ЖАЙПУР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЙПУ́Р – Индиянын түн.-батышындагы шаар. Ражастхан штатынын адм. борбору. Аравалли тоосунун этегинде, деңиз деңг. 431 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3,0 млн (2007). Эл аралык аэропорту бар. Ири жол тоому. Жеңил (кебез кездеме), хим., цемент, айнек-карапа, электр-тех. ө. ж. ишканалары иштейт. Ун-т бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (зер буюмдар, пилдин сөөгүн ж-а ташты чегелөө) өнүккөн.

1728-ж. негизделген. Сарай комплекси (бакчасы, бассейни ж-а Чандра-Махал ак сарайы м-н), Жантар-Мантар обсерваториясы, Хава-Махал ак сарайы («Шамалдар сарайы», 18-к-дын 2-жарымы; анын фасадында 953 терезе бар) сакталган.