ЕКАТЕРИНБУРГ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕКАТЕРИНБУ́РГ''' (1924 – 91- | '''ЕКАТЕРИНБУ́РГ''' (1924 – 91-жылдарда С в е р д ­л о в с к) – Россиядагы шаар. Свердлов облусунун борбору. Ортоӊку Уралдын капталында, Исеть дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2024); калкынын саны боюнча Россиядагы 4-шаар (Москва, Санкт-Петербург, Новосибирскиден кийин). Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен (1991). 1940-жылдын башында шаарда 85 завод, фаб­рика иштеген. Улуу Ата Мекендик Согуш мезгилин­де алардын 50дөн ашыгы эвакуацияланган. Учурда оор машина ж-а прибор куруу, металл иштетүү, кара металлургия ж-а химия өнөр жайы өнүк­көн. Ири ишканалары: «Уралмаш» (кен байы­туу, металлургия ж-а энергетика жабдуулары, домна меши ж. б.), «Уралтрансмаш» (нефть жабдуулары, трамвай вагондору, жүргүнчү лифт­тер, үчүн тетиктер), «Уралхиммаш» (химия өнөр жайы үчүн жабдуулар), «Уралэлектротяжмаш-Урал­гидромаш», «Труба-мотор заводу» ж. б. өндүрүш бирикмелери. Ошондой эле так механика, оптика, муз­даткыч жасоочу ж. б. заводдору, кара метал­лургия («Жогорку Исеть металлургия заводу»), электр-техника (кабель, трансформатор ж. б.), химия, тамак-аш-татымал өнөр жай ишканалары, асыл таштардан асем буюмдарды жасоочу «Урал асыл таштары» заводу, «Калина» концерни (космети­ка, тиричилик химиясы) иштейт. Россия ИАнын Урал бөлүмү, 137 ИИИ, 28 ЖОЖ (анын ичинде Урал тоо университети, медициналык академия ж.б.), китепканалар, музейлер бар. Шаар 1723-жылы металлургия заводунун курулушуна байланыштуу негизделген. Россия императору Екатерина Iнин урматына аталган. 1781-жылдан шаар. Классицизм | ||
үчүн жабдуулар), «Уралэлектротяжмаш-Урал­гидромаш», «Труба-мотор заводу» ж. б. өндүрүш бирикмелери. | [[File:ЕКАТЕРИНБУРГ38.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] стилинде курулган Расторгуев-Харитонов | ||
[[File:ЕКАТЕРИНБУРГ38.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | чарбагы (19-кылымдын башы), Тоо канцеляриясы (18–19-кылымдар), Александр Невский собору (19-кылым) ж. б. сакталган. Екатеринбург – Уралдын ири финансы бор­бору; 50дөн ашык коммерциялык банк (анын ичинде Рос­сиянын ири банктарынын филиалдары) иштейт. 2006-жылы В. А. Курочкин атындагы мюзикл ж-а опера артисттеринин эл аралык алгачкы конкурсу, 2003-жылы Урал-Сибирь илимий-өнөр жай көргөзмөсү өт­көрүлгөн. [[Категория:3-том, 172-214 бб]] | ||
чарбагы (19- | |||
04:15, 25 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЕКАТЕРИНБУ́РГ (1924 – 91-жылдарда С в е р д л о в с к) – Россиядагы шаар. Свердлов облусунун борбору. Ортоӊку Уралдын капталында, Исеть дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2024); калкынын саны боюнча Россиядагы 4-шаар (Москва, Санкт-Петербург, Новосибирскиден кийин). Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен (1991). 1940-жылдын башында шаарда 85 завод, фабрика иштеген. Улуу Ата Мекендик Согуш мезгилинде алардын 50дөн ашыгы эвакуацияланган. Учурда оор машина ж-а прибор куруу, металл иштетүү, кара металлургия ж-а химия өнөр жайы өнүккөн. Ири ишканалары: «Уралмаш» (кен байытуу, металлургия ж-а энергетика жабдуулары, домна меши ж. б.), «Уралтрансмаш» (нефть жабдуулары, трамвай вагондору, жүргүнчү лифттер, үчүн тетиктер), «Уралхиммаш» (химия өнөр жайы үчүн жабдуулар), «Уралэлектротяжмаш-Уралгидромаш», «Труба-мотор заводу» ж. б. өндүрүш бирикмелери. Ошондой эле так механика, оптика, муздаткыч жасоочу ж. б. заводдору, кара металлургия («Жогорку Исеть металлургия заводу»), электр-техника (кабель, трансформатор ж. б.), химия, тамак-аш-татымал өнөр жай ишканалары, асыл таштардан асем буюмдарды жасоочу «Урал асыл таштары» заводу, «Калина» концерни (косметика, тиричилик химиясы) иштейт. Россия ИАнын Урал бөлүмү, 137 ИИИ, 28 ЖОЖ (анын ичинде Урал тоо университети, медициналык академия ж.б.), китепканалар, музейлер бар. Шаар 1723-жылы металлургия заводунун курулушуна байланыштуу негизделген. Россия императору Екатерина Iнин урматына аталган. 1781-жылдан шаар. Классицизм

стилинде курулган Расторгуев-Харитонов
чарбагы (19-кылымдын башы), Тоо канцеляриясы (18–19-кылымдар), Александр Невский собору (19-кылым) ж. б. сакталган. Екатеринбург – Уралдын ири финансы борбору; 50дөн ашык коммерциялык банк (анын ичинде Россиянын ири банктарынын филиалдары) иштейт. 2006-жылы В. А. Курочкин атындагы мюзикл ж-а опера артисттеринин эл аралык алгачкы конкурсу, 2003-жылы Урал-Сибирь илимий-өнөр жай көргөзмөсү өткөрүлгөн.