алган, Түндүк Кара деӊиз бою, Крым, Кубань каратылган. 1783-жылы
Чыгыш Грузияда Россия протектораты орногон. Екатерина II Речь Посполитаны (Польшаны) үч жолу (1772, 1793, 1795) бөлүүгө катышып, Батыш Ук­раина ж-а Беларуссиянын көп жери, Литва Россияга өткөн. 1786-жылы 15-мартта Петербург шаарында Екатерина II Абдырахман Кучак уулу жетектеген кыргыз элчилигин кабыл алган. Алар импера­торго Атаке бийдин атынан жазылган катты ж-а баалуу белектерди тапшырышкан. Катта кыргыз бийи орус император айымды урматтай

Екатерина II. Д. Г. Левицкий тарткан портрет. 1783. Третьяков галереясы. Москва.


турганы, кыргыз жери аркылуу орус кербенде­ринин эркин өтүшүнө, алардын коопсуздугун коргоого кепил болору айтылган. Екатерина II жооп ка­тары Атакеге 800 рубль күмүш акча белек бе­рип жиберген.

Ад.: Тарле Е. В. Екатерина Вторая и её дипломатия. Ч. 1–2. М., 1945; Мадарнага И. Екатерина Великая и её эпоха. М., 2006.