ЕФРЕМОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕФРЕ́МОВ''' Филипп Сергеевич (1750–1811) – орус | '''ЕФРЕ́МОВ''' '''Филипп Сергеевич''' (1750–1811) – орус армиясынын унтер-офицери; кыргыздар жөнүндө орустарга алгач маалымдаган жер кезгич. Е. Пу­гачёвдун көтөрүлүшүн басууга жөнөтүлгөн. 1774-жылы анын кошууну пугачёвчулар тарабынан талкаланганда, Ефремов колго түшүп, Бухаранын баш­каруучусу Данияр бекке сатылат. Туткунда жүр­гөндө түрк, фарси тилдерин үйрөнүп, бухара ас­керинин курамында Самарканд, Мерв, Чаржоу, Хиванын алдында салгылашкан. Данияр бекке таандык туткундардын ар бир бешинчиси орус болгондуктан, Ефремовдун аскердик билимин ж-а шыгын баалап, гвардиясына жүз башы кылган. Бирок Ефремов өз жерине кайтуу оюнан эч качан жан­баган. Хивалыктар м-н согушта жеӊишти ка­барлоо үчүн аны Бухарага жөнөткөндө, катчы­га акча берип, Коконго өтүүгө мүмкүндүк берүүчү элчиликтин грамотасын алып, жол тоскондор­го өзүн соодагер деп көрсөтүп, туулган жерине карай узак сапарга аттанган. Россияга түз ка­чуудан кооптонуп, адегенде Алай тоолорун ашып Кашкарга, ал жерден Мекеге ажылыкка баратам деп, Тибет ж-а Гималайды басып, Ин­дияга жеткен. Ошентип, ал ошол учурдагы ка­зак талааларын, Кара-Кум, Кызыл-Кум чөлдө­рүн, Иранды, Бухараны, Кыргызстанды, Кашкарды, Тибетти басып өткөн бирин-экин европалыктар­дын бирөө болуп калган. 1774–82-жылдар аралыгын­дагы жер кезүүсүндө Ефремов жергиликтүү тилдерди үйрөнүп, адат-салттарды өздөштүргөн. Индиядан кеме м-н Англияга келип (1782), орус элчисинин жардамы аркылуу 1782-жылы 26-августта Санкт- Петербургга жеткен. Кийин ал фарси ж. б. азия тилдери боюнча тышкы иштер коллегиясына жу­мушка кирген. Ефремовдун жазган отчёту 1786-жылы «То­гуз жылга созулган сапар (1774–82)» деген ат м-н китеп болуп чыгып, россиялыктарга мурда белгисиз эл – кыргыздар ж-дө кабар жеткен. Кыргыздар м-н казактардын аталышында фо­нетикалык жактан айырма барын белгилеп, Россияда киргискайсактар деп аталган элди – казактар деп, ал эми кыргыздар өзүнчө эл экенин так көрсөтүп ж-а «кыргыздар Бухариянын өзүндө эмес, ага жанаша жайгашкан Ош шаары м-н Каш­кардын ортосунда жашап», алардын эч кимге көз каранды эместигин, жери Кокон м-н чекте­шип, ал жакка сатуу үчүн кой, мал, төөлөрдү айдап, бат-бат каттап турушарын белгилеген. Ефремов китебинин башында «Мен көргөн кордук, кыйынчылыктарым аркылуу өзүмдү даӊазала­гым келбейт. Көргөн, билгендеримди жазууга европалыктар билбеген жерлер, элдер бар экен­диги түрткү болду. Байыркы, жаӊы тарыхты окуп жатып, Кытай, Индия, Персия, Бухара, Хиванын аралыгында жашаган элдер жөнүндө эч нерсе билбейбиз», – деп жазган. Бул эмгек Ефремов тирүү кезинде эле 3 жолу басылган. | ||
армиясынын унтер-офицери; кыргыздар | |||
элчиликтин грамотасын алып, жол тоскондор­го өзүн соодагер деп көрсөтүп, туулган жерине карай узак сапарга аттанган. Россияга түз ка­чуудан кооптонуп, адегенде Алай тоолорун ашып Кашкарга, ал жерден Мекеге ажылыкка баратам деп, Тибет ж-а Гималайды басып, Ин­дияга жеткен. Ошентип, ал ошол учурдагы ка­зак талааларын, Кара-Кум, Кызыл-Кум чөлдө­рүн, Иранды, Бухараны, | |||
Ад.: Девятилетнее странствие, 5-е изд. / Под. ред. Э. Мурзаева. М., 1952. ''В. Плоских.'' | Ад.: Девятилетнее странствие, 5-е изд. / Под. ред. Э. Мурзаева. М., 1952. | ||
''В. Плоских.'' | |||
[[Категория:3-том, 172-214 бб]] | [[Категория:3-том, 172-214 бб]] | ||
08:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЕФРЕ́МОВ Филипп Сергеевич (1750–1811) – орус армиясынын унтер-офицери; кыргыздар жөнүндө орустарга алгач маалымдаган жер кезгич. Е. Пугачёвдун көтөрүлүшүн басууга жөнөтүлгөн. 1774-жылы анын кошууну пугачёвчулар тарабынан талкаланганда, Ефремов колго түшүп, Бухаранын башкаруучусу Данияр бекке сатылат. Туткунда жүргөндө түрк, фарси тилдерин үйрөнүп, бухара аскеринин курамында Самарканд, Мерв, Чаржоу, Хиванын алдында салгылашкан. Данияр бекке таандык туткундардын ар бир бешинчиси орус болгондуктан, Ефремовдун аскердик билимин ж-а шыгын баалап, гвардиясына жүз башы кылган. Бирок Ефремов өз жерине кайтуу оюнан эч качан жанбаган. Хивалыктар м-н согушта жеӊишти кабарлоо үчүн аны Бухарага жөнөткөндө, катчыга акча берип, Коконго өтүүгө мүмкүндүк берүүчү элчиликтин грамотасын алып, жол тоскондорго өзүн соодагер деп көрсөтүп, туулган жерине карай узак сапарга аттанган. Россияга түз качуудан кооптонуп, адегенде Алай тоолорун ашып Кашкарга, ал жерден Мекеге ажылыкка баратам деп, Тибет ж-а Гималайды басып, Индияга жеткен. Ошентип, ал ошол учурдагы казак талааларын, Кара-Кум, Кызыл-Кум чөлдөрүн, Иранды, Бухараны, Кыргызстанды, Кашкарды, Тибетти басып өткөн бирин-экин европалыктардын бирөө болуп калган. 1774–82-жылдар аралыгындагы жер кезүүсүндө Ефремов жергиликтүү тилдерди үйрөнүп, адат-салттарды өздөштүргөн. Индиядан кеме м-н Англияга келип (1782), орус элчисинин жардамы аркылуу 1782-жылы 26-августта Санкт- Петербургга жеткен. Кийин ал фарси ж. б. азия тилдери боюнча тышкы иштер коллегиясына жумушка кирген. Ефремовдун жазган отчёту 1786-жылы «Тогуз жылга созулган сапар (1774–82)» деген ат м-н китеп болуп чыгып, россиялыктарга мурда белгисиз эл – кыргыздар ж-дө кабар жеткен. Кыргыздар м-н казактардын аталышында фонетикалык жактан айырма барын белгилеп, Россияда киргискайсактар деп аталган элди – казактар деп, ал эми кыргыздар өзүнчө эл экенин так көрсөтүп ж-а «кыргыздар Бухариянын өзүндө эмес, ага жанаша жайгашкан Ош шаары м-н Кашкардын ортосунда жашап», алардын эч кимге көз каранды эместигин, жери Кокон м-н чектешип, ал жакка сатуу үчүн кой, мал, төөлөрдү айдап, бат-бат каттап турушарын белгилеген. Ефремов китебинин башында «Мен көргөн кордук, кыйынчылыктарым аркылуу өзүмдү даӊазалагым келбейт. Көргөн, билгендеримди жазууга европалыктар билбеген жерлер, элдер бар экендиги түрткү болду. Байыркы, жаӊы тарыхты окуп жатып, Кытай, Индия, Персия, Бухара, Хиванын аралыгында жашаган элдер жөнүндө эч нерсе билбейбиз», – деп жазган. Бул эмгек Ефремов тирүү кезинде эле 3 жолу басылган.
Ад.: Девятилетнее странствие, 5-е изд. / Под. ред. Э. Мурзаева. М., 1952.
В. Плоских.