ЖАДИДИЗМ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАДИДИ́ЗМ (ар. жадид – жаңы) – 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында Россия империясынын түрк тилдүү калкындагы коомдук-саясий ж-а маданий-агартуу кыймылы. Алгач 19-к-дын 80-жылдарында Волга боюна, Крым татарларына, кийин О. Азияга (казак, кыргыз, өзбек ж. б.) тараган. Негизинде Ж. мусулман мектептеринде ж-а медреселерде окутуунун жаңы ыкмаларын, б. а. анын мазмунун өзгөртүп, дин м-н катар математика, география, тарых, биология сыяктуу сабактарды окутууну максат кылган. Ж-дин негиздөөчүлөрү катары И. Гаспринский, Ш. Маржани, А. Ибрагимов, М. Абдурашидханов, М. Бехбуди, А. Фитрат ж. б. эсептелет. Анын жактоочулары улуттук иск-вонун ж-а ад-ттын өнүгүүсүн, аялдардын тең укуктуулугун, мектептерде өз эне тилинде окутууну, падышалык Россиянын баскынчылык саясатына каршы рухий жаңыланууну көздөшкөн. Мусулман дин мектеп, медреселеринде сакталып келаткан эски окуу-тарбия иштерин заман талабына шайкеш өзгөртүүгө аракеттенишкен. Айрым дин кызматкерлери Ж. кыймылын динге каршы аракет катары баалап, кысым көрсөтүшкөн, о. эле падыша өкмөтү, анын өкүлдөрү падышачылыктын О. Азия ж-а Казакстандагы баскынчы саясатына зыянкеч адамдар катары тоскоолдук кылышкан. Жадид мектептеринин окутуучуларынын көбү Казань, Уфа, Оренбург, айрымдары Стамбул, Багдад ш-нан билим алышкан. 19-к-дын аяк ченинде Россия мусулмандары хадимчилер ж-а жадидчилер болуп, бири бирине каршы эки топко бөлүнгөн. Хадим багытындагылар «Сират ал-Мустаким» («Туура жол») аттуу партия түзүп, И. Гаспринский Бакчысарай ш-нда чыгарган «Тержиман» гезитинин (1883-жылдан) көз карашына каршы 1907-ж. Оренбург ш-ндагы басмакана ээси Г. Хусаиновдун каражатына «Дин уа магишат» («Дин жана өмүр») деген журнал чыгарышкан. Эки багыттын өз ара карама-каршылыгына, ж. б. кыйынчылыктарга карабастан, Ж. кыймылы өзгөчө күч алып, мындай мектептерде табият-таанууга, айрыкча түрк калктарынын тарыхы м-н ад-тына көбүрөөк көңүл бурулган. Уфадагы «Галия», Оренбургдагы «Хусеиния», Казандагы «Мухаммедия», Кырг-ндагы «Шабдания», Казакстандагы «Мамания» сыяктуу мектеп-медреселер Ж-дин ири очокторуна айланган. 1913-ж. Түркстан аймагында Ж. багытындагы 92 мектеп-медресе болгон.
Ад.: Бартольд В. В. История культурной жизни Туркестана // Соч., Т. 2, Ч. 1. М., 1963; Худайкулов А. М. Просветительская деятельность джадидов Туркестана. Таш., 1995. А. Кубатова.