ЖАКШЫЛЫКОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАКШЫЛЫКОВ Талгар (23. 10. 1964-ж. т.‚ Казак ССРи, Алматы обл., Балкаш р-ну, Куй­ган кыш.)

– опера ырчысы (бас)‚ КРдин эл арт. (2003). 1984–86-ж. Караколдогу Ы. Туманов атн. муз. окуу жайында окуган. 1987–93-ж. А. Малдыбаев атн. Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрынын хорун­да ырдаган. 1993-ж. Б. Бей­шеналиева атн. КМИИни бүтүргөндөн 2001-ж. чейин Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрынын солисти, 2001-жылдан Казакстандын Астана ш-ндагы опера ж-а балет театрында эмгектенет. 1998–2000-ж. Италиянын Кальи ш-ндагы Мар­во Дель Монако академиясында сабак алган. Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрында ат­карган ролдору: король Рене (П. Чайковский‚ «Иоланта»)‚ Тегирменчи (А. Даргомыжский‚ «Cуу периси»)‚ Кончак (А. Бородин‚ «Князь Игорь»)‚ Мефистофель (Ш. Гуно‚ «Фауст»)‚ Те­йитбек (Н. Давлесов‚ «Курманбек»)‚ Коңурбай (В. Власов‚ А. Малдыбаев‚ В. Фере‚ «Манас») ж. б. Дүйнөлүк ж-а жерг. композиторлордун ыр­ларын‚ романстарын чебер аткарат. Көптөгөн чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.