ЖАА АТУУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАА АТУУ – эл аралык спорт оюндарына ки­рет, ок атуу спортунун бир түрү. Ж. а-да диа­метри 80–122 см болгон 4 аралыктагы (30 мден 90 мге чейин) тегерек бутага 38 жебени атуу м-н мелдеш жүргүзүлөт. Ал Европада (биринчи жолу Швейцарияда) 15-к-дан, жалпы жонунан 19-к­дан спорт түрү болуп калыптанган. Ж. а-нун эл аралык федерациясы (ФИТА) 1931-ж. уюшу­луп, 67 мамлекет мүчө болгон (1987). Ж. а. Олимпия оюндарына 1900–08-, 1920-, 1973-жыл­дары кирген. Дүйнөлүк чемпионат 1931-жылдан (2 жылда бир), Европа биринчилиги 1968-жыл­дан өткөрүлөт. Ж. а. мелдештеринде жаанын классикалык, олимпиялык («Олимпик»), блок­тук («Компаунд») ж-а арбалет сыяктуу түрлөрү колдонулат.