ЖАКШЫЛЫК ЖАНА ЖАМАНЧЫЛЫК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАКШЫЛЫК ЖАНА ЖАМАНЧЫЛЫК – моралдык аң-сезимдин эң кеңири түшүнүктөрү; этика окуусунун адамдардын бири бирине болгон адептик жоопкерчилиги, ыймандык парзы м-н байланышкан нарк баалуулуктарын тутуу-
дагы оң-терс жактарын мүнөздөөчү өзөктүү категориялары. Ж а к ш ы л ы к ж-дөгү түшүнүктө адамдардын ак дилиндеги бакубат таламдары, бийик умтулуулары, ак ниеттүү каалоолору ж-а келечекке карата ак пейилден күткөн үмүттөрү
чагылат, алар (жакшылыктар) чыныгы ак ниети м-н жардамдашууга, ар убак көмөктөш болууга даяр турган асыл аракеттер. Ж а м а нч ы л ы к категориясы – маңызы б-ча жакшылык түшүнүгүнүн карама-каршысы. Жаманчылык м о р а л д ы к ж-а с о ц и а л д ы к болуп бөлүнөт. Жаманчылык – м о р а л д ы к талаптарга түздөн-түз каршы келген, коомдогу жат көрүнүштөр, жүрүм-турумдар, жорук-жосундардын жыйынтыгы, о. эле адептик терс сапаттардын жалпы абстракттуу мүнөздөмөсү. С оц и а л д ы к түрү – коомдогу терс көрүнүштөрдүн кеңири тобун камтыган, коомдун таламдарына, жашоонун бакыбаттуу жүрүшүнө кедерги болгон, тымызын же кыйыр түрдө каршы туруп, жалпы прогресске тоскоолдук түзгөн субъективдүү көрүнүштөрдүн бүткүл жыйындысы.