ЕРЕВАН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ЕРЕВА́Н''' (1878–1936-ж. Эривань) – Армян Респ­нын борбор шаары. Өлкөнүн ири экон., саясий ж-а маданий очогу. Арарат түздүгүнүн түн. че­тинде, бир аз бөлүгү жанартоолуу платодо, Раз­дан д-нын капчыгайында жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2007). Е-ге жакын Звартноц эл аралык аэропорту жайгашкан. Метрополитен (1981). Е.– дүйнөдөгү байыркы шаарлардын бири. 6-к-дын башынан эскерилет. 782-ж. Урарту падышасы Аргишти I Эребуни чебин курдурат, кийинче­рээк бул жерде Ереван ш. пайда болот. 1440- жылдан Чыгыш Армениянын адм. ж-а соода­кол өнөрчүлүк, 1604–1828-ж. Эриван хандыгы­нын борбору. 1826–28-жылдагы орус-иран согу­шунда Е-ды орус аскерлери каратат да, Түрк­мөнчай келишими (1828) б-ча Россияга кошул­ган. Армения Респ-нын (1918–20), Армян ССРи­нин (1920–1990), Армян Респ-нын (1990-жыл­дан) борбору. Е. – өлкөнүн индустриялуу ири борбору. Арменияда өндүрүлгөн ө. ж. продук­циясынын 50%ке жакыны чыгарылат. Ар түрдүү машина куруу, компьютерлер, радиотех­никалары ж-а өлчөөчү приборлор, хим. ж-а нефть-хим., хим.-фармацевтика, кара металлур­гия, жеӊил, тамак-аш, алюминий, курулуш материалдары, косметика каражаттарын чыга­руучу ө. ж. ишканалары иштейт. Тейлөө чөйрө­сүндө байланыш ж-а телекоммуникация секто­ру ж-а финансы-банк тармагы өнүккөн. Е. – Арме­ниянын ил., маданий ж-а билим берүү ири бор­бору. Армения ИА, бир нече ун-т, байыркы кол жазмалар ин-ту, китепканалар, консерватория,
'''ЕРЕВА́Н''' (1878–1936-жылдарда Эривань) – Армян Республикасы­нын борбор шаары. Өлкөнүн ири экономикалык, саясий ж-а маданий очогу. Арарат түздүгүнүн түндүк че­тинде, бир аз бөлүгү жанар тоолуу платодо, Раз­дан дарыясынын капчыгайында жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2007). Ереванга жакын Звартноц эл аралык аэропорту жайгашкан. Метрополитен (1981). Ереван – дүйнөдөгү байыркы шаарлардын бири. 6-кылымдын башынан эскерилет. 782-жылы Урарту падышасы Аргишти I Эребуни чебин курдурат, кийинче­рээк бул жерде Ереван шаары пайда болот. 1440- жылдан Чыгыш Армениянын административдик ж-а соода ­кол өнөрчүлүк, 1604–1828-жылдарда Эриван хандыгы­нын борбору. 1826–28-жылдардагы орус-иран согу­шунда Ереванды орус аскерлери каратат да, Түрк­мөнчай келишими (1828) боюнча Россияга кошул­ган. Армения Республикасынын (1918–20), Армян ССРи­нин (1920–1990), Армян Республикасынын (1990-жыл­дан) борбору. Ереван – өлкөнүн индустриялуу ири борбору. Арменияда өндүрүлгөн өнөр жай продук­циясынын 50%ке жакыны чыгарылат. Ар түрдүү машина куруу, компьютерлер, радиотех­никалары ж-а өлчөөчү приборлор, химия ж-а нефть-химия, химиялык-фармацевтика, кара металлур­гия, жеӊил, тамак-аш, алюминий, курулуш материалдары, косметика каражаттарын чыга­руучу өнөр жай ишканалары иштейт. Тейлөө чөйрө­сүндө байланыш ж-а телекоммуникация секто­ру ж-а финансы-банк тармагы өнүккөн. Ереван – Арме­ниянын илимий, маданий ж-а билим берүү ири бор­бору. Армения ИА, бир нече университет, байыркы кол жазмалар институту, китепканалар, консерватория, 13 театр, 21 музей, филармония бар. Эсте­ликтери: «Егерн» (1915-жылдагы армян геноци­динин курмандыктарына), «Майр Айастан»
13 театр, 21 музей, филармония бар. Эсте­ликтери: «Егерн» (1915-жылдагы армян геноци­динин курмандыктарына), «Майр Айастан»


[[File:ЕРЕВАН47.png | thumb | Еревандагы Аствацацин (Зоравор) чиркөөсү (1691– 1705).]]
[[File:ЕРЕВАН47.png | thumb | Еревандагы Аствацацин (Зоравор) чиркөөсү (1691– 1705).]]
(«Эне-Армения» монументи), «Ераблур» (Кара­бах согушунун баатырларына) ж. б. Урартунун, Эребуни ж-а Тейшебаини шаар-чептеринин уран­дылары, Авандагы Ыйык Ованес (13-к.) (крест­кумпалуу Катогике (13-к.), Аствацацин Зоравор (1691–1705) чиркөөлөрү, кафедралуу собордун калдыктары (591–602), ак сарайлар (6-к-дын аягы) ж. б. сакталган. Е-дын көпчүлүк турак­жай курулуштары жерг. кызгылтым туфтан курулгандыктан, «Кызыл шаар» деп да аталат. Е-де А. Хачатурян атн. Музыкант-аткаруу­чулардын эл аралык конкурсу, «Жаз панора­масы» эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат. Е-ден 20 ''км'' батышта Вагаршапат ш., 24 ''км'' түндүктө Арзни курорту жайгашкан. Туризм
(«Эне-Армения» монументи), «Ераблур» (Кара­бах согушунун баатырларына) ж. б. Урартунун, Эребуни ж-а Тейшебаини шаар-чептеринин уран­дылары, Авандагы Ыйык Ованес (13-кылым), крест­кумпалуу Катогике (13-кылым), Аствацацин Зоравор (1691–1705) чиркөөлөрү, кафедралуу собордун калдыктары (591–602), ак сарайлар (6-кылымдын аягы) ж. б. сакталган. Еревандын көпчүлүк турак­-жай курулуштары жергиликтүү кызгылтым туфтан курулгандыктан, «Кызыл шаар» деп да аталат. Ереванда А. Хачатурян атындагы музыкант-аткаруу­чулардын эл аралык конкурсу, «Жаз панора­масы» эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат. Еревандан 20 ''км'' батышта Вагаршапат шаары, 24 ''км'' түндүктө Арзни курорту жайгашкан. Туризм өнүккөн.  
өнүккөн.  
 
Ад.: ''Азатян В.'' Ереван. 2-е изд. Ер. 1989; Ереван
// Большая Российская энциклопедия. Т. 9. М., 2007. [[Категория:3-том, 172-214 бб]]


Ад.: ''Азатян В.'' Ереван. 2-е изд. Ер. 1989; Ереван // Большая Российская энциклопедия. Т. 9. М., 2007. [[Категория:3-том, 172-214 бб]]

10:39, 25 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЕРЕВА́Н (1878–1936-жылдарда Эривань) – Армян Республикасы­нын борбор шаары. Өлкөнүн ири экономикалык, саясий ж-а маданий очогу. Арарат түздүгүнүн түндүк че­тинде, бир аз бөлүгү жанар тоолуу платодо, Раз­дан дарыясынын капчыгайында жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2007). Ереванга жакын Звартноц эл аралык аэропорту жайгашкан. Метрополитен (1981). Ереван – дүйнөдөгү байыркы шаарлардын бири. 6-кылымдын башынан эскерилет. 782-жылы Урарту падышасы Аргишти I Эребуни чебин курдурат, кийинче­рээк бул жерде Ереван шаары пайда болот. 1440- жылдан Чыгыш Армениянын административдик ж-а соода ­кол өнөрчүлүк, 1604–1828-жылдарда Эриван хандыгы­нын борбору. 1826–28-жылдардагы орус-иран согу­шунда Ереванды орус аскерлери каратат да, Түрк­мөнчай келишими (1828) боюнча Россияга кошул­ган. Армения Республикасынын (1918–20), Армян ССРи­нин (1920–1990), Армян Республикасынын (1990-жыл­дан) борбору. Ереван – өлкөнүн индустриялуу ири борбору. Арменияда өндүрүлгөн өнөр жай продук­циясынын 50%ке жакыны чыгарылат. Ар түрдүү машина куруу, компьютерлер, радиотех­никалары ж-а өлчөөчү приборлор, химия ж-а нефть-химия, химиялык-фармацевтика, кара металлур­гия, жеӊил, тамак-аш, алюминий, курулуш материалдары, косметика каражаттарын чыга­руучу өнөр жай ишканалары иштейт. Тейлөө чөйрө­сүндө байланыш ж-а телекоммуникация секто­ру ж-а финансы-банк тармагы өнүккөн. Ереван – Арме­ниянын илимий, маданий ж-а билим берүү ири бор­бору. Армения ИА, бир нече университет, байыркы кол жазмалар институту, китепканалар, консерватория, 13 театр, 21 музей, филармония бар. Эсте­ликтери: «Егерн» (1915-жылдагы армян геноци­динин курмандыктарына), «Майр Айастан»

Еревандагы Аствацацин (Зоравор) чиркөөсү (1691– 1705).

(«Эне-Армения» монументи), «Ераблур» (Кара­бах согушунун баатырларына) ж. б. Урартунун, Эребуни ж-а Тейшебаини шаар-чептеринин уран­дылары, Авандагы Ыйык Ованес (13-кылым), крест­кумпалуу Катогике (13-кылым), Аствацацин Зоравор (1691–1705) чиркөөлөрү, кафедралуу собордун калдыктары (591–602), ак сарайлар (6-кылымдын аягы) ж. б. сакталган. Еревандын көпчүлүк турак­-жай курулуштары жергиликтүү кызгылтым туфтан курулгандыктан, «Кызыл шаар» деп да аталат. Ереванда А. Хачатурян атындагы музыкант-аткаруу­чулардын эл аралык конкурсу, «Жаз панора­масы» эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат. Еревандан 20 км батышта Вагаршапат шаары, 24 км түндүктө Арзни курорту жайгашкан. Туризм өнүккөн.

Ад.: Азатян В. Ереван. 2-е изд. Ер. 1989; Ереван // Большая Российская энциклопедия. Т. 9. М., 2007.