ЖААЧЫ 1: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖААЧЫ , б а т а ч ы (Mantodea же Mantopte- ra) – жырткыч курт-кумурскалар түркүмү. Уз. 11 смге жетет. Алдыңкы бир жуп бутунда жем кармоочу тикенекчелери болот. Башы өтө кый­мылдуу, көзү чоң, мурутунун түбүндө 3 жөнөкөй көзү жайгашкан. Канаттары жакшы өрчүгөн, бирок кээ бир түрүнүкү начар же жокко эсе. Көпчүлүгүнүн түсү чөйрөгө жараша өзгөрүп ту­рат. 2000ден ашуун түрү белгилүү. Тропик ж-а субтропик өлкөлөрдө көп. КМШ өлкөлөрүнүн түштүгүндө 20га жакын, Кырг-нда 6–7 түрү жа­шайт. Жырткыч, негизинен курт-кумурскалар м-н азыктанат. Жемин астыңкы бутун сунуп күтүп отурат (батачы аталышы ошондон). Де­несинин түзүлүшүнө карата көпчүлүк жерлерде «келин жүгүн» деп да аташат. Зыяндуу курт­кумурска м-н азыктанып пайда, аары м-н ча­бармандарды жеп зыян келтирет.