ЕЛҮЙ ДАШИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕЛҮЙ ДАШИ''' (кыт. Чжундэ, 1087–1143) – Елүй Абаозцы тукумунун сегизинчи муундагы өкүлү, Жети-Суудагы Кара кытай (Кидан, кытайча Си Ляо) мамлекетин (1125–1212) негиздөөчү. Улуу Ляо ''чжурчжендер'' тарабынан талкаланып, бы­тырандыга учураганда | '''ЕЛҮЙ ДАШИ''' (кыт. Чжундэ, 1087–1143) – Елүй Абаозцы тукумунун сегизинчи муундагы өкүлү, Жети-Суудагы Кара кытай (Кидан, кытайча Си Ляо) мамлекетин (1125–1212) негиздөөчү. Улуу Ляо ''чжурчжендер'' тарабынан талкаланып, бы­тырандыга учураганда Елүй Даши өзүнө жакын 200 чамалуу кишиси м-н алардан качып, Моӊголия­га келген. Бул жерде курултай өткөрүп, аны жети аймактагы 18 уруу эл колдоп, ''гурхан'' бо­луп жарыяланган. Елүй Даши кашкарлык Арслан хан Ахметке каршы жүрүшкө чыгып (1128), Чыгыш Түркстанды өзүнө караткан. Жети-Сууну басып алуу үчүн биринчи жолку аракетин 1130-жылы жа­саган (к. ''Кара Кытай мамлекети''). Кара кытай­лар (кидандар) адегенде уйгурлар жашаган жер­лерди ээлеп (Алтайдын түштүгү), анан кыргыз­дардын жери (Кем-кемжикут) аркылуу батыш­ка жылууга ниет кылышат, бирок кыргыз уруу­ларынын катуу каршылыгынан улам 1132-жылы Турпан княздыгына кайтып келүүгө аргасыз бо­лушкан. Ушул жерден башка жолго салып Эмил–Чөйчөк (Чугучак) аймагына жеткен, түрк урууларынан (40 миӊ чатыр) туткун алып, ал жерге Эмил шаарын негиздешкен. Андан Жети-Сууга кол салып, Караханиддердин борбору Баласа­гун шаарын басып алышат (1134). 1137-жылы кара кытайлар ''Мавераннахрды'' каратып, Самарканд­га чейин жетишкен. Кавтан талаасындагы со­гушта (1141) селжуктардын султаны Санжар башында турган мусулмандарды катуу талка­лашкан. Бирок, Елүй Даши бул жеӊишинен майнап чыгара албай, Жети-Сууга кайтып кеткен. Өз өлкөсүн 20 жылга жакын бийлеп, аны кубат­туу державага айландырууга жетишкен. Беш- Балыкка (Уйгур кагандыгынын борборлорунун бири) жакын жерде кара кытайлардын кыргыз­дарга жасаган жортуулу жөнүндө окуялар ''Жувей­нинин'' «Тарих-и-жахангушай» («Дүйнөнү ээлеп алуу тарыхы») деген эмгегинде чагылдырылган. | ||
чамалуу кишиси м-н алардан качып, Моӊголия­га келген. Бул жерде курултай өткөрүп, аны жети аймактагы 18 уруу эл колдоп, ''гурхан'' бо­луп жарыяланган. | |||
башында турган мусулмандарды катуу талка­лашкан. Бирок, | |||
чыгара албай, Жети-Сууга кайтып кеткен. Өз | |||
өлкөсүн 20 жылга жакын бийлеп, аны кубат­туу державага айландырууга жетишкен. Беш- Балыкка (Уйгур кагандыгынын борборлорунун бири) жакын жерде кара кытайлардын кыргыз­дарга жасаган жортуулу | |||
Ад.: ''Пиков Г. Г''. Западные киданы. Новосибирск, 1989. | Ад.: ''Пиков Г. Г''. Западные киданы. Новосибирск, 1989. | ||
''Т. Жуманалиев.'' | |||
[[Категория:3-том, 172-214 бб]] |
07:34, 25 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЕЛҮЙ ДАШИ (кыт. Чжундэ, 1087–1143) – Елүй Абаозцы тукумунун сегизинчи муундагы өкүлү, Жети-Суудагы Кара кытай (Кидан, кытайча Си Ляо) мамлекетин (1125–1212) негиздөөчү. Улуу Ляо чжурчжендер тарабынан талкаланып, бытырандыга учураганда Елүй Даши өзүнө жакын 200 чамалуу кишиси м-н алардан качып, Моӊголияга келген. Бул жерде курултай өткөрүп, аны жети аймактагы 18 уруу эл колдоп, гурхан болуп жарыяланган. Елүй Даши кашкарлык Арслан хан Ахметке каршы жүрүшкө чыгып (1128), Чыгыш Түркстанды өзүнө караткан. Жети-Сууну басып алуу үчүн биринчи жолку аракетин 1130-жылы жасаган (к. Кара Кытай мамлекети). Кара кытайлар (кидандар) адегенде уйгурлар жашаган жерлерди ээлеп (Алтайдын түштүгү), анан кыргыздардын жери (Кем-кемжикут) аркылуу батышка жылууга ниет кылышат, бирок кыргыз урууларынын катуу каршылыгынан улам 1132-жылы Турпан княздыгына кайтып келүүгө аргасыз болушкан. Ушул жерден башка жолго салып Эмил–Чөйчөк (Чугучак) аймагына жеткен, түрк урууларынан (40 миӊ чатыр) туткун алып, ал жерге Эмил шаарын негиздешкен. Андан Жети-Сууга кол салып, Караханиддердин борбору Баласагун шаарын басып алышат (1134). 1137-жылы кара кытайлар Мавераннахрды каратып, Самаркандга чейин жетишкен. Кавтан талаасындагы согушта (1141) селжуктардын султаны Санжар башында турган мусулмандарды катуу талкалашкан. Бирок, Елүй Даши бул жеӊишинен майнап чыгара албай, Жети-Сууга кайтып кеткен. Өз өлкөсүн 20 жылга жакын бийлеп, аны кубаттуу державага айландырууга жетишкен. Беш- Балыкка (Уйгур кагандыгынын борборлорунун бири) жакын жерде кара кытайлардын кыргыздарга жасаган жортуулу жөнүндө окуялар Жувейнинин «Тарих-и-жахангушай» («Дүйнөнү ээлеп алуу тарыхы») деген эмгегинде чагылдырылган.
Ад.: Пиков Г. Г. Западные киданы. Новосибирск, 1989.
Т. Жуманалиев.