ЖААЧЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖААЧЫ (Sagittarius) – зодиак топ жылдызы. Байыркы гректер белгилеген 48 топ жылдыз­дын бири. Ж. Саманчы жолу галактикасынын жылдыздарга бай алкагында, б. а. Галактика­нын борб. багытында жайгашкан. Башка топ жылдыздарга караганда Ж-да 15тен ашык объект жайгашкан. Алардын ичинде Лагуна, Омега (Ак куу), RY Ж., β Ж. ж. б. Галактика­нын борб. багыты А Ж. жылдызы м-н дал ке­лет. Ал эми W ж-а X Ж. цефеиддер деп аталат. М 22 (NGC 6656) – шар түрүндөгү жылдыздар­дын жыйындысы ж-а дүрбү м-н жакшы байка­лат. Күн Ж. аркылуу декабрдын орто ченинен январдын орто ченине чейин өтөт.