ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕНИСЕ́Й КЫРГЫЗДАРЫ''' 6–18- | '''ЕНИСЕ́Й КЫРГЫЗДАРЫ''' 6–18-кылымдарда Енисей дарыясынын куймаларынын өрөөндөрүн, Минуса ой­дуӊун, Тувадан Красноярск шаарына чейинки ай­мактарды мекендеген. Енисей кыргыздары деп орхон-енисейде­ги түрк эстеликтеринде (к. ''Күлтегин''), кытай династияларынын (Тан, 618–907; Сун, 960–1279) тарыхында ж-а 10–13-кылымдардагы фарси-араб жаз­маларындагы (''«Худуд ал-алам», Гардизи'' ж. б.) маалыматтарга байланыштуу айтылып калган. У. к. б. з. ч. 3–1-кылымдардагы кытай булактарында эскерилет. Алардын алгачкы мекени Чыгыш Теӊир-Тоонун түштүк тарабы же Чыгыш Түркстан аймагы болгон деген илимий пикирлер бар (мис., Л. А. Боровкова, Ю. С. Худяков). Бул мезгил­дерде (552) Енисей кыргыздары өз алдынча мамлекет түзүүгө жетишип, кээ бир учурларда Кытай империясы же Түрк кагандыгы м-н теӊтайлашып турган (к. ''Кыргыздар''). 682-жылы Чыгыш Түрк кагандыгы экинчи жолу калыбына келгенде аларга кар­шы кыргыздар башында турган үчтүктөр бирик­меси түзүлгөн (кыргыздар, түргөштөр, Тан ди­настиясы). Түрк каганы ''Капаган'' (кытайча Моч­жо) ''Барсбекти'' кыргыздардын каганы деп таа­нып, ага Кутлуг кагандын кызын алып берүүгө мажбур болгон. Кыргыз кагандыгынын саясий жактан жогорулашы Түрк мамлекети үчүн өтө кооптуу болорун түшүнгөн ''Билге каган'' (Моги- | ||
аймагы болгон деген | |||
[[File:ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ44.png | thumb | Енисейлик кыргыз ак сөөк жоокердин көрүстөнүнөн табылган шарап куюлуучу алтын кумура.]] | [[File:ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ44.png | thumb | Енисейлик кыргыз ак сөөк жоокердин көрүстөнүнөн табылган шарап куюлуучу алтын кумура.]] | ||
лян) 709- | лян) 709-жылы адегенде кыргыздардын союздашы аз ж-а чик уруктарын кыйратып, 710–11-жыл­дын кыш айында түрк аскер башчылары Тоӊй­укук, Күлтегиндер м-н бирге кыргыздардын өзүнө капысынан кол салган. Сунга чер токо­юндагы согушта Барсбек өлүп, түрктөрдөн жеӊилгенине карабай, Енисей кыргыздары өз алдынчалыгын сак­тап калышкан (732-жылы Күлтегин өлгөндө кыр­гыз каганынын атынан Чур Тардуш Инанчу келген). Бирок, бул согуштан алсыраган кыр­гыздар Чыгыш Түрк кагандыгы кулаганга чей­ин (745) Борбордукк Азиядагы саясий иштерге каты­ша алган эмес. Экинчи Түрк мамлекетинин ку­лашы м-н Моюн-чур (Байан-чор) башында тур­ган Уйгур кагандыгы күч алып, кошуна элдерге коркунуч келтире баштаган. 751-жылы уйгур кага­нынын экспанциясына каршы кыргыз, чик, огуз, карлуктар биригишип, катуу каршылык көрсөтүшкөн. 758-жылдан кийин уйгурлар кыр­гыздарды катуу талкалады деген кабар бар. Бул | ||
өзүнө капысынан кол салган. Сунга чер токо­юндагы согушта Барсбек өлүп, түрктөрдөн | |||
[[File:ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ45.png | thumb | Байыркы кыргыз маданиятына тиешелүү буюмдар. Минусинск музейи. Хакасия.]] | [[File:ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ45.png | thumb | Байыркы кыргыз маданиятына тиешелүү буюмдар. Минусинск музейи. Хакасия.]] | ||
ушул жылдан баштап кыргыз элчилеринин Кы­тайга каттабай калышы м-н түшүндүрүлөт. Ошондой болсо дагы кыргыз каганы уйгурлар­дан өз алдынча наам алып (кытайча Пицьсйе Тунгйе Гинь), толук көз каранды болушкан эмес. 795- | ушул жылдан баштап кыргыз элчилеринин Кы­тайга каттабай калышы м-н түшүндүрүлөт. Ошондой болсо дагы кыргыз каганы уйгурлар­дан өз алдынча наам алып (кытайча Пицьсйе Тунгйе Гинь), толук көз каранды болушкан эмес. 795-жылы Уйгур кагандыгында бийлик алмашуу­суна байланыштуу кыргыздар көтөрүлүшкө чыгып, бирок жаӊы шайланган уйгур каганы Кутлуг (эдиз уругунан) тарабынан жеӊилүүгө учурашкан. Кыргыз каганы каган наамынан убактылуу ажырап, ''ажо'' аталып калган. Уйгур кагандыгындагы 820-жылдарда башталган тереӊ саясий-экономикалык кризиске байланыштуу кыр­гыздар м-н уйгурлардын ортосунда 20 жылга созулган согуш жүргөн. 840-жылы уйгурлардын ас­кер башчысы Гюй-лу Мохэнин кыргыздарга өтүшү м-н 100 миӊ кыргыз аскери уйгурлардын борбору Ордо-Балыкты басып алып, аны кый­раткан. Катуу кыргынга учураган уйгурлар туш тарапка чачырап кетишет. Мындан кийин Борбордук Азиянын көпчүлүк аймактарында «улуу кыр­гыз мамлекетинин» доору өкүм сүрүп, кыргыз мамлекетинин согуш өнөрүнүн ж-а маданиятынын өнүгүшү м-н коштолгон. Кыргыз мад-тына ти- | ||
чыгып, бирок жаӊы шайланган уйгур каганы | |||
Кутлуг (эдиз уругунан) тарабынан жеӊилүүгө учурашкан. Кыргыз каганы каган наамынан убактылуу ажырап, ''ажо'' аталып калган. Уйгур кагандыгындагы 820-жылдарда башталган тереӊ саясий- | |||
өтүшү м-н 100 миӊ кыргыз аскери уйгурлардын борбору Ордо-Балыкты басып алып, аны кый­раткан. Катуу кыргынга учураган уйгурлар туш тарапка чачырап кетишет. Мындан кийин | |||
өнүгүшү м-н коштолгон. Кыргыз мад-тына ти- | |||
[[File:ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ46.png | thumb | Байыркы кыргыз көрүстөнүнүн көрүнүшү (макет). Минусинск музейи. Хакасия.]] | [[File:ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ46.png | thumb | Байыркы кыргыз көрүстөнүнүн көрүнүшү (макет). Минусинск музейи. Хакасия.]] | ||
йиштүү эстеликтер Минуса ойдуӊунан тышка­ры бүткүл | йиштүү эстеликтер Минуса ойдуӊунан тышка­ры бүткүл Борбордук Азиянын талааларына кеӊири таралган. Бирок, бул мезгил анча узакка созул­ган эмес. 924-жылы кара кытайлардын кысымына байланыштуу кыргыздар Моӊголиядан сүрүлүп, бир бөлүгү Енисейге көчкөн. Буга карабай кыр­гыздар өздөрүнүн күч-кубатын сактап калыш­кан. ''Жувейни'' боюнча кара кытайлар 1121–24-жылдарда кыргыздарды каратууга аракет жасап, бирок катуу сокку жеп, Эмилге чегинүүгө аргасыз болушкан. 13-кылымдын башында Енисей кыргыздары моӊголдор­го көз каранды абалда болуп, 1218-жылы башка уруулар (тумат, байлук) м-н бирдикте аларга кар­шы күрөшкө чыккан, бирок күчтөрүнүн алсыз­дыгына байланыштуу ''Жучуга'' багынып беришкен. 1254-жылы моӊголдордун бийлигин кулатууга ара­кет жасашканда, Муӊке хан аларга каршы 20 000 киши аскер аттандырган. Хубилайдын тушунда гана моӊголдорго толук баш ийип (1270), алар­дын үстүнөн кароого Люхаоли деген кытай ада­мы дайындалган. | ||
Ад.: ''Абрамзон С. М.'' Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; ''Аристов Н. А.'' Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; ''Бартольд В. В.'' Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; ''Бернштам А. Н.'' Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргыз­стана. Б., 1998. Т. 2; Восточные авторы о кыргызах. Б., 1994; ''Караев Ө.'' К вопросу о передвижении кир­гизов на Тянь-Шань и ассимляции ими местных племён в XIII–XV вв. // Советская этнография. 1966, | Ад.: ''Абрамзон С. М.'' Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; ''Аристов Н. А.'' Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; ''Бартольд В. В.'' Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; ''Бернштам А. Н.'' Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргыз­стана. Б., 1998. Т. 2; Восточные авторы о кыргызах. Б., 1994; ''Караев Ө.'' К вопросу о передвижении кир­гизов на Тянь-Шань и ассимляции ими местных племён в XIII–XV вв. // Советская этнография. 1966, № 4; ''Худяков Ю. С.'' Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1, 2. Б., 2002. | ||
''Т. Асанов, Э. Турганбаев''. [[Категория:3-том, 172-214 бб]] |
08:40, 25 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЕНИСЕ́Й КЫРГЫЗДАРЫ 6–18-кылымдарда Енисей дарыясынын куймаларынын өрөөндөрүн, Минуса ойдуӊун, Тувадан Красноярск шаарына чейинки аймактарды мекендеген. Енисей кыргыздары деп орхон-енисейдеги түрк эстеликтеринде (к. Күлтегин), кытай династияларынын (Тан, 618–907; Сун, 960–1279) тарыхында ж-а 10–13-кылымдардагы фарси-араб жазмаларындагы («Худуд ал-алам», Гардизи ж. б.) маалыматтарга байланыштуу айтылып калган. У. к. б. з. ч. 3–1-кылымдардагы кытай булактарында эскерилет. Алардын алгачкы мекени Чыгыш Теӊир-Тоонун түштүк тарабы же Чыгыш Түркстан аймагы болгон деген илимий пикирлер бар (мис., Л. А. Боровкова, Ю. С. Худяков). Бул мезгилдерде (552) Енисей кыргыздары өз алдынча мамлекет түзүүгө жетишип, кээ бир учурларда Кытай империясы же Түрк кагандыгы м-н теӊтайлашып турган (к. Кыргыздар). 682-жылы Чыгыш Түрк кагандыгы экинчи жолу калыбына келгенде аларга каршы кыргыздар башында турган үчтүктөр бирикмеси түзүлгөн (кыргыздар, түргөштөр, Тан династиясы). Түрк каганы Капаган (кытайча Мочжо) Барсбекти кыргыздардын каганы деп таанып, ага Кутлуг кагандын кызын алып берүүгө мажбур болгон. Кыргыз кагандыгынын саясий жактан жогорулашы Түрк мамлекети үчүн өтө кооптуу болорун түшүнгөн Билге каган (Моги-

лян) 709-жылы адегенде кыргыздардын союздашы аз ж-а чик уруктарын кыйратып, 710–11-жылдын кыш айында түрк аскер башчылары Тоӊйукук, Күлтегиндер м-н бирге кыргыздардын өзүнө капысынан кол салган. Сунга чер токоюндагы согушта Барсбек өлүп, түрктөрдөн жеӊилгенине карабай, Енисей кыргыздары өз алдынчалыгын сактап калышкан (732-жылы Күлтегин өлгөндө кыргыз каганынын атынан Чур Тардуш Инанчу келген). Бирок, бул согуштан алсыраган кыргыздар Чыгыш Түрк кагандыгы кулаганга чейин (745) Борбордукк Азиядагы саясий иштерге катыша алган эмес. Экинчи Түрк мамлекетинин кулашы м-н Моюн-чур (Байан-чор) башында турган Уйгур кагандыгы күч алып, кошуна элдерге коркунуч келтире баштаган. 751-жылы уйгур каганынын экспанциясына каршы кыргыз, чик, огуз, карлуктар биригишип, катуу каршылык көрсөтүшкөн. 758-жылдан кийин уйгурлар кыргыздарды катуу талкалады деген кабар бар. Бул

ушул жылдан баштап кыргыз элчилеринин Кытайга каттабай калышы м-н түшүндүрүлөт. Ошондой болсо дагы кыргыз каганы уйгурлардан өз алдынча наам алып (кытайча Пицьсйе Тунгйе Гинь), толук көз каранды болушкан эмес. 795-жылы Уйгур кагандыгында бийлик алмашуусуна байланыштуу кыргыздар көтөрүлүшкө чыгып, бирок жаӊы шайланган уйгур каганы Кутлуг (эдиз уругунан) тарабынан жеӊилүүгө учурашкан. Кыргыз каганы каган наамынан убактылуу ажырап, ажо аталып калган. Уйгур кагандыгындагы 820-жылдарда башталган тереӊ саясий-экономикалык кризиске байланыштуу кыргыздар м-н уйгурлардын ортосунда 20 жылга созулган согуш жүргөн. 840-жылы уйгурлардын аскер башчысы Гюй-лу Мохэнин кыргыздарга өтүшү м-н 100 миӊ кыргыз аскери уйгурлардын борбору Ордо-Балыкты басып алып, аны кыйраткан. Катуу кыргынга учураган уйгурлар туш тарапка чачырап кетишет. Мындан кийин Борбордук Азиянын көпчүлүк аймактарында «улуу кыргыз мамлекетинин» доору өкүм сүрүп, кыргыз мамлекетинин согуш өнөрүнүн ж-а маданиятынын өнүгүшү м-н коштолгон. Кыргыз мад-тына ти-

йиштүү эстеликтер Минуса ойдуӊунан тышкары бүткүл Борбордук Азиянын талааларына кеӊири таралган. Бирок, бул мезгил анча узакка созулган эмес. 924-жылы кара кытайлардын кысымына байланыштуу кыргыздар Моӊголиядан сүрүлүп, бир бөлүгү Енисейге көчкөн. Буга карабай кыргыздар өздөрүнүн күч-кубатын сактап калышкан. Жувейни боюнча кара кытайлар 1121–24-жылдарда кыргыздарды каратууга аракет жасап, бирок катуу сокку жеп, Эмилге чегинүүгө аргасыз болушкан. 13-кылымдын башында Енисей кыргыздары моӊголдорго көз каранды абалда болуп, 1218-жылы башка уруулар (тумат, байлук) м-н бирдикте аларга каршы күрөшкө чыккан, бирок күчтөрүнүн алсыздыгына байланыштуу Жучуга багынып беришкен. 1254-жылы моӊголдордун бийлигин кулатууга аракет жасашканда, Муӊке хан аларга каршы 20 000 киши аскер аттандырган. Хубилайдын тушунда гана моӊголдорго толук баш ийип (1270), алардын үстүнөн кароого Люхаоли деген кытай адамы дайындалган.
Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1998. Т. 2; Восточные авторы о кыргызах. Б., 1994; Караев Ө. К вопросу о передвижении киргизов на Тянь-Шань и ассимляции ими местных племён в XIII–XV вв. // Советская этнография. 1966, № 4; Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1, 2. Б., 2002.
Т. Асанов, Э. Турганбаев.