ЖАБУУ ИШТЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАБУУ ИШТЕРИ – имараттын чатырын орно­туп, үстүн жаап ж-а жабуу материалдарын даяр­доочу курулуш иштери. Үйлөрдү жабуудан мур­да темир-бетон такталарынын бетин цемент же асфальт-бетон м-н тегиздейт, андан соң буудан, жылуулуктан сактоочу материалдар жабышты­рылып, коргоочу катмар төшөлөт. Буудан сак­тоочу катмар катары пергамин, рубероид (кара кагаз) салынат. Жылуулоо катмары көңдөй такталардан турат. Алардын ортосундагы жик­тер мастика м-н толтурулуп, үстүнө материал жабыштырылат. Жабыштыруу үчүн ысык же муздак мастика колдонулат. Жабуучу мате­риалдар суу өткөрбөөчү, суукка чыдамдуу, отко күйбөөчү сапаттарга ээ болуп, наркы төмөн ж-а эмгек аз чыгымдалууга тийиш. Алар орг. мате­риалдан (тактай, битум, кара май сиңирилген калың кагаз), силикаттан (шифер, черепица, асбест-цемент) ж-а металлдан жасалат. Жабуу­чу материалдар орг. илээшкек заттардан – би­тум, кара май, гудрокам ж-а битум полимерле­ри сиңирилген картон кагаздардан, айнек була­лардан жасалат. Кара кагазды нефть (мунай­зат) битумуна салып, анын бир бетине кайра нефть битумун шыбап, рубероид чыгарылат. Картонду кара майга салып, беттерине ошол эле кара майды шыбаганда толь алынат. Анын эни 750, 100 ж-а 1025 мм болот. Асбест м-н порт­ланд цементинен жасалган астбест-цемент узак­ка чыдамдуу келет. Ошондуктан турак үйлөрдүн, имараттардын ж-а коомдук жайлардын үстүн жабууда колдонулат. Ө. ж. имараттары – неги­зинен кара кагаз, рубероид, пергамин ж-а гид­роизол; турак-үйлөр асбест-цемент такталары (шифер), металл черепицалар ж-а бышырылган жука черепицалар м-н жабылат.