ЖАБЫРЛАНУУЧУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАБЫРЛАНУУЧУ – кылмыш кесепетинен моралдык, мүлктүк зыян тарткан же денесине залал келтирилген адам. Тергөөчү же судья кылмыштуу окуяны иликтөө м-н Ж. тарапты аныктайт. Ж. жазык иш б-ча көрсөтмө берүүгө, далил келтирүүгө, өтүнүч м-н кайрылууга, тергөө аяктагандан кийин иштин материалы м-н таанышууга, соттук териштирүүгө катышууга, тергөөнүн, соттун чечимдерине каршы арызданууга, судьяны, экспертти, котормочуну, сот отурумунун катчысын, прокурорду, тергөөчүнү жазык ишке катышуудан четтетүүнү сурап арыз берүүгө укугу бар. Ж. катары адам гана эсептелет. Кылмыш кесепетинен Ж. каза болсо, анын туугандарынын бири тергөөчүнүн же судьянын чечими м-н Ж. деп табылат. Бир иш б-ча Ж. жарандык доогер да болушу мүмкүн. Ж-нун укугу жарандык доогердикинен кенен. Ж. өз көрсөтмөсүндө жалган айтканы же көрсөтмөдөн баш тартканы үчүн жазага тартылат.