ЖАДЕИТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАДЕИ́Т – минерал, моноклин пироксени. Хим. формуласы NaAl(Si2O6). Өңү ак, көгүш, жашыл сымал, кээде түссүз. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 6,5–7. С. салм. 3,3–3,5. Сырткы көрүнүшү ж-а касиеттери б-ча нефритке өтө окшош. Ж. жаратылышта аз кездешет. Метаморфизмделген тоотектерде пайда болот. Серпентиниттер ж-а граувактардын арасында таза түрүндө же кварц, альбит м-н линза түрүндө кезигет. Ж. байыркы замандан бери зергерлик ж-а көркөмдүк-кооздоо иштеринде колдонулат.