ЖАЙ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЙ – абанын темп-расы эң жогору болуп турган жыл мезгили; климаттык сезон. Түн. жарым шарда Ж-кы күн токтолуудан (21–22-июндан) же Ж-кы чилдеден күзгү күн-түн теңелүүгө (23-сентябрга) чейинки мезгил. Түн. жарым шарда – июнь, июль, август, Түш. жарым шарда – декабрь, январь, февраль айлары Ж. мезгили болот. Ж. мезгилинин узактыгы климаттык ж-а фенол. сезон катары төмөнкү кеңдиктерден жогорку кеңдиктерди карай кыскарат. Экватордук алкакта жыл бою Ж. өкүм сүрөт. Субтропикте 5 ай, мелүүн алкакта 3 ай, уюлдук кеңдиктерде 1–2 айдан ашпайт. Кырг-н аймагында Ж-ында күн ысып, үшүк жүрбөйт, өсүмдүк вегетациясы токтобойт; кургакчылык да болот. Кырг-нда бул түшүнүккө байланыштуу Жай-Терек (Базар-Коргон р-нундагы жердин аты) топоними бар. Кыргыздар Ж. мезгилин табыстан, Ж-дын толгон кезин ак жай деп да атайт. Ө. Бараталиев.