ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫНЫН ЖУӉГАРИЯГА КӨЧҮРҮЛҮШҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕНИСЕ́Й КЫРГЫЗДАРЫНЫН ЖУӉГАРИЯГА КӨЧҮРҮЛҮШҮ–'''17-к-дын башында Жуӊгар коӊтаажысы ''Цеван Рабдан'' (1699–1727) тара­бынан жүргүзүлгөн саясий иш-чара. Ал Борбордук Азияда түзүлгөн саясий кырдаалды, Кытай м-н Россия тараптан болгон коркунучту эске алып, Эмел-Гол дарыясынын боюндагы ж-а Түштүк Сибирдин көчмөн калкын (кыргыз, телеут, мингат) ордосуна жакын көчүргөн. Буга неги­зинен ''Пётр Iнин'' Томск, Краснояр, Кузнецк шаарларынын аскер башчыларына «кыргыздарды күч м-н тынчтандыргыла» деген көрсөтмөсүнө ыла­йык 1701–02-жылдарда орус аскеринин бир нече ирет жортуулу себеп болгон. Ошондуктан, орустар­дын Минуса ойдуӊуна умтулушу кыргыздарды өзгөчө чочулатып, алар орус чыӊдоолоруна кар­шы жортуулун күчөткөн. Мындай кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн Цеван Рабдан 1701-жылы орустарды кыргыздар м-н жараштырууга ата­лаш иниси Аба-зайсаӊды жөнөтөт, бирок, ал бул буйрукту аткара алган эмес. Натыйжада орустар кыргыздар мекендеген жерлерге кирип, чыӊдоо курууну уланта беришкендиктен, ага жооп катары кыргыздар Абакан, Уйбат ж. б. жерлерге курулган чыӊдоолорго чабуул жасап, сепилдерди өрттөп, коргоочуларын туткундап турушкан. Бирок, салыштырмалуу аз сандуу кыргыздар орустардын аскер күчүнө туруштук бере алган эмес. Ушул жагдайларга байланыш­туу 1703-жылы июнь айында Цеван Рабдан кыр­гыздарды ж-а кыргыздарга караган ''кыштым­дарды'' Жуӊгарияга көчүрүүгө буйрук берген. Кыргыздар жуӊгар аскеринин көзөмөлү алдында Абакан өрөөнүндөгү Аскиз дарыясынын куймасына чогултулуп, кеч кирип, таӊ аткан сайын ар бир айылдын калкы санак ташты бирден таштап, санактан өтүп турушкан. Калган таштын неги­зинде жашынып калгандардын саны аныктал­ган. Абакан өрөөнүндөгү үйүлгөн дөбө таштар (обаа) ошондон калып, аны хакастар «хыргыс тастары» деп атап калышкан. 20 миӊден ашуун кыргыздар жуӊгар аскерлеринин көзөмөлү астында малы, үй-мүлкү м-н Жуӊгарияга же­тишкен. Алар 4 кыргыз аскер башчысынын жетекчилиги алдында коӊтаажынын ордосуна жакын жайгашып, 4000 түтүндөн турган өзгөчө кыргыз отогун (цирцзизилер) түзүшкөн. Бул отокко кыргыздар м-н кошо кыштым-модар, белтир, ариндер ж. б. кирген. Кыргыз аскер баш­чылары Корчун Еренак уулу, Тангыт Таин Эр­кин, Шорла Мерген Тайша ж. б. жуӊгар ханына кызмат кылып калышкан. Бирок, айрым орус кабарларында кыргыздарга караган кыштым­дардын айрым бөлүктөрү өз жеринде калып калганы эскерилет. Кийин да алардын айрым бөлүктөрү топ-тобу м-н же жалгыздап өз жерине кайтып келишкен. 1757-жылы кыргыздардын не­гизги бөлүгү кайтып келе жатканда Цин аскери аларга буктурмадан кол салып, кырып салган. Аман калган бөлүгү Манжурияга көчүрүлгөн. Кийин алар ''Фу-йү кыргыздары'' деген ат м-н белгилүү болуп калган. 18-кылымда Россия, Цин им­периялары, Жуӊгар хандыгынын курчоосунда енисей кыргыздары согуш, көчүрүү саясатынан кырылып, Саян-Алтайдагы үстөмдүгү аяктаган. Азыркы Түштүк-Батыш Моӊголия, Тарбагатай­дагы (КЭР) этностук топтор («хыргыс», «шира хыргыс», «хан хыргыс» ж. б.) ошол доордон ка­бар берет. Енисей кыргыздарынын Жуңгарияга көчүрүлүшүнүн себеби ж-а жагдайы окумуштуулар тарабынан кеӊири изилдене элек. | |||
коӊтаажысы ''Цеван Рабдан'' (1699–1727) тара­бынан жүргүзүлгөн саясий иш-чара. Ал | |||
өзгөчө чочулатып, алар орус чыӊдоолоруна кар­шы жортуулун күчөткөн. Мындай кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн Цеван Рабдан 1701- | |||
чыӊдоо курууну уланта беришкендиктен, ага жооп катары кыргыздар Абакан, Уйбат ж. б. жерлерге курулган чыӊдоолорго чабуул жасап, сепилдерди өрттөп, коргоочуларын туткундап турушкан. Бирок, салыштырмалуу аз сандуу кыргыздар орустардын аскер күчүнө туруштук бере алган эмес. Ушул жагдайларга байланыш­туу 1703- | |||
чогултулуп, кеч кирип, таӊ аткан сайын ар бир айылдын калкы санак ташты бирден таштап, санактан өтүп турушкан. Калган таштын неги­зинде жашынып калгандардын саны аныктал­ган. Абакан өрөөнүндөгү үйүлгөн дөбө таштар (обаа) ошондон калып, аны хакастар «хыргыс тастары» деп атап калышкан. 20 миӊден ашуун кыргыздар жуӊгар аскерлеринин көзөмөлү астында малы, үй-мүлкү м-н Жуӊгарияга же­тишкен. Алар 4 кыргыз аскер башчысынын жетекчилиги алдында коӊтаажынын ордосуна жакын жайгашып, 4000 түтүндөн турган өзгөчө кыргыз отогун (цирцзизилер) түзүшкөн. Бул отокко кыргыздар м-н кошо кыштым-модар, белтир, ариндер ж. б. кирген. Кыргыз аскер баш­чылары Корчун Еренак уулу, Тангыт Таин Эр­кин, Шорла Мерген Тайша ж. б. жуӊгар ханына кызмат кылып калышкан. Бирок, айрым орус кабарларында кыргыздарга караган кыштым­дардын айрым бөлүктөрү өз жеринде калып калганы эскерилет. Кийин да алардын айрым бөлүктөрү топ-тобу м-н же жалгыздап өз жерине кайтып келишкен. 1757- | |||
Ад.: ''Худяков Ю. С.'' Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; ''Самаев Г. П.'' Горный Алтай в XVIII – середина XIX в.: Проблемы политической истории и присоединения к России. Горно-Алтайск, 1991. | Ад.: ''Худяков Ю. С.'' Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; ''Самаев Г. П.'' Горный Алтай в XVIII – середина XIX в.: Проблемы политической истории и присоединения к России. Горно-Алтайск, 1991. | ||
О''. Каратаев.'' | О''. Каратаев.'' | ||
[[Категория:3-том, 172-214 бб]] | [[Категория:3-том, 172-214 бб]] | ||
10:21, 25 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЕНИСЕ́Й КЫРГЫЗДАРЫНЫН ЖУӉГАРИЯГА КӨЧҮРҮЛҮШҮ–17-к-дын башында Жуӊгар коӊтаажысы Цеван Рабдан (1699–1727) тарабынан жүргүзүлгөн саясий иш-чара. Ал Борбордук Азияда түзүлгөн саясий кырдаалды, Кытай м-н Россия тараптан болгон коркунучту эске алып, Эмел-Гол дарыясынын боюндагы ж-а Түштүк Сибирдин көчмөн калкын (кыргыз, телеут, мингат) ордосуна жакын көчүргөн. Буга негизинен Пётр Iнин Томск, Краснояр, Кузнецк шаарларынын аскер башчыларына «кыргыздарды күч м-н тынчтандыргыла» деген көрсөтмөсүнө ылайык 1701–02-жылдарда орус аскеринин бир нече ирет жортуулу себеп болгон. Ошондуктан, орустардын Минуса ойдуӊуна умтулушу кыргыздарды өзгөчө чочулатып, алар орус чыӊдоолоруна каршы жортуулун күчөткөн. Мындай кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн Цеван Рабдан 1701-жылы орустарды кыргыздар м-н жараштырууга аталаш иниси Аба-зайсаӊды жөнөтөт, бирок, ал бул буйрукту аткара алган эмес. Натыйжада орустар кыргыздар мекендеген жерлерге кирип, чыӊдоо курууну уланта беришкендиктен, ага жооп катары кыргыздар Абакан, Уйбат ж. б. жерлерге курулган чыӊдоолорго чабуул жасап, сепилдерди өрттөп, коргоочуларын туткундап турушкан. Бирок, салыштырмалуу аз сандуу кыргыздар орустардын аскер күчүнө туруштук бере алган эмес. Ушул жагдайларга байланыштуу 1703-жылы июнь айында Цеван Рабдан кыргыздарды ж-а кыргыздарга караган кыштымдарды Жуӊгарияга көчүрүүгө буйрук берген. Кыргыздар жуӊгар аскеринин көзөмөлү алдында Абакан өрөөнүндөгү Аскиз дарыясынын куймасына чогултулуп, кеч кирип, таӊ аткан сайын ар бир айылдын калкы санак ташты бирден таштап, санактан өтүп турушкан. Калган таштын негизинде жашынып калгандардын саны аныкталган. Абакан өрөөнүндөгү үйүлгөн дөбө таштар (обаа) ошондон калып, аны хакастар «хыргыс тастары» деп атап калышкан. 20 миӊден ашуун кыргыздар жуӊгар аскерлеринин көзөмөлү астында малы, үй-мүлкү м-н Жуӊгарияга жетишкен. Алар 4 кыргыз аскер башчысынын жетекчилиги алдында коӊтаажынын ордосуна жакын жайгашып, 4000 түтүндөн турган өзгөчө кыргыз отогун (цирцзизилер) түзүшкөн. Бул отокко кыргыздар м-н кошо кыштым-модар, белтир, ариндер ж. б. кирген. Кыргыз аскер башчылары Корчун Еренак уулу, Тангыт Таин Эркин, Шорла Мерген Тайша ж. б. жуӊгар ханына кызмат кылып калышкан. Бирок, айрым орус кабарларында кыргыздарга караган кыштымдардын айрым бөлүктөрү өз жеринде калып калганы эскерилет. Кийин да алардын айрым бөлүктөрү топ-тобу м-н же жалгыздап өз жерине кайтып келишкен. 1757-жылы кыргыздардын негизги бөлүгү кайтып келе жатканда Цин аскери аларга буктурмадан кол салып, кырып салган. Аман калган бөлүгү Манжурияга көчүрүлгөн. Кийин алар Фу-йү кыргыздары деген ат м-н белгилүү болуп калган. 18-кылымда Россия, Цин империялары, Жуӊгар хандыгынын курчоосунда енисей кыргыздары согуш, көчүрүү саясатынан кырылып, Саян-Алтайдагы үстөмдүгү аяктаган. Азыркы Түштүк-Батыш Моӊголия, Тарбагатайдагы (КЭР) этностук топтор («хыргыс», «шира хыргыс», «хан хыргыс» ж. б.) ошол доордон кабар берет. Енисей кыргыздарынын Жуңгарияга көчүрүлүшүнүн себеби ж-а жагдайы окумуштуулар тарабынан кеӊири изилдене элек.
Ад.: Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Самаев Г. П. Горный Алтай в XVIII – середина XIX в.: Проблемы политической истории и присоединения к России. Горно-Алтайск, 1991.
О. Каратаев.